2015-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушундагы темир жолдун жанынан киши колдуу болуп каза болгон азиат улутундагы, 40-45 жаштардагы адамдын сөөгү табылган. Анын өздүгү дале аныктала элек. Маркумдун өздүгүн аныктоодо милиция жарандардан жардам суроодо. Эгер ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоӊуз, (0553) 102-359, (0553) 102-278 телефон номерлери аркылуу кайрылыӊыз. Милиция купуялыкты сактоого кепилдик берет.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg