МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ТААНЫШ КЫЗЫНА ОК ЧЫГАРЫП, АНДАН СОӉ ӨЗҮН АТЫП САЛДЫ

Соӊку жылдары өлкөбүздө өз өмүрүнө кол салгандар көбөйүп бараткандай. Өткөн жылдын соӊунда 2 укук коргоо кызматкеринин кызмат учурунда курал менен өз жандарын кыйышканы коомчулукту дүрбөттү.

НӨӨМӨТ УЧУРУНДА КЫЙЫЛГАН ӨМҮР
2015-жылдын 29-декабрь күнү саат 23:45 чамасында Талас облусуна караштуу Манас РИИБинин нөөмөт бөлүмүндө күзөттө турган милициянын ага сержанты, 1985-жылы Манас районунун Кеӊеш айылында туулган Мирхат Магыбаев табелдик куралы менен өзүн-өзү атып каза болгон. Окуя болгон жерге барган Талас ОИИБинин, Манас
РИИБинин ыкчам иликтөө тобу маркумдун моюнунан кирип, сол кулагынын үстүнөн тешип чыккан октун изин көрүшкөн. Ошондой эле анын денесинен 1 даана ок жана жанынан 1 даана атылбаган ок табылган. Мындан тышкары маркумдан 5 метр аралыкта токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү автоунаада октон пайда болгон тешик жана салонунан 1 даана ок табылган. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада окуя болгон учурда анын жанында 1989-жылы Манас районунун Покровка айылында туулган Мээрим Сүйөркулова аттуу таанышы болгондугу аныкталган. Окуяны иликтөө максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«ОКУЯ БОЛГОНДО АЛ КЫЗУУ БОЛЧУ»
Бул окуя боюнча Талас ОИИБинин басма сөз кызматы учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Манас РИИБинин кызматкерлери да негедир жогорудагы окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Андан соӊ окуянын күбөсү Мээрим Сүйөркулова менен байланышып, окуя кандайча болгондугуна кулак төшөдүк:
– Өзүм Манас райондук паспорт столунда иштечүмүн. Биздин кызмат менен Манас РИИБи бир имаратта жайгашкандыктан Мирхат экөөбүз 2010-жылдан бери таанышпыз. Ортодо кыз-жигит да болуп сүйлөшүп, бирок 1 жылдан бери сүйлөшпөй калганбыз. Мирхат Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеӊил унаасын сатам дегенинен 4200 долларга баалап сатып алгам. Акчанын жарымын ата-энемден алып, калганын өзүм насыя алып Мирхатка бергем. Бирок 800 долларын төлөй элек болчумун. Себеби унаанын оӊдой турган жерлери бар болгондуктан ал оӊдотуп бермек. Ошол күнү иштерим чыгып, анын машинасы менен бир жакка барып келгенбиз. Сумкаларымды машинанын ичине унутуп калыптырмын. Кечинде алып кетейин деп телефон чалсам албай койду. Ошол күнү нөөмөттө эле. Трубканы алып кайра коюп койгонунан жумушу жакын эмеспи, барып келейин деп жумушуна бардым. Имараттын ичинде жок экен, телефон чалсам албай койду. Сыртка чыксам машинасынын жанында туруптур. «Эмне албай жатасыӊ?» десем унчуккан жок. Бир аз кызуудай көрүндү. «Ачкычты бер, сумкаларымды алайын» десем, ачкычты жерге ыргытып жиберди. Мен аны алып унааны көздөй басып баратсам, артымдан тапанчанын атылганы угулду. Чочуп кетип жерге жата калдым. Ошол замат дагы бир жолу ок атылды. Андан ары эмне болуп кеткенин билбейм, нес болуп эч нерсени байкабай калдым. Көп узабай эле имараттын ичинен нөөмөттөгү милиция кызматкерлери чуркап чыгышты. Сыягы, Мирхат мени атып алдым деп ойлоп, коркконунан өзүн аткан окшойт. Милиция кызматкерлери айтып жаткандай, экөөбүздүн ортобузда уруш-талаш болгон эмес.

«ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЫЗЫМА ОК ЧЫГАРГАНЫ БЕЛГИСИЗ»
Ал эми Мээрим Сүйөркулованын апасы Сабира Оморова буларга токтолду:
– Мирхат менен Мээримдин жумуш аркылуу байланышы бар болчу. Экөө кыз-жигит экенин укпаптырмын. Бир жолу Мээрим бизге «Мирхат жеӊил унаасын сатат экен. Ошону сатып албайлыбы, жакшы унаа» деп сунуштаган. Ошол боюнча ал тууралуу кеп козголгон эмес. Кызым кээде өзүнүн агаларынын унааларын айдап калчу, бирок Мирхаттын унаасын айдаганын көргөн эмесмин. Анан эле мындай каргашалуу окуя болуп кетти. Кызымдын айтымында, Мирхат анын артынан келе жатып ок чыгарыптыр, кызым ошол жерден эси ооп жыгылган экен. Эмне себептен ок чыгарганы белгисиз. Мээрим «Жаӊы жылдан кийин башка жумуш караштырайын, бул жактын айлыгы аз» деп жүргөн эле. Бул окуядан кийин жумуштан чыгып, азырынча үйдө.

«УУЛУМ БЫЙЫЛ ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ЖҮРГӨН»
Маркум Мирхат Магыбаевдин апасы Шарапат Сабыркулова менен байланышканыбызда, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Уулум Мирхат менен Мээрим 3 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Аны уулум менен чогуу иштешкендер айтышты. «Жаӊы жылда үйлөнөм» деп жүрчү. Жакында эле машинасын сүзүп алып насыяга акча алган. Андан мурда да алган насыясы бар эле. Эгер тиги кыз айткандай машинасын саткан болсо, анда алган насыясынан кутулмак эле да же мага берет эле го. Мээрим «окуя учурунда Мирхат мас болчу» деп көрсөтмө берип жатат. Уулум ошол күнү нөөмөттө болсо кантип ичкилик ичсин? Мирхат менен иштешкендердин айтымында, Мээрим өзүнүн иш бөлмөсүндө Индира деген кыз жана Рамис деген жигит менен арак ичишиптир. Алар имараттын 1-кабатында иштешет. Анан Мирхатты издеп келсе, ал жанындагыларга жок дедиртип коюптур. Бир маалда Мээрим дагы келип уулумду эшикке ээрчитип кетиптир. Анан ушул окуя болуп жатат да. Кыз «урушкан эмеспиз» деп жатат. Андай болбосо уулум өзүнөн-өзү кантип ушундай ишке барсын? Эмнеси болсо да ошол кыз уулумдун өлүмүнө себепкер. Уулум үйлөнмөкчү болгон кыз кайра ал өлгөн соӊ каралап жатканы туура эмес.

«ӨЛГӨН ИНИМЕ КҮНӨӨНҮ ООДАРГЫЛАРЫ КЕЛИП ЖАТАТ»
Маркумдун бир тууган агасы Чыӊгыз Магыбаев буларды кошумчалады:
– Азыр өзүбүз да Мирхат эмне себептен бул ишке барды деп түшүнө албай жатабыз. Экспертизанын да жыйынтыгы чыга элек. Биздин оюбузча, инибиз өзүн-өзү аткан эмес. Киши колдуу болгон же жанында башка бирөөлөр болуп урушуп, колунан тапанча талашкан болушу ыктымал. Болбосо жанына атылбаган ок кайдан келип калды? Эгер кызды аткысы келсе, жапжакын жерден таамай эле тийгизе атмак да. Милиция кызматкерлери да туура эмес маалыматтарды таркатып жатышкандарына караганда күнөөнүн бардыгын өлгөн иниме оодарып, ишти жаап коюуну көздөп жатышат окшойт.

ДАГЫ БИР НӨӨМӨТТӨГҮ ӨЛҮМ
Ошол эле түнү өлкөбүздүн башка аймагында дагы бир ушуга окшогон кызмат учурунда өз өмүрүнө кол салган кандуу окуя катталды. Тактап айтканда, 2015-жылдын 29-декабрынан 30-декабрына караган түнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы РСК банкынын күзөтчүсү шеригин атып өлтүрүп, андан соӊ өзүн-өзү атып каза болду. ИИМдин билдирүүсүнө караганда, банк күзөтчүсүнүн бири түн ичинде келип экинчи шеригин атып өлтүрүп салган. Андан кийин үйүнө барып өзүн-өзү атып каза болгон. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ок чыгарууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Saparbekova.....
2016-01-18 10:26:09
Ооо кудай эмне деген шумдук
+1
cholponka91
2016-01-18 11:56:29
эмне эле болуп баратабыз
+1
operaledi
2016-01-18 12:55:44
Кыз менен кыздын энесинин корсотмолору бири бирине окшошпой калган го.
+3
briliant87
2016-01-18 13:43:01
Байкуш милициялар.
+1
Mediziner
2016-01-18 14:13:40
Жаткан жери жайлуу болсун!Эмне деген эле заман болуп жатат.. Биз ишенген милиция кызматкерлеринин жаны белгисиз себептен кыйылып жатса, анда биз кантебиз, кимге ишенебиз..
+4
aizada15
2016-01-18 15:04:24
Чон эле адамдар озун озу олтурсо.....тушунбойсун да азыркы адамдарга
+1
jama9210
2016-01-20 16:45:00
Мээрим карандай калп айтканго бир туруп машинаны сатып алгам дейт бир туруп ачкычы Мирхатта болуп калат. Тергоочу жакшылап изилдесе куноокор калкып чыга келет.
+2
kalima88
2016-01-20 23:41:52
Супер, Кербендеги окуя боюнча кененирээк кабар бериниздерчи?
+1
admin_superstan
2016-01-21 12:25:00
kalima88,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
suimon302010
2016-01-21 16:37:53
Айганыш жонундо кенири маалымат берриниздерчи,кундо кирип караймын вообще ал кыз жонундо жазбайсыздар гоо
0
karmelita
2016-01-22 12:20:17
Мээримдин бир созу экинчисине коошпой жаткандай. Айтуусу б-ча Мирхаттын машинасында бир жака барышкан бирок кайра эле ал машинаны сатып алгам деп айтып жатат. Мээримдин апасы да машинаны сатып алганын тастыктабаптыр.
0
jamal1993
2016-01-23 23:56:16
Ммм Мирхат бир соонун жигит экен эх чиркин омур
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан