«Мурда актрисалык кесипти убактылуу гана элестетип, өмүрүмдүн аягына чейин тасмага тартылам деп ойлочу эмесмин. «Түндүктүк келин» тасмасына тартылгандан кийин оюм өзгөрүлдү»,- деген Рахат Аксултанова менен чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу маектештик.
Каарман тууралуу
Туулган жылы, күнү –1985-жыл, 25-июнь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Тартылган тасмалары – «Аят», «Талас-Бишкек», «Азап», «Братандар», «Сүйүү жазы», «Түндүктүк келин» жана башкалар.
– Саламатсызбы, Рахат? Аябай жаш көрүнөт экенсиз...
– Саламатчылык! Биринчи көргөн адам «жаш көрүнөсүӊ» деп айтат. Социалдык тармактардан менден кичүү жигиттер тийишип калышат. Жашымды уккан соӊ жок болуп кетишет (күлүп).
– Кесибиӊиз журналист болсо, тасма талаасына кандайча аралашып калдыӊыз?
– 2009-жылы «Аят» тасмасына сынак жарыяланып жатканын угуп, курбу кызым «чогуу барып келбейлиби» деп сунуштап калды. Сынактан 300дөй кыздын арасынан тандалып, аталган тасмага тартылгам. Бирок фильмди көргөндө көӊүлүм чөктү. Анткени монтаждагандан кийин тасмадан дээрлик көрүнбөй калыптырмын. Аз убакыт өтпөй режиссёр Нурлан Раззакулов телефон чалып «сени тасмадан көрдүм, дагы киного тартылбайсыӊбы» деп калды. Мен «ал жактан көрүнбөй калгам, кандайча мени тандап жатасыз?» деп сурадым. Ал режиссёр үчүн актрисанын камеранын алдынан жакшы басып өткөнү да чоӊ роль экенин түшүндүрдү. Ошентип бир тасманын артынан экинчисине тартыла баштадым.
– Берген маектериӊиздин биринде «кино мен үчүн убактылуу эле» деп айткан экенсиз...
– Мурун бул тармак менен узакка кете албайм го деп ойлочумун. Кайдигерликке салып чакырса барып, чакырбаса өзүм тартылайын деп чыгынчу эмесмин. Кээде чакырып жатса да уйкунун, жалкоолуктун айынан барбай койчумун. Азыр ал оюмдан кайттым. Тактап айтканда, чыгармачылыкка болгон табитим ачылды. Журналисттик кесибим боюнча иштеп, актрисалык жөндөмүмдү да арттырайын деп жатам.
– Буга чейин кесибиӊиз менен иштеп көрдүӊүз беле?
– 2011-жылы телеканалдардын бирине барып 1 ай иштегем. Ал учурда тасмага да түшүп жаткам. Жетекчиге кирип «киного тартылып жатам, жумушка белгилүү бир убакытта келсем болобу?» деп иш графигимди айтсам, ал «кинону же телевидениени танда» деди. Мен кинону тандадым. Телеканалда жүргөнүмдө кесиптештеримдин бири «сенден журналист чыкпайт, куулук-шумдугуӊ жок экен» деп айткан болчу. Тасма тартынчаактыгымды калтырды, көпчүлүктүн алдында сүйлөй алчу эмесмин, ага да көндүм.
– «Түндүктүк келин» тасмасында салтка баш ийбеген өз ою бар келиндин образын ачып бердиӊиз. Жашоодо да ошондойсузбу?
– Аталган тасмадан кийин түштүк аймагына болгон оюм өзгөрдү. Мурун бөлүнчүмүн дебейм, бирок түштүк жергеси жөнүндө жакшы билчү эмесмин. Эли аябай меймандос, сылык-сыпаа келишет экен. Тасма бүткүчөктү жашоом кинодогудай эле өттү. Көп сөздөрдү биринчи жолу угуп, айрым нерселерди алгачкы ирет көрдүм. Өзүм «буюрганын көрөбүз, башка салганы ушул экен» дегендерден эмесмин. Кандай кырдаал болсо да жол таап чыгууну көздөйм.
Фильм тартылардан мурун Рысбек байке (ред. Жабиров) «велосипед тепкенди үйрөн» деди. Кичинемде велосипедден кулап коркуп калган болчумун. Андан «дублёр болбойбу?» деп сурасам, «Рахат, маймыл деле велосипед тепкенди үйрөнүп жатпайбы» деп намыстантып койду. Тасмага тормозу иштебеген велосипед менен тартылдым. Алдыма өӊөргөн баланы кулатып албайын деп корксом дагы камеранын алдынан жылмайып өтүп кетчүмүн. Алдымдан сүрөтчү байке тосуп токтотуп калчу.
– Сизди акыркы учурда кинолордон көрбөй калдык. Сунуш түшпөй жатабы?
– Өткөн жылы «Мал доктур» аттуу тасмага тартылгам. Кудайга шүгүр, сунуштар түшүп жатат. Ачык сценадагы ролдорду аткарууга макул болгон жокмун. Роль тандабайм дегендерден эмесмин. Андай ролдорго макулдугумду берсем, тасмаларымдын саны мындан эки эсе көп болмок.
– Актёр Болотбек Тилек менен алгач «Түндүктүк келин» тасмасына, анан Турдакун Ниязалиевдин «Жубайыма» аттуу ырынын клибине жубайлар катары тартылдыӊар. Жакында телеканалдардын биринен жаӊы жылдык берүүнү бирге алып бардыӊар. Ортодо жакындык пайда болгон жокпу?
– Болот менен «Түндүктүк келин» тасмасына тартылуу учурунда таанышкам. Кесиптеш катары сый эле мамиледебиз.
– Эми жеке жашоо тууралуу сүйлөшсөк. 5 жыл мурун «сүйүүгө мерезмин» деп айткан экенсиз. Азырчы?
– Сүйүүнү башымдан өткөрө элекмин. Бир адамды жакшы көрдүм. Бирок оюбуз бир болбой, эки башка жолго түшкөнбүз.
– Үй-бүлөӊүздө таланттуулар барбы? Өнөр көрөӊгөсү кимден өткөн?
– Үч бир туугандын ортончусумун. Агам, сиӊдим бар. Апам чыгармачылыкка жакын адам. Жакшы ырдайт. Мага «тасмага тартыл, берүүлөргө катыш, аракет кыл» деп айтып алга сүрөп турат.
– Атаӊыз тууралуу кеп козгободуӊуз да?
– Ата-энем ажырашып кетишкен. Атам менен катташып турам. Мен катышкан кинолордун бет ачарына келет. Кичине кезимде витамин алып келип «күнүнө бир эле даана же, мурдуӊ чоӊоюп кетет» дечү. Үйдө эч ким жок болсо витаминдин баарын жеп алып, мурдум качан чоӊоёт деп күзгүнү карап отура берчүмүн.
– Маегиӊизге рахмат!
Султан Төрөбеков
star@super.kg