Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «ООМАТТЫ КӨТӨРӨ АЛБАЙ КӨӨП КЕТКЕН ЖОКМУН»

Токтоо мүнөз, орундуу сүйлөгөн обончу жана ырчы Сыймык Бейшекеев бир кезде жаштардын кумири эле. Ырчы учурда 40 жаштын кырын ашып уулу 20га чыгып, келин ала турган куракка жетип калды. Бүгүн биз ырчынын атактуулукка кантип жеткенине кызыгып көрдүк.

«КОМУЗ ҮЙРӨНӨМ ДЕП КӨП ТАЯК ЖЕДИМ»
-Эӊ алгач 4-класста Улуу Жеӊиштин 40 жылдыгына карата Токтогулда өткөрүлгөн майрамда «Тынчтык керек» деген ырды аткарып чыккам. Ошондо активдүү катышкандыгы үчүн деп мактоо баракчасын алганда республикалык деӊгээлде сыйлык алгандай кубангам. 6-классымда Мухтар деген агайдан комуз үйрөнө баштадым. Катаалыраак агай эле, комузду туура эмес кармап алсак, колго чыбык менен тыз эткизе бир чапчу. Комуз үйрөнөм деп далай жолу ыйлап ыза болдум, акыры өздөштүрүп кеттим. Классташтар 8-класста чоӊ артисттердей билет сатып концерт койгонбуз. Дептердин ортосунан барактарды чыгарып алып клей менен жабыштырып афиша жасадык. Аны кооздоп «Эмгек орто мектебинин Дилде Токтобеков атындагы «8-б» классынын филармониясынын артисттери концерт берет» деп жазганбыз. Дилде Токтобеков деген класс жетекчибиз болчу. Ошентип билеттерибизди 50 тыйындан саттык. Ошол кезде элдер ушунчалык баёо болгон экен. Болбосо билетке окшоштуруп калем сап менен өздөрү деле жасап алса болот да. Келип бизден билет сатып алып жатышты. Концертибиз жакшы өтүп, 30 сомдой акча чогулттук. Концерттин уюштуруучусу да, алып баруучусу да, комуз чертип ырдаганы да, интермедия ойногону да өзүм болгом.

«АТАМДЫН ООРУГАНЫ БИЗГЕ ЧОӉ СОККУ БОЛДУ»
-Мектепти аяктап, түз эле Улуттук филармонияга келип 2 жылдык студиясына тапшырып өтпөй калдым. Анан айылга барып атамдарга жардам болсун деп 1 жыл сакманчы болуп иштедим. Анткени атам 27 жашынан баштап эле астма менен ооруп, кийин майып катары пенсияга чыкты. Бул биздин үй-бүлө үчүн оор сокку болду. Анткени баарыбыз жашпыз. Мен үйдө экинчисимин. Сакманчы болуп иштеп тапкан алгачкы айлыгыма гитара сатып алдым. Андан кийин бизнеске аралашып спиртти алып келип, суу кошуп арак жасап сатчумун. Арак ичпейм, ар кимге «даамы кандай болгонун көрүп бергиле» деп жалдырайм. Өзүм жалгыз 20 сотых жерге тамеки эгип иштеген күндөрүм да болду. Акыры Бишкекке келип, филармониядагы студияда, Улукмырза Полотовдун колунда тарбияландым. Окууга өткөндөн кийин бир жылга жетпей 1994-жылы филармониянын алдындагы Эстебес Турсуналиевдин тобуна жумушка кабыл алындым. Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев менен бир сахнада ырдоо бала кездеги кыялым эле. Алар менен айыл аралап концерт койгондо элдер кетиргиси келбей, сый-урмат менен коноктошчу. Бизде да ушундай сый-урмат болор бекен деп суктанып калар элем.

«20 ЖАШЫМДА «МАӉКУРТ БАЯНЫН» ЖАЗДЫМ»
-Шаарга келгенде атамдын карындашынын 2 бөлмөлүү времянкасында жашап жүрдүм. Бир күнү троллейбуста баратсам бир кайрык келди. Кыӊылдап үйгө жеткичекти обон даяр болуп калды. Келсем эжемдер айылга жөнөп жатышыптыр. Аларды узатып колумду да жуубай туруп колума комузду кармадым. Кол жуусам эле жаратып жаткан обонум кошо жуулуп кетчүдөй сезилди. Ошентип «Маӊкурт баянын» жазып койдум. Азыр ойлосом коркуп кетем, 20 жашта Чыӊгыз Айтматовдун чыгармасына кантип тиш салдым экен деп. Жаӊы ыр жаратканда сүйүнчүлөп бирөөгө угузбасам жаным чыгып кете жаздайт. Кошуна бала бар эле, шаарда өскөн «киргиз». Жалаӊ чет элдин музыкасын уккан жигит болчу. Ага угузсам «нормально, брат» деп койду. Бул 27 мүнөттүк чыгарманы Эстекеге ырдап берсем, бир дем менен угуп аябай мактады. Кийин жездемдер башка үйгө көчүп времянканы бузганда чыгармачылыгым кошо талкалангандай жаман болдум. Кыштары ураганда ноталар чачырап жаткандай туюлду.
Ал жакта жаралган ырларымды радиого алып барганым да кызык. «Күзгү нөшөр», «Бөлөмө», «Сүйүү жылдызы» деген үч ырды лентага жаздырып, Кыргыз радиосуна алып барсам, Абдраимов деген композитор агабыз бар эле, «эмне жүрөсүӊ, обончусуӊбу? Кишинин жүрөгүн айландырган ырларды алып келдиӊ да» деп тилдеп салды. Өзү да өктөм сүйлөгөн киши экен, дагы бирдеме десе кетип калайын деп тургам. Лентаны коюп эле «Күзгү нөшөр» деген ырымды угуп ыйлай баштады. Ыр бүткөндө кучактап өөп, «айланайын, бизде ушундай сонун обон жазган балдар барбы?» деп сүйүндү. Кызматкерине «бул ырды эртеӊ менен Саламаттын (Садыкова) «Кыргыз жерин» ырдагандан кийин коёсуӊ» деди.

«НУРЗАДА ЭКӨӨБҮЗ БАШ КОШКОНДО ЭЧ НЕРСЕБИЗ ЖОК ЭЛЕ»
-З-классымда Гүлшан Молдоева эжени балалык кыял менен жактырып калгам. Теледен чыккан сайын «ушул эжени алам» десем, үйдөгүлөр «сен аны апа кыласыӊбы?» дешчү. «Жок, ал эже мени көрбөй жүрөт, ырдаганымды укса эле жакшы көрүп калат» дейт элем. Сүйүү менен сезимде ар жок. Сезимди пайдаланып жакшы ырга айлантса болот.
Жубайым Нурзада менен 1995-жылы айылга каникулга барып таанышып калгам. Кудайга шүгүр, жашаганыбызга 20 жыл болду, эки уул, эки кыздуу болдук. Аваз Акимовду
4-классында бала кылып ырдатып жүрсөм, улуу балам Азамат кызганып, «ата, мен да ырдайм» деп чыкты. Азамат деле жакшы ырдачу. «Балам, чыгармачылыкты алып кетериӊе көзүӊ жетсе ырда, жөн эле Сыймыктын уулу болуп жүрө турган болсоӊ башка кесипти танда» дегем. Туура көрдү окшойт, бизнес тармагын тандап кетти, учурда Америкада окуп жатат. Кызым Каныкей 8-класста. Андан кийинки Кадыр балам 6 жашта, менин жолумду ушул уулум жолдойт окшойт. Көкүрөк күчүгүбүз Назэрке болсо 3 жашка чыкты.
Нурзада экөөбүз баш кошкондо эч нерсебиз жок эле. Ар бир ийгиликтин убагы болот экен, бир кездерде жылына 4 жолу 10 күн концерт берсем, 10 күн теӊ залга эл батпай турчу. Ошол маалда кошомат кылганы да, чындап жактырып колдогону да көп болду. Кичине атактуулугум артып мурдумду көтөргөн учурум болгондур. Бирок ооматты көтөрө албай, көөп кеткен жокмун. Жубайым да артымдан ээрчиген ушактарга, сүйөм, күйөм деп чектен чыккан күйөрмандарга түшүнүү менен карап, мени колдоп келди. Кээде таӊ калабыз, ушунун баарына кантип жетиштик деп.

Панара Бейшекеева, апасы: «САБАКТАН КОМУЗ ЧЕРТИП, МУГАЛИМДЕРИНИН КАНЫН КАЙНАТЧУ»
– Сыймык бала кезден эле айтканынан кайтпаган өжөр эле. Ушул өжөрлүгүнөн жетем дегенине жетип, жасайм дегенин жасады. Кыздарым кийин төрөлгөндүктөн Сыймык мага жардамдашып тамак жасап, үй жыйнап кыздардын жумушун жасай берчү. Кийин эс тарта баштаганда уялды окшойт. Комуз үйрөнүп алгандан кийин такыр эле жардамы жок болуп калды. Комузун кучактап эле кыӊылдап отурат. Ачуум келип комузун ыргыттым эле, капкагы сынып калды. Чилденин күнү эшикте эки саат жыгачты жонуп капкак жасап отурат. «Суукта отурбай кир» десем, көк беттенип болбойт, тим койдум. Анан суукка тоӊуп жасаган капкагы баары бир окшошпойт да, комузу маӊка болуп калды. Мектепте да ар бир сабакта арткы партада отуруп комуз черте берип мугалимдеринин канын кайнатчу.

Нурзада Жусупжанова, жубайы: «БАТИРДЕН БАТИРГЕ КӨЧҮП КӨП КЫЙНАЛДЫК»
– Сыймык аябай аракетчил, аракетинин аркасынан ийгиликке жетип отурат. Биз жаӊы баш кошкондо батирден батирге көчүп, тапканыбызды ичип-кийгенден мурун батирдин акысын төлөгөнгө аракет кылчубуз. Аныбыз да кенедей, кышында бир бөлмөсүн араӊ жылытабыз. Сыймык ырдагысы, обон жазгысы келсе муздак бөлмөгө кирип кетет. Ошондой муздак үйдө эл сүйгөн обондору жаралган. Кийин атагы артып үйлүү болдук. Күйөрмандары көбөйдү. Чектен чыккан күйөрман кыздар үйгө чалып «сен Сыймыкты менчелик сүйө албайсыӊ, аны мен гана бактылуу кыла алам» дегендер болгон. Баарына көз жумуп Сыймыкты колдоп, кичине болсо да атактуу болушуна салым коштум.
Анан да камкор, күйүмдүү, сюрприз жасаганды жакшы көрөт. 2004-жылы эч кандай майрам деле эмес болчу, эртеӊ менен «жүр, базарга, сага машина сатып берем» дейт. Мен койчу деп ишенген жокмун, ошентсе да ээрчип базарга бардым. Кирип баратканда эле Гольф 3 үлгүсүндөгү ак машина туруптур, «жактыбы, айдап көрчү» деди. Мурун машина айдаганды өзү үйрөткөн эле. Анан айдамыш этсем, «алдык ушуну» деди. Романтик, даталуу күндөрү сөзсүз белек тартуулайт.

Урмат Батыркулов, досу: «СЫЙМЫК ДОСУБУЗДУ ЖЫЛАӉАЧ КАЛТЫРЫП ЖАЗАЛАГАН»
– Жатаканада Сыймык, Коӊурбай деген досубуз, мен болуп жашачубуз. Коӊурбай тойго барып кызуу болуп келгенде кийимдерин бөлмөнүн ар кайсы жерине ыргытып чечип душка кирип кетчү. Бир күнү дагы баштык толо эт, боорсок, таттууларды салып келиптир. Дагы ошентип чечинип душка кирип кетти. Сыймык «кел, Коӊурбайды уялтабыз, экинчи кийимин минтип чечпей турган кылабыз» деди. Кантип десем азыр деп баштыктагы эттерди чыгарып дасторкон жасады. Коӊурбайдын туулган күнү деп 6 кызды чакырып келди. Отурсак бир убакта Коӊурбай душтан чыгып келе жаткан, коридордогу кыздардан качып бөлмөгө кирип эшикти бекитип эле карай салса, кыздар «туулган күнүӊ...» деп эле токтоп калышты. Жылаӊач бойдон кайра эшикти ачып чыгып кетти. Ошентип Сыймыктын жазасынан кийин Коӊурбай кийимдерин чачпай калды.

Нуриса Абазова, ырчы: «СЫЙМЫК КӨЛДҮК КЫЗДАРГА ЖАКЫН»
– Сыймык менен гастролго чыккан аябай сонун. Чалдардай болуп дайыма камдуу жүрөт, курсагыӊ ачпайт. Чоӊ атадай болуп бизге жомоктой кылып Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жөнүндө айтып берчү. Тамашакөй, чымчып сүйлөгөн жагы бар. Сыймык менен Кыргызстанды түрө кыдырып концерт бердик. Көлдүк кыздар аны аябай жакшы көрөрүн ошондо байкадым. Сыймык да көлдүк кыздарга жакын болуп, алар менен бат тил табышар эле. Бир жолу Кара-Балтадан келе жатып жолдо суу ичели деп токтосок, күркөдөн кыздын башын чыгарып алып балдар коркутуп жаткан экен. Сыймык кызга болуша коём деп топтолгон балдар менен уруша кеткен.

"Учурда жубайым экөөбүздүн 30 өкүл балабыз бар".

"Кадырлуу балам менин жолумду жолдойт окшойт, жакшы ырдайт".

"Учурда уулум Азамат Америкада окуп жатат".

"1994-жылы Элмирбек Иманалиевдин идеясы менен эӊ алгач Ысык-Көлдө "Сыймык Бейшекеев көлдүк кызын төркүлөтүп келет" деген концерт бергенбиз".


Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сыймык Бейшекеев: "Жатаканада жашап, ачка калган күндөр да болду"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
cholponka91
2016-01-18 16:21:19
Ушу агаларыбыз эле козго жакшы корунот ырларынын мазмуну дагы уккулуктуу ундору да жакшы
-1
cholponka91
2016-01-18 16:25:33
Ден соолук, узун-омур каалайм доолотту соолотту каарылык берсин кудайым, балдарыныздын кашында дайыма ушул бойдон журо бериниз дагы да коп-коп ырларыныз чыгып Кыргызстандыктардын ар бир уйундо жанырып турсун унунуз.
-1
bema19.86
2016-01-18 16:31:33
Айябай жагат Сыймык байке уй-булоолук бакыт ишинизге ийгилик талантынызга таазим
0
agarai
2016-01-18 20:13:04
Сиз Гулшан Молдоеваны суйсонуз, мен сизди 6-классымда суйуп калгам
+2
jany-aryk
2016-01-18 20:38:56
Avaz Akimov kandai4a balasy bolot?
-2
Pakissstanka
2016-01-19 16:41:27
jany-aryk, kapustsnin Arabian taap algan avazdii.
0
Asel.24.07.93
2016-01-19 11:30:43
Бала кезим ушу Сыймык агайдын ырлары менен оттуго ))Ийгилик каалайм,балдарыныздын урмат сыйны коруп бактылуу омур сурунуз!)
0
muzykant
2016-01-20 10:44:35
Чыгармачылык ийгилик каалайм бар болунуз
+1
Eliza.
2016-01-20 19:16:19
Сыймык байке бактылуу болунуз!Сизди эн мыкты ырчы деп билебиз,ушун улгулуу уй-було болуп,коломтонуздун оту очпосун!
0
Aibekaiym
2016-01-20 20:34:51
Аябай жакшы киши её озу айткандай копкон жок.Ырлары да сонун укулуктуу журоко тийет,Юлдузга жооп ырдаганы анан "Ким элек Ким болдук" денген ырын уканда Тим намыстанып кетесинго.Сыймык байке ишинизге ийгилик уйбулонуз мн бактылуу болунуз Биз сизди сыйлайбыз!
0
Aizat_1991
2016-01-21 00:10:50
Жакшы маек болуптур. Уулу Азамат керилген жигит болуптур, кичинесинде аябай тентек эле. А Сыймык байкем менен чын эле сыймыктанам менин айылымдан болгону учун. Мухтар Атаналиев экоо жылына айылга бекер концерт коюшчу эле... А баса Сыймык байке биздин мектепке материалдык жактан да коп салым кошконун айта кетпесем болбос.
0
Buratino
2016-01-21 09:20:54
Сонун ырчы. Кудайым берген уну бар.
0
Aisanur_89kg
2016-01-22 19:31:30
Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын ыр менен элге жеткирген,ушунчалык таасирлуу ырлары,азыркы ырчылардай бироонун ырын ырдап же бир созду кечке кайталап жылдыз болушат,ушул агабыздын талантына таазим,бардык ырларынызды уккан адамдын журогундо калат,дагы коптогон жагымдуу ырларды кутуп калабыз.
0
jamal1993
2016-01-23 12:48:03
Соонун маек берипсиз Сыймык агай,мен сизди сыйлайм алгааа
0
Genar.benicio
2016-02-07 12:54:48
Мой кумир
0
Ctul08
2016-11-05 18:07:52
Урматту админ,Сыймык Бейшекеевдин туулган жылы жонундо так маалымат берип коесузбу.керек болуп жатат.рахмат
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан