БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Ош менен Жалал-Абаддын ортосундагы ашууга келгенде:
– Жүрү, Элиза, кичине бети-колуӊду жууп ал, сергип каласыӊ,- деп суу бердим. Ал жуунгуча эки пакеттеги акчаны машинанын отургучунун түбүнө таштап, үстүн полик менен жаап койдум, кичине болсо да көздөн далдоо. Телефондордогу SIM-карталардын баарын алдым да, сындырып ыргытып жибердим. Ичиндеги номерлердин бирин да калтырган жокмун, телефондо эмне болсо баарын тазалап салдым, ушул жерден байланыш үзүлсүн дедим. Аба салкын, муздак жел жүрүп туруптур, үшүп кеттим, Элиза жуунуп бүттү окшойт, «кеттикпи?» десем:
– Каякка барабыз, Эрмек аке, эмне болуп жатат?- дейт.
Ушунчалык жакшы көрүп кеттим, «мындан ары сага жан адамдын колун тийгизбейм» дедим ичимден.
– Мага капа болбочу, Элиза, сени алып кетишет деп оюма да келбептир, эми баары бүттү. Жүрү, үшүп калба, машинага отур, сага баарын айтып берем,- деп жаныма отургуздум да, айдап жөнөдүм. Жашырбай баарын айтып бердим, унчукпай угуп баратты.
– Мен үчүн кайтып келдиӊизби, мени эмне кылышмак эле, сизди болсо өлтүрүп коюшмак, анда мен эмне кылат элем?- дейт. Кайтып келмек турсун жанымды бермекмин Элиза үчүн.
– Элиза, азыр сага дагы Кыргызстанда жүргөнгө болбойт, бир аз убакыт экөөбүз Казакстанга барып жашап турушубуз керек, булар жаман адамдар. Экөөбүзгө Казакстандын паспортун алабыз да, бир чоӊураак шаарына барып батир алып жашап турабыз, кийинчерээк келебиз, макулсуӊбу?- десем:
– Эрмек аке, менин сизден башка жакын адамым жок, каякка десеӊиз да барам, сиздин жаныӊызда эле жүрөйүнчү,- дейт. Ушунчалык сүйүндүм, адамдардын баарын жакшы көрүп кеттим, баарын кечирдим, жашоо, айлана-тегерек, талаалар көзүмө ушунчалык сулуу көрүнүп кетти. Ай толуп турган маалы экен, ай да көзүмө бир башкача сулуу көрүндү, сөз менен айтып жеткире албайсыӊ. Элизаны катуу кучактап өөп-өөп алгым келди. Бул дүйнөдөгү менин эӊ жакын адамым, менин кайгы-кубанычымды бөлүшө турган, мени эч качан алдап кетпей турган адамым да.
Сыртымдан кубанычымды билдире албадым, унчукпай эле жолду караган адам болуп кете бердим. Экөөбүз теӊ унчукпай кете бердик, Элиза сүйлөбөсө экен, ушинтип тынчтыкты бузбай, жанаша отуруп алып көпкө чейин кете берсек, жол түгөнбөсө деп тиледим. Анча жүргөндөн кийин Элиза сүйлөшкүсү келип жаткан болсочу деп «музыка коюп берейинби?» десем, ал дагы мендей сезимде болуп баратканбы, жок дегенсип башын чайкап койду. Жакшы көргөн адамыӊ менен сүйлөшпөй, жанаша отуруп жөн эле кеткен деле керемет экен.
Жалал-Абаддын айланма жолундагы кафелерге жеткенде убакытты кетирбей баратып эле жеп кетели деп экөөбүзгө манты, ондон шашлык, ондон самса алып, бир идишке муздабай тургандай кылып салдырып алдым. Эми Ош, Жалал-Абаддын өзбектери жасаган мындай ширин, даамдуу тамактарды жейминби, жебейминби бир Кудай билет. Манты жеп жатканда «колум май болот, жебейм» десем, колу менен оозума салып жатты. Жеп бүттү бекен деп карап койгонучу, салфетка менен оозумду аарчып койгонучу, укмуш тим эле. Мендей бактылуу адам жок болуш керек ааламда.
Суусамырга жеткенде Саняга куру кол барбайын деп курут, сүзмө, тоонун таза балынан алдым. Элизага кымыз алып берсем, бир чыныны араӊ ичти. «Чарчаган болсоӊ артка өтүп уктап ал» десем, «жок, жаныӊызда эле шерик болуп кетейинчи» дейт. Парижге жеткенде бир аз дем алып алалы деп машинаны токтотуп коюп, тамеки чегип турсам Элиза да чыгып, бул жолдон биринчи жолу өтүп жаткан экен, ашуунун башынан түшүп келаткан машиналарды көрүп, «азыр биз да ошол жакка чыгабызбы?» деп таӊ калат. Саат 5 болуп асман агара баштаган эле, тоолорду көрүп жаш баладай сүйүнөт. Туннелден өткөндө «кантип тоону тешип жол салган, төбөсү түшүп кетпейби?» деп таӊ калганычы.
Сосновкадан да, Кара-Балтадан да МАИ тоскон жок, 8дерге Саняныкына барып калдык, Саня өзүнүн машинасын чыгарып, менин машинамды гаражына киргизип койду. Менин паспортторум даяр болуптур. Элизага да паспорт керек десек, эки күндө даяр болот дейт, заказ кылып койдук. Саня экөөбүз менин машинамдагы пакеттеги акчаны санасак, 700 миӊ доллар, 500 миӊден ашыгыраак сом экен. Менин, Санянын, анын аялынын, Элизанын атына карточка алдык да, акчаны салып койдук. 2 пакет акчабыз 4-5 эле карточка болуп калды. Паролдорун телефонго жазып, бекитип кой деп карточкаларды Элизага бердим. Саняга акча берсем албайт, «сен талаага кетип жатасыӊ, сага көбүрөөк керек болот» деп, үйүндө китептер турган шкаф бар экен, китептердин арасына 10 миӊ доллар бекитип койдум да, Казакстанга өткөнүбүздөн кийин телефон чалып айтсам, капа болот.
Эки күндөн кийин түндөп Казакстанга өтүп кеттик. Бизди такси күтүп турган экен, Алматыга таӊга маал жеттик, вокзалынан такси жалдап Астанага бардык да, шаардын чекесинен батирге чыгып жашап калдык. Ал башка, мен башка бөлмөдө жатабыз, күндө шаар кыдырабыз. Келгенибизге 3 жумадай болуп калган, чоӊ базары бар экен, биздин «Дордойго» окшогон, көрүп келели деп барып кыдырып, кийим алып алалы деп жүрсөк, «Ош» аэропортунда кароолчу болуп иштеген Сейит турат. Үйлөнгөндөн кийин иштен чыгып кетип, Орусияга кетиптир деп уктук эле, ошол кийим-кече сатып отуруптур. Дагы жакшы, кардарларга алаксып мени байкабай калды. Элизаны ээрчитип базардан чыгып кеттим.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Edik_86
2016-01-18 09:14:52
Кана ким биринчи болду мактана баштагыла тезирек
-4
jeka17
2016-01-18 09:30:25
Мен кутуп башка нерсеге алаксып калыптырмын((
0
Begimkyz
2016-01-18 09:36:46
Ушулар менен тең бактылуу болуп кеттим го))) акыры жакшылык менен аяктаса экен.
+6
jeka17
2016-01-18 09:38:53
Мында бир аз конул жайында болду
+5
dinar-87
2016-01-18 09:43:46
Мм аябай бактылуу болуп кетим.
+3
bars_wire
2016-01-18 10:42:16
Апеей десе аэропоттун мурдагы кароолчусу турат десе селт этипмин.
+4
gul91
2016-01-18 11:29:00
эн сонун. Суйуктуун менен ушинтип эле журо берсен. Жанында акча болсо эч нерседен камы жок,эч ким тоскоол болбой...
+9
aizada15
2016-01-18 11:47:18
Байып кетиптир да эми Америкага кетип калсын эч ким таппайт
+4
malywKG
2016-01-18 12:33:08
Американын фантастика киносу жолдо калдыгоо жаман романтик киши экен
+6
bagira77
2016-01-18 15:11:03
Ушундай суйуу бизге да насип кылсын
+5
Baichik17
2016-01-19 04:43:29
Эмне бутойун деп калдыбы, сагынабыз го эми Элизаны, кыздар Эрмекти сагыгасынарбы.
+1
eliza_eliza
2016-01-19 14:12:03
бактылуу коз ирмемдер...
0
Sezim.A
2016-01-23 20:02:34
Мен мурункуларын окубаган экем,эми кызыгып калдым бирок будомук ,кайсы акча,Казакстанга эмнеге кетишти тушунбой калдым,мурун кызыгып окубадым эле.
+1
Adeli
2016-01-24 19:38:39
Суперстандан окуган элем,кайталап окугум келип...издеп таппадым
+2
Baichik17
2016-02-08 04:13:31
Adeli,гуглда бар карасан
+1
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан