(Башталышы өткөн сандарда)
Тынч, эч кандай добуш жок, күтүп отурдум. Түндө деле жолдон машина көп каттайт экен, МАИчилер машиналарды токтотуп, коё берип, айтор, ишин кылып жатышты, али кете турган ойлору жок.
Он мүнөттөй өткөн, Бекболот менен Зарыл жолго чыгышты, анда-санда эле сүйлөшпөсө, музыка угуп келе жатышты. Постко жакындап калышты окшойт, Зарылдын үнү чыгып калды:
– МАИ болсо эмне кылабыз? Токтотсо дейм да...
– Токтотсо мен түшөм, акча алышат да көп болсо.
Жаӊы алган телефонго МАИчинин номери түшүп калган да, ошол номерге чалып, үнүмдү өктөм, ишенимдүү чыгарып:
– Алиев, бул подполковник Аманбаев, азыр жаныӊардан кара БМВ седан өтөт, жаз номерин. Кармап, айдоочулук күбөлүгүн алып койгула, эртеӊ отделден алып кетем,- деп
коюп койдум.
МАИчилер үчөө теӊ жолго чыгып алышты, Бекболоттордун сүйлөшкөндөрүн угуп жаттым эле, Зарыл:
–Ай, энеӊди, турушат...- деп калды.
– Турса эмне, буларга деле акча керек. Дайыма чыгышат, биз үчүн эле чыкты дейсиӊби. Ансыз деле отузда келе жатам, корко бербечи.
– Үчөө экен.
Машина келатканы мага да көрүнүп турду, алардан башка жолдо унаа жок эле. Бир колума берки телефонду кармап, Зарылдын номерин даярдап турдум. Машина жакындап калганда бир МАИчи таягы менен токто дегендей белги кылды. Бекболот менен Зарыл экөө теӊ сөгүнүп алышты. Машинаны четке токтотуп, Бекболот түшүп МАИчилерди көздөй басты, берки эки МАИчи машинага жакыныраак, отуз метрдей жерде турушкан. Бекболот машинадан түшүп он метрдей басканда Зарылга телефон чалдым, ал дароо эле алды:
– Да,- корккону билинип турду.
Мен шашкан адам болуп:
– Зарыл, постко жете элексиӊерби?
– Постто турабыз, эмне болду?
– Качкыла ал жерден, шефти кармашыптыр, бизди аӊдып жүрүшкөн экен,- деп телефонду өчүрүп, Бекболоттун машинасын көздөй тыттардын арты менен чуркадым. Мен күткөндөй эле Зарыл машинадан түшүп:
– Бекболот, кач!- деп кыйкырып, өзү пахта талааны көздөй чуркады, ары жакта жалгыз турган МАИчи Зарылдын артынан кууп жөнөдү.
Бекболот МАИчилердин бирөөсү менен учурашып калган. Алиев окшойт, бет талаштыра муштумдан берип калды эле Алиев отуруп калды, Бекболот жолдун аркы бетине качып жөнөдү. Экинчи МАИчи Бекболоттун артынан чуркады. Бетке жеп калган Алиев эле экен, тапанчаны асманга атып «стоять» деп кыйкырган боюнча ал да кетти. Мен чуркап Бекболоттун машинасына бардым да, отургучтун түбүндөгү материалды тартсам оӊой эле тигиши сөгүлүп кетти, баштык колума түштү. Экинчи баштыкты да алып, машинанын алдын жарык кылсам телефон жатыптыр, тааныдым, Бекболоттун телефону. Бир жолу мактанган «бир машинанын баасына алдым» деп, баары бир бирөөсү телефонун таштайт болуш керек дедим эле, телефонду алып машинама чуркадым. Эки жакты тыӊшасам, тигилер дале куушуп жүрүшөт. Кайра машинага келдим да багажнигинен запас баллонду алып чыгып, бычак менен кесип, ичинен баӊгизаты оролгон пакеттин бирөөнү тешип кичине төгүп, калганын баллондун үстүнө коюп койдум.
Машинамды айдап Баш-Булакка жөнөдүм, аралык он беш чакырымдай болчу, тез эле жетип бардым. Бекболоттун телефонунан шеф дегенди таптым, Зарыл менен шефине эле чалган экен акыркы жолу. Ноутбукту интернетке улап, шеф деген номерди терип издөөгө койсом, бир мүнөткө жетпей үйүнүн дарегин көрсөттү. Жакын эле аралыкта, 150 метрдей жерде экен. Машинаны ошол жерге калтырып, 150 метрди эсептеп барсам, эки кабат чоӊ үй турат, короосунун дубалы али бүтө элек экен. Короодо аппак Мерседес-500 турат, ити жок окшойт, жарык чыккан терезеден ичин карасам, видеодогу бөлмө экен. Жумалы байке диванда үргүлөп отурат, Элиза жерде жатат, уктап калганбы, кыймылдабайт, колу-бутун байлап коюшуптур. Акырын барып эшигин тартып көрсөм, ичинен бекитилген окшойт, ачылган жок. Үйдү айланып бардык терезелерин тартып көрдүм, бек. Анан бир ой келди, жерден эки таш алып жарык чыккан бөлмөнүн терезесинин түбүнө даярдап койдум да, Бекболоттун телефонунан Жумалы байкеге «Ал жерден тез кетиӊиз, спецназ баратат» деп СМС жөнөттүм. Телефонду дароо алып окуду, жаш курагына карабай мышыктай чапчаӊ экен, таягын унутуп эшикке атып чыкты. Мен ташты даярдап турам, эгер Элизага бир нерсе кыла турган болсо, терезени сындырып кирем деп. Эч нерсеге караган жок, дарбазаны ачты да, машинасына отуруп катуу айдап кетип калды.
Мен үйдөн Элизаны көтөрүп чыгып машинама чуркадым. Артына жаткызып, колун чечип жатсам, мени карап эле ыйлап жиберди. Ошко жөнөдүк. Элизанын абалы жакшы эле окшойт, туруп оозундагы скотчту, бутундагы жипти чече баштады. Мен ага:
– Элиза, мен сага баарын түшүндүрүп берем, бирок азыр эч нерсе сураба, бардык коркунуч артта калды,- дедим.
Бир нерсе айтайын деп барып кайра унчукпай калды. Постто эч ким көрүнбөйт, Бекболоттун машинасы да. Эми түндөп Бишкекке жетип алышым керек эле, саат 1 болоюн деп калыптыр. Элиза аябай коркуп калган окшойт, мени карап-карап коёт, бирок унчукпайт. Оштон чыкканча МАИ тоскон жок, эми Жалал-Абадда эле тоспосо, ошол бойдон Сосновкада эле тосот мындай жети түндө.
(Уландысы кийинки санда)