Аваз Акимов: «БИШКЕКТЕГИ КЛАССТАШТАРЫМ ЫРЧЫ ЭКЕНИМДИ МЕКТЕПТИ АЯКТАГАНДАН КИЙИН БИЛИШТИ»

Бала кезден өнөр жолун тандап, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, батирде жашап жүргөн күндөрүндө ачка-ток калып такшалган Аваз Акимовдун музыка дүйнөсүндө жүргөнүнө 13 жыл болуптур. «Кыбыраган кыр ашат» демекчи, акырындан жеткен ийгилик көпкө кармалат» дейт Аваз. Анда ырчы басып өткөн жолу, ушул күнгө чейинки ийгиликтери тууралуу сөз кылат.

– Куш келипсиӊ, Аваз. 2016-жыл эми гана босогону аттады, бул жыл сен үчүн кандай башталды?
– Саламатсыздарбы, жыл башталарга жакын өзүнчө бир укмуштуу окуяларга кабылдым. Жаӊы жыл күнү борбордогу аянтка концертке ырдаганы келгем. Машинамды туура эмес жерге коюп алып, МАИ кызматкери менен бир сыйра урушуп кеттим. «Мен сага окшоп майрамдап жүргөн жокмун, иштеп жүрөм» дейт, «мен да элге кызмат кылып жүрөм» дедим. Айтор, экөөбүз бир топко чейин тартыштык, ырдап бүткөндөн кийин «жакшы ырдайт турбайсыӊбы» деп телефон номеримди алып калган. Бирок чала элек. Жаӊы жыл күндүн эртеси машинамдын дөӊгөлөгү жарылып калыптыр. Ичимден бул жылы зерикпейт окшойм деп жатам, жыл баштала элек жатып толтура окуяларга кабылганыма караганда.
Ал эми чыгармачылыкта өткөн жылы Москвага көп каттадым. Эсептесем, Ильяз Абдыразаков менен 7 жолу барып келиптирмин. Мага Орусияга гастролго чыккан аябай жакты, гонорары да жакшы, аны менен бирге эс аласыӊ, бул жакта тойдо иштеп тапкан акчадан ал жакта 5-6 эсе көп түшөт.
– Гастролдон тапкан акчаӊды кайра эле чыгармачылыкка жумшадыӊбы?
– Жок, чогултуп жатам, бул жылы үйлөнсөмбү же үй алсамбы деп ойлонуудамын, бирок бир чечимге келе элекмин. Быйыл сөзсүз үйлөнөм же үй сатып алам.
– Үйлөнөм дегениӊе караганда кыялыӊдагы селкини тапкан окшойсуӊ да?
– Таба элекмин, «жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи. Балким, тилек кылсам, ушул жылы кыялымдагы селкиме жолугуп калаттырмын деген ой. Болочоктогу жубайым менен жок эле дегенде 5 ай сүйлөшүп көрүшүм керек.
– Ар бир адамдын жашоосунда бурулуш жасаган окуя болот, сенде деле болсо керек?
– Ооба, жашоомдогу чоӊ бурулуш бул Сыймык атамдын (ред. Бейшекеев) колуна келгеним. Ал эми экинчи жолку чоӊ бурулуш андан кеткеним болду. Бөлүнүп, өзүмчө батирге чыгып досторум менен жашаганда ачка-ток калдым, акча жетишпей кыйналганда ыйлаган күндөрүм болду. Көрсө, жашоодо кыйынчылыкка кабылган сайын күчтүү болот экенсиӊ. Көп кыйынчылык көрбөгөн жаным бир топ чайналдым.
– Учурда социалдык тармактар ырчылардын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт, сен интернет менен жакшы эле доссуӊбу?
– Ооба, социалдык тармак күйөрмандар менен байланыш түзүп берчү жакшы курал. Мен инстаграмда көп отурам. Ал эми калган сайттагы баракчаларыма каттарды окуп, сүрөттөрдү жүктөш үчүн эле кирем. Бая күнү Аваз Акимов деген фейк-баракчаны ачып алган адамга жазсам, «сен фейксиӊ, мен Аваз Акимов болом» деп өчүрбөдүбү. «Кандайча?» десем, ар кайсыны айтып күлкүмдү келтирди.

«ТАТТУУ БАЛАЛЫК...»
– Балалыгым Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында өттү. Ата-энемдин айтымында, кичинемден эле тентип ар кайсы жакта жүрө берчү экенмин. «Гастролуӊ ошондо эле башталган» деп тамашалап калышат үйдөгүлөр. Жаӊы төрөлгөндө көп ооруп, алсыз болуптурмун. Апам түнү оӊ капталым менен жаткырса, эртеӊ менен ошол эле капталым менен жаткан болот экенмин.
9 айлыгымда дубалды кармап басып, тилим да эрте чыгыптыр. Байкем, эжемдердин баары толук, үйдө эӊ эле арыгы менмин. Үйдөгү оокат-аш менен ишим жок болчу. Мага караганда иним малды бадага кошуп, короо, сарайларды тазалап иш кылып калчу. Мен көп ооруганымдан улам ата-энем аяп, ашыкча эркелетип коюшкан окшойт.

«ЭЖЕЙИМЕ ЖИНИМ КЕЛИП...»
– 1-класска барганда «а» класска кирген элем, анткени менин көчөмдөгүлөрдүн баары ошол класста окучу. Бирок эжейим мени «б» класстагы 2 кызга алмаштырып жиберди. Ошондо эжейиме жиним келип, жаман көрүп калган болчумун. Жаӊы жыл майрамында мен аккордеон чертип ырдап, оюндарды уюштуруп класстар арасындагы сынакты жеӊип алдык. Ошондо «а» класстагы эжейимдин жанынан өткөндө «көрдүӊүзбү, мени алмаштырып жибербегениӊизде сиздин класс жеӊмек» деп маашыркана басып калган элем. Ал эжейим да мендей окуучусун кетирип жибергенине өкүндү болуш керек.

«БИШКЕККЕ КЕЛГЕНДЕ ОРУСЧА «НЕТ» ДЕГЕН СӨЗДҮ ЭЛЕ БИЛЧҮМҮН»
– Оштон Бишкекке келгенде Сыймык атам мени борбордогу мыкты мектептердин бири – №67-мектепке киргизген. Орусчадан нөл элем. Айылда жалаӊ бешке окуган бала үчкө окуп кыйналгам. Орус тилден берген эжейим суроо берсе катып калчумун. Кечке суроолорду берип сүйлөй берет, мен жадакалса «түшүнбөй жатам» деп орусча айта алчу эмесмин. Эжейимди кечке угуп туруп, «нет» деп кайра отуруп алчумун. Мугалим күлүп «сага «нет» деген сөзүӊ үчүн эле чейрек чыгардым» дей берчү.
Бишкектеги классташтарымдын көбү менин ырчы экенимди билишчү эмес. Кийин мектепти бүткөндө билишти. Биздин мектептин жылдызы мен окуп жүргөндө Малика Дина болчу. Ал мектепте Мирбек Атабеков, Гүлмира Рысбаева, Дмитрий Жумалиев да окуган.

«Ильяз экөөбүз 2015-жылы көп гастролдодук».

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимов: "Мени пайдаланып кетем деген досторго жол бербейм!"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
iasmin
2016-01-18 12:23:15
Ийгилик
+1
Mediziner
2016-01-18 13:44:37
Жөнөкөй, ачык-айрым жигит өңдөнөт.Сахнага чыгып бүгүнкү даражага жетүүсүнө Сыймык атасынын салымы чоң. Бирок карьера деп жүрүп өз үй-бүлөсү менен жакшы катышпай калды окшойт. Негедир сахнада ушунча жыл жүрсө да, атагынын таш жарып чыкканын көрбөдүм,бош жигит окшойт, бош болгону үчүн да алдыга оозунуп чыга албай жаткандыр, же күчтүү атаандаштарынын көптүгүнөнбү айтоор түшүнүксүз. Бирок таланты бар жигит,балким алдыңкы жылдары мындан жакшы ийгиликтерди багынтып калаар. Ийгилик!
+8
aijamal001
2016-01-18 14:25:04
Аваз Акимов, "мен фейк эмесмин жон гана жумуштарым коп болуп жатат ошого баарыныздара жооп бере албай жатам, эгер мени фейк деп ойлосонор жазбай эле койгулачы сураныч "-деп Одноклассник сайтында журот эле, аябай кулкум келген, озу эмес го дейм.;-)
+1
zoichka
2016-01-18 15:46:45
Сыймык атасы аваз уйлонгондо уй подарка кылса керек менимче)))
-1
bela77
2016-01-18 16:17:00
Эсимде Сыймыктын озунун баласы да ырдап чыкпады беле бир жылдары... ырдаганы такыр жаккан эмес ыр эмес эле декломация айтып салчу..корсо ал баласы байкуш Авазга атаандашчу тура "мен да ырдайм" деп Сыймыктын маегинен улам баамдадым...Ал эми Аваз маегинде повод бербейт "жок антчу эмес" деп тимеле Сыймык атасы уй алпербей коет деп коркуп жатса керек да ээ хи-хи))
+2
shirinjojo
2016-01-18 19:14:06
bela77, озундой коруп атасын окшойт ээ, сен бироодон бирдеме алыш учун жакшы корунуп,маскарапоз болот окшойсун ээ?? Аваз оз озуно уй алганга 2колу 2 буту,мээси бар!!! баарына озу жете алат.
0
Erniet
2016-01-18 18:41:55
Чыгармачылык ийгилик жана жанылануу каалайм.
0
miami.kg
2016-01-18 22:53:10
Суйомгоо ,иииий суйкумдуу жигит)
-2
aizbek
2016-01-19 11:55:34
Сыймык кандайча атасы болот экен?
0
Asyl.jazi
2016-01-19 15:10:37
Сыймык Бейшекеев кандайча атасы болот, тушунбой калдым
0
tursunbaev2004
2016-01-24 14:31:34
Asyl.jazi,озунун ата-энесинен алып,Бишкекке алып келип,баккан,тарбиялаган,бакма атасы,Динара деле талантуу бир кызды Гулмира деген тарбиялаганго ошондой
0
Seyitira8186
2016-01-19 18:13:25
Эсен эле болсун бул ырчылар.
+1
ayzyrek89
2016-01-21 02:21:54
Сыймык Бейшекеевдин баласыбы бул? Ырчы ? Билгендер жооп жазып койгулачы ?
0
Inna_91
2016-01-22 00:11:39
Бул ырчыны салам бишке 2 тасмасында коргомун жакшынакай жигит экен мага жакты
0
hochuradosti
2016-01-22 13:13:07
Молодец Авазчик!!! Уважаю))))))))
0
baku0306
2016-01-24 03:33:36
Бизге эч ким жакпайт. Жумурткадан кыр издебей эле таап коебуз. Аваздын чыгырмачылыкта оз орду бар. Уну да, таланты да бар. Ийгилик сага , Аваз!
0
baku0306
2016-01-24 03:34:25
Аваз, азаматсын! Ийгилик сага!
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан