Келбеттеги кемчиликтерди жашыруу үчүн гезит-журналдарга чыкчу атактуулардын сүрөттөрү көбүнчө фотошоп менен жасалат. Дүйнөлүк жылдыздар арасында оӊдолуп-түзөлгөн дене мүчөлөрүн жактырбай, «мен мындай эмес элем» деп чыккандары да бар. Учурда фотошопсуз, табигый келбети менен түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакка жүктөгөн атактуулар көбөйдү. Анда фотошопко бойкот жарыялаган жылдыздарга кененирээк токтоло кетсек.
Фотошоп деген эмне?
Фотошоп (PhotoShop) – бул «Adobe» компаниясы тарабынан чыгарылган графикалык редактор. Аталган программаны сүрөттөрдү оӊдоп-түзөөдө көп колдонушат.
Кейт «сүрөтүм фотошопсуз чыксын» деген талап коёт
Айтылуу «Титаниктин» жылдызы Кейт Уинслет «L'Oreal» косметикалык компаниясы менен келишим түзүп, аларга «сүрөтүмө эч кандай фотошоп колдонбойсуӊар!» деген талабын койгон. Актриса: «Биз, атактуулар, өсүп келе жаткан муунга үлгүбүз. Алар биздин идеалдуу сүрөттөрүбүздү көрүп бизге окшошкусу келет, чынында биз сүрөттөгүдөй эмеспиз. Андыктан кийинки муун үчүн жоопкерчиликти сезип, табигый жүзүбүздү көрсөтүүдөн коркпошубуз керек»,- дейт.
Кейт фотошоп эле эмес, пластикалык операция, диета, 90-60-90 деген параметрге да каршы оюн билдирген. Актрисанын карьерасында фотошоп чырына байланыштуу окуя болгон. 2003-жылы «GQ» журналынын биринчи бетине түшкөн сүрөтүндө анын бутун узартып, белин ичкертип, айтор, Кейт сүрөттөн өзүн тааныбай калган. Актриса келбетин таанылгыс кылып өзгөртүп салган кызматкерлерге катуу таарынычын айткан.
Бейонсе сүрөтүн фотошоптоого каршы чыккан
Идеалдуу келбеттин ээси ырчы Бейонсе швециялык «H&M» саркеч кийимдерди чыгаруучу компаниянын жарнамасына: «Фотошоп колдонулбаган сүрөтүмдү бергиле, болбосо сүрөттөрүмдү басып чыгарууга уруксат бербейм»,- деген талабын койгон. Компания ырчынын шартын аткарууга мажбур болот. Макул болбосо, ал келишимден баш тартууга даяр эле. Бул окуядан кийин Бейонсенин фан-сайты ырчынын 200дөй фотошоптолбогон сүрөтүн интернетке жүктөгөн.
Леди Гага табигый сулуулук үчүн
Эпатаждуу ырчы Леди Гага 2013-жылы «Glamour» журналынан сыйлык алып жатып: «Силердин башкы бетиӊердеги сүрөтүмдө бетим туптунук, ал эми чачым жибектей болуп калыптыр. Мен эртеӊ менен турганда да андай эмесмин»,- деген тамаша аралаш сынын сахнадан туруп айткан. Ырчы макияжы жок, фотошопсуз сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына көп жүктөйт. Андыктан Леди Гага үчүн фотошоптон баш тартуу кыйынчылык туудурбайт.
Женнифер: «Май баскан курсагымдагы целлюлитти көрсөтүп сүрөткө түшүүдөн коркпойм»
Таланттуу актриса Женнифер Лоуренс да фотошопту колдонуудан баш тартууга чакырган атактуулардын бири. Ал «Christian Dior» компаниясынын жарнамасына түшкөн сүрөтүн көрүп: «Оо, Кудай, бул сүрөттү көрбөй эле койсом болмок. Фотошопту ашыкча колдонушуптур. Жашоодо мындай эмесмин»,- деп таӊ калган. Актриса «май баскан курсагымдагы целлюлитти көрсөтүп сүрөткө түшүүдөн коркпойм» дейт.
Кира төшүн чоӊойтушканына нааразы
Актриса Кира Найтли фотограф Патрик Демаршельеге атайын төшүн ачып сүрөткө түшүп, фотосессиядан кийин берген интервьюсунда агынан жарылган. Анын: «Дене мүчөмдү оӊдоп-түзөгөндү жактырбайм. Менин төшүмдү көпчүлүк папараццичилер, фотографтар каалагандай формада чыгарып жүрүштү. Мисалы, «Падыша Артур» фильминин постериндеги сүрөттө төшүмдү чоӊойтуп коюшкан. Жыйынтыгында төшүм сулуу көрүнбөй эле салаӊдап калган. Меники андай эмес»,- деп кыжырданган жайы бар. Актрисанын төшүн «Coco Mademoiselle Chanel» компаниясы да жарнамасында чоӊойтуп, кийинчерээк ал видео кайрадан тартылган.
Гүлзада Рыскулова: «Сүрөттө эмес, жашоодо да идеалдуу болушса...»
Ал эми кыргыз эстрадасында айрым жылдыздарыбыз фотошопту өзгөчө жакшы көрүп пайдаланып келишет. Бирок табигый сулуулукту баалаган атактуулар да аз эмес. Алардын бири Гүлзада Рыскулова: «Сүрөттөн идеалдуу көрүнгөнү менен, жашоодо андай эмес экени баары бир билинип калат. Андыктан белгилүүлөр сүрөттө гана эмес, жашоодо да идеалдуу болгонго аракет кылышса эмнеге болбосун? Мен келбетимди оӊдоп-түзөп, өзүмдү арыктатып, мурдумду түзөтүп деген сыяктуу фотошоп жасатып көрбөптүрмүн. Кээде гана фотосессияларда фотограф бетимдин өӊүнө башкача түс берип коёт. Фотошоп кээде идеяны ишке ашырыш үчүн керек. Анткени ал кооздук бере турган каражат, муну жасаш өзүнчө бир искусство. Бирок фотошопту ашыкча колдонууга каршымын»,- деген оюн билдирди.
Лунара Бекиева
star@super.kg