ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-январдан 24-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Ишиӊизде бир нерсе туура эмес болуп жатса, анчалык кайгырбаӊыз. Анткени кетирилген каталарды оӊдоого убакыт бар. Активдүү болсоӊуз жаӊы тааныштарды табууга жетишип, алардан керектүү маалымат жана кеӊештерди аласыз. Омурткаларыӊызда оору бар болсо, дарылатуу сунушталат. Балдардын көӊүлүн ачууга бир топ чыгым коротууӊуз ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кырдаалга оӊ таасир этпей турган, бирок убактыӊызды алуучу майда иштерге алаксыбоо кажет. Анчалык жага бербеген адамдар менен баарлашуудан баш тартканыӊыз да оӊ. Ошондой эле бирөөлөрдү сындоодон, кемчилигин айткандан карманыӊыз. Андан көрө ишенимдүү адамдар менен байланышты чыӊдаӊыз. Дем алыш күндөрү жаӊы тасма көрүү же китеп окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бирөөлөр карыз сураса же сунуш киргизсе түз эле бар же жок деп катуу айтып салбай, жумшак түшүндүрүүнү унутпаӊыз. Бул өзүӊүз тууралуу сөздөрдүн көбөйбөшүн камсыз кылат. Оӊтойсуз абалга калбайын десеӊиз, чала тааныштар чакырган жерге барбай эле койгонуӊуз оӊ. Соода жаатында иштегендер өнөктөштөрү менен жаӊы келишимдерди түзүшөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башында жетекчиликтин суроолоруна так жана туура жооп берүү керек, болбосо каарына каласыз. Шаршемби, бейшембиде эч бир ишке кийлигишпей, сырттан гана байкоо салып жайына койгонуӊуз оӊ. Жума күнү араздашкандардын ортосуна түшүп, аларды жараштырууга аракет кыласыз. Ишембиде күтүлбөгөн жерден белектүү болууӊуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада чоӊ буюм сатып алууга акча жумшооӊуз ыктымал. Бирок ал акчанын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк чыгат. Убактыӊыз менен энергияӊызды туура бөлүштүрсөӊүз, пландарды ишке ашыра аласыз. Жадатма тааныштардан кол үзүү керектиги апта акырында билинет. Жылдыздар жол жүрүүдө этият болууну эскертишет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада кыялданууну токтотуп, реалдуу иштерге гана киришиӊиз. Эмоцияны көзөмөлдөөнү колго алыӊыз, болбосо өйдө-ылдый боло берген маанайыӊыз айланадагылар менен баарлашууда тоскоолдук кылат. Жакында жашооӊуздун жаӊы этабы башталат, ага даяр болуӊуз. Сүйүктүүӊүз жакшы жаӊылыгы менен кубантары күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада күтүлбөгөн окуядан чындыкты талашам деп бирөөлөрдүн басмырлоосуна, кол көтөрүүсүнө жол бербеӊиз. Бирге иштешкендердин арасында көрө албастык кылгандар кимдер экендиги апта ортосунда билинип чыга келет. Өзүӊүзгө жана үйдөгүлөргө керектүүлөрдү алуу үчүн базар кыдырууӊуз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чөйрөдөгүлөргө кийим тандоо жаатындагы табитиӊиздин жана стилиӊиздин мыктылыгын көрсөтүүчү учур келди. Өз алдынчалыкты көрсөтүү менен жакшы жакка өзгөрүлүүгө умтулуӊуз. Бойдоктор сүйүүнү башка жактан эмес, тегерегинен издөөлөрү керек. Берген убадаларды аткарып, үйдөгүлөрдүн көӊүлүн алууну эсиӊизге салабыз. Апта аягында көптөгөн көйгөйлөрдөн кутула алганыӊызга сүйүнөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көпчүлүк чогулган жерден кыйгап өтүү менен балээден кутуларыӊызды унутпаӊыз. Ишиӊизде сиздин пикирдин тууралыгын далилдөө үчүн дискуссия уюштурбаӊыз. Апта негизинен узак сапарга чыгууга, документ иштерин бүткөрүүгө ылайыктуу. Жалгыз калып өткөн жашооӊузга көз чаптырып, жаӊы пландарды түзсөӊүз да болот. Бирөөлөр сизди конокко чакыруусу ыктымал.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке жашооӊуздагы турмуштук жолуӊузду аныктай турган чечим кабыл алууга туура келет. Андыктан ар кимдин оюн угуп, акыркы чечимди өзүӊүз чыгарыӊыз. Ишкерлер быша элек идеяларын сыртка чыгарбай туруулары зарыл. Атаандаштар уурдап алышы мүмкүн. Жаман адаттарыӊызга согуш жарыялаӊыз. Жүрөгүӊүз баалаган адамга жакын болуп, анын колдоосуна таяныӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жагымсыз көрүнүшкө сиздин бой көтөрүүчүлүк, башкаларды түшүнгүӊүз келбеген сапатыӊыз алып келет. Акча табуу үчүн аракеттериӊиз ишке ашышы мүмкүн, бирок акча табам деп жаман ишке кириптер болуп калбаӊыз. Түгөйлөр ортодо таарыныч жаралбасын дешсе, бири-бирин сындап, жаман сөз айтуудан кармануулары зарыл. Апта соӊунда алыстагы досуӊуздукуна барышыӊыз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Башкалардан артта калбай бат эле алдыга озуп чыгуу үчүн темптен чыкпай, керектүү адистерден кеӊеш алып туруу керектелет. Сырт келбетиӊизди оӊдоӊуз. Кара күч эмгеги менен көбүрөөк алектенип, белиӊизди оорутуп алуудан сак болуӊуз. Мурунку сүйүүӊүзгө кезигесиз, бирок азгырма сунушту кабыл албаӊыз. Апта акырында балдарды жалгыз калтырбай, алар менен болуу талабы чыгат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан