ЫСЫКЧАНДАН УУЛ, СУУКЧАНДАН КЫЗ ТӨРӨЛӨБҮ?

Канча бир туугансыз? Бул суроо улуу муундагыларга берилсе ондон кем эмес экенин айтышат. Он бир туугандын ичинде эркеги да, кызы да болушу толук мүмкүн. Ал эми кийинки үй-бүлөлөр ашып кетсе беш балалуу болушат. Ошондуктан балдарынын уул-кыз болушу чоӊ мааниге ээ десек жаӊылышпайбыз. Эл арасында «ысыкчандан уул, суукчандан кыз төрөлөт» деген кептин канчалык чындыгы бар?

УУЛ ТӨРӨЙМ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН...
Тамырчы, табып Дүйшөнбек Чомо уулу уул же кыздын төрөлүшү боюнча төмөндөгүдөй ыкманы колдонот.
– Алгач тамырын кармап көрүп эмне оорулары бар экенин, тамак сиӊимдүүлүгү, жатын, бөйрөктөрү ылдыйлап кеткен эмеспи, төрөйбү же төрөбөйбү билүү керек. Суукчандардын ооруларын дарылап болгон соӊ уул төрөөгө даярдап, дене табын ысыктайбыз. Дене табы суук болгону менен, алардын жатыны ысык, ошондуктан активдүү, ысыкка чыдамдуу (X-хромосомалар) уруктуктарды кабыл алат. Жатынды сууктатуу үчүн өзүнчө ачытма даярдалат.

Суукчандар
(аялга да, эркекке да тиешелүү) – арча, чекендени кайнатып, ошонун буусунун жардамы менен денедеги суук, жел, сөөк, муун, бөйрөк табарсык оорулары, туздар тер аркылуу чыгат. Бул өсүмдүктөрдүн да ургаачы, эркеги болот. Аял – эркек арча менен чекенденин буусуна оронсо, эркек – ургаачы арча менен чекенденин буусуна оронот. Эркек арча, чекенде – бийик, бириндеп өсүп, бозомук түстө болот. Ал эми ургаачы арча, чекенде жапыз, коюу, түсү жашыл, мөмөлүү болот.

Чекенде, арча кайнатмасынын даярдалышы

25-30 литр сууну казанга же мискейге куюп, 2,5 килограмм арча же чекендени салып, жай отто 30 мүнөт кайнатуу керек. Буусу чыгып кетпеш үчүн капкагын жаап коюу кажет. Буга шалфей, ит сийгек, адырашман, ромашка чөптөрүнүн 1,5 килограммдык топтому кошулуп, бир аз кайнатылат.

Бууга отуруунун ыкмасы
Кайнатма даяр болгон соӊ эки отургучту катар коюп, бирине энеден туума жылаӊач болуп отуруп, экинчисине бутун коёт. Эки отургучтун ортосунда казандагы кайнатма турат. Кайнатманын буусу сыртка чыкпашы үчүн калыӊ туюк целлофан жамынып, башын чыгарып коюу зарыл. Целлофандан жылуулук, буу чыгып кетпеши үчүн үстүнөн төшөк менен жабылат. Ал адам алына жараша 15-30 мүнөткө чейин отурат, аябай тер куюлат. Эгер баш айланып, жүрөк лакылдай баштаса туруп алдын ала салынган төшөккө шейшеп оронуп жатышы зарыл. Жаткандан кийин да жарым сааттай тердеши мүмкүн. Тер кургаганча жатуу керек. Тердөө учурунда суусаса муздак суусундук берилбейт. Сулунун кайнатмасы ысык бойдон ичилет. Бул ыкма 3 күндөн 9 күнгө чейин созулат.
! Кан басымы, гемоглобини төмөн болсо, жүрөк, кант диабети оорулары менен ооруса, кош бойлууларга, жатында миома, киста болсо бууга отурууга болбойт. Ыкма ваннада же мончодо жасалуу туура эмес. Ошол күнү муздак суу ичип, муздак сууга жуунууга болбойт.

Жатынды сууктатуу үчүн...
Аюнун, чочконун майы, андан сырткары кундуз, карындыз, ромашка, шалфей сыяктуу 24 чөптөн ачытма жасалып, адистин көрсөтмөсү менен сүйкөлөт.

КЫЗ ТӨРӨЙМ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН...
– Эркек төрөгөндөрдүн дене табы ысык, жатыны суук болот, ошондуктан активдүүлүгү начар эркек уруктуктарды (Y-хромосомалар) оӊой, дароо кабыл алат.
Ысыкчандар (аялга да, эркекке да тиешелүү) үчүн кайнатылган суунун касиети чоӊ. Кайнатылган суу 7 күн ичилет. Алгачкы 3 күн 100 грамм сууну бөлүп ичсе, калган 4 күн 150 граммды бөлүп ичишет. Суу ичкен адам 3 күндөн кийин арыктап, башы ооруп, түйшөлө баштаганын сезет. Бул түйшөлүү айыгып бара жаткандын белгиси.
! Суу иче баштагандан тарта тамак жегенге тыюу салынат. Суугу ашынгандар, кант диабетинен, боордун циррозунан жапа чеккендер, гемоглобини, кан басымы төмөндөргө суу менен дарылануу болбойт.

Тамакка киришүү:
100 грамм уй этин эки жолу кайнатып шорпосун төгүп таштап, үчүнчү кайнатмасын эти менен бир күндө 3-4 маал ичет. Бул үч күнгө созулат. Андан кийин бир чай чыны кайнак сууга бир чай кашык бышкан сүт кошуп, эки күн ичүү кажет. Алтынчы күнү 2 литр сууга бир чоӊ кашык күрүч кошуп, жарылгыча жай кайнатып бышырып, ага айран катыктап 7 күн ичүү пайдалуу. Ушундан кийин 3 айга чейин тузу кем тамак жеш керек. Бул мүнөздөлгөн тамактар толук кармалса максатыӊызга жеткен болосуз.

Жатынды ысыктатуу үчүн... Жалбыз, бака жалбырак, чалкан, тоо бака жалбырагы, уйгактан ачытма жасалып, жатынга табыптын көрсөтмөсү менен тартылат.

«НАРИСТЕНИН УУЛ ЖЕ КЫЗ БОЛУШУ БӨЙРӨКТӨН КӨЗ КАРАНДЫ»
Биз козгогон маселе боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана жогорулатуу институтунун чыгыш медицина кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Рыскулбек Канаев мындай дейт:
– Үй-бүлөдө аял киши ысыкчан келип, гени жана бөйрөгүнүн иштөөсү күчтүү болсо кыз төрөлөт. Эгер эркек ысыкчан келип, гени күчтүү жана бөйрөгү жакшы иштесе уул төрөлөт. Ысыкчан адам ооруга чалдыкса, тамак-ашы начар болсо, катуу суукка, стресске кабылса суукчан болуп кетет. Суукчан адам тамак-ашын күчтөп, спорт менен машыгып, көнүгүүлөрдү такай жасаса ысыкчанга айланат. Кыз-эркек болуп аралаш төрөлгөнү ушундан улам.
Жалаӊ кыз төрөлсө... Генди го өзгөртө албайбыз. Андыктан эркекти ысыкчан кылуу менен бөйрөгүн күчтөш керек. Бөйрөк урук клеткаларынын активдүүлүгүнө, жыныс органдарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө жооп берет. Бөйрөктүн иштөөсү бузулса физикалык күчүн жоготот.
Эмне кылуу керек? Алгач эркектин бөйрөгү эмнеден улам начар, себебин иликтеп, ошого жараша дарылоо кажет. Дарылоого ийне саюу, укалоо, таза абада эс алуу, ысык баткак, ысык суу менен дарылоо, спорт менен машыгуу кирет. Анан мүнөздөп тамактанууну колго алыш керек. Ысык тамак катары эсептелген тоок, жылкы, эчки этин, жумуртка көп жеш керек. Депрессия, бир нерседен коркуу да бөйрөктүн иштешин начарлатат.
Жалаӊ уул төрөлсө... Аялдын бөйрөгүнүн иштеши начар. Аялдын бөйрөгү жатындын урук клеткаларын кабыл алуусуна, түйүлдүктүн өөрчүшүнө, кыскасы, төрөө жөндөмдүүлүгүнө жооп берет.
Эмне кылуу керек? Эркекти кандай күчтөсөк ошондой эле мүнөздөлгөн тамак , ысык суу, баткак, көнүгүүлөр аялга да сунушталат. Анан, албетте, стрессиз жашоого өзүн үндөшү зарыл. Ошондо гана үй-бүлөдө кыз төрөлөт.
Эскертүү! Өз алдынча дарыланууга болбойт. Сөзсүз адистерге кайрылыӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ысыкчандан уул, суукчандан кыз төрөлөбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
bantik
2016-01-19 10:27:06
Ушукчоолдун баары суукчан эмес да туура айтасын Чика. Биздин жумушта бир кыз ушуп эле отурат, эки уулу бар катарынан...
-1
elmurat.kg
2016-01-19 10:37:15
Тырнакка зарлар канча.булар тандашатко а уул,кыз деп
+2
janka7
2016-01-19 12:40:01
мага жакты бул макала.Баардыгы Аллахтын буйругунан.Андыктан адистердин кенешин да эске алуубуз керек.Мен жолдошумду ысыкчан болушуна аракет кылайын эми.
+2
zoichka
2016-01-19 14:17:21
Табыптын айтканына таптакыр тушунбодум.Баардык нерсе жалгыз Аллахдан
+2
bantik
2016-01-20 10:05:42
Мага Рыскулбек Канаевдын айткандары жакты. Туура эле болуш керек. Жолдошундун бойрогун текшерт, аны кучтосонор эркек балалуу болонар деп айткан эле. Мен канткенде эркек балалуу болобуз деп кайрылганда...
-2
jama9210
2016-01-20 16:15:57
Иииййй ай мен чыдап окуй албай койдум. Жатын патын деген жонундо соз уксам кулагымды жапырып качам ай))
0
Gulnaz.GS
2016-01-20 17:39:51
Улуу создо уят жок жама92сенда ошол жатындан тушконсун
+1
pomposh
2016-01-21 09:19:14
мен суукчанмын. дайыма ушуй берем. 4 уулум бар бешинчиси кыз болот десем узиде мунун дагы уул деп жатат.
-1
zoichka
2016-01-21 19:00:48
pomposh,уул бала да жакшы.
0
bantik
2016-01-21 11:10:55
pomposh Ушукчолдун баары суукчан эмес, анын озунун белгилери бар ысыкчан менен суукчандын...


-1
nazgul90
2016-01-21 22:52:41
Баардык нерсе бир гана аллахым дан.
0
magic1721
2016-01-22 00:10:06
Ушукчулдор бир жылдан кийин ысыкчыл болуп калат бекен? Же тескерисинче? Дегеним, уулдуу болуп, жыл айланбай кыздуу болгондор бар го ))))
0
nazgul90
2016-01-22 15:24:13
Баардык нерсе аллахым колунда
кыз тилесен кыз берет уул тилесен уул берет.Аллахым дан кол жайып сурасан аллахым еч качан кур кол калтырбайт.
+1
suku
2016-01-23 14:05:17
баары кудайдын жазганынан болот уулбу кызбы
0
kama_future_millioner
2016-01-23 16:37:20
Зима не будет дегендей эле болуп калыптыргоо, эми бул кызбы, уулбу баары Аллахтан кудурети менен гана деп ишенем
+1
Asan1992
2016-01-24 10:19:02
Салам Алланын Берген ырыскыдан ашыкча ала албайбыз,Мага айырмасы жок кызбы жэ уулбу
+1
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан