МАНДАРИНДИН КАБЫГЫН ЫРГЫТПАҢЫЗ

Билесизби, бул өсүмдүктүн кабыгынан бетке түрдүү маскаларды жасасаӊыз болот. Себеби анын пайдалуу жактары көп. Бул тууралуу төмөнкү макалада кеп кылдык.

КУРГАК ТЕРИ ҮЧҮН
Мандариндин кабыгын кургатып, майдалап, ага 1 аш кашык каймак жана 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз. Пайда болгон боткону бетиӊизге сүйкөп, 15-20 мүнөт кармоо керек. Кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

МАЙЛУУ ТЕРИ ҮЧҮН
Мандариндин кургатылбаган кабыгын кайнатылып муздатылган 1 стакан сууга саласыз. Аны суудан чыгарбай туруп кашыктын жардамы менен эзип, 1 суткага караӊгы, салкын жерге коюп коюу керек. Буга кебезди малып бетиӊизди сүртсөӊүз, териӊиздин майланышуусун алдын алат жана безеткилерден арылтат.

ЧАЧ ҮЧҮН
1 мандариндин кабыгын майдалап туурап, ага 1 аш кашык көк чайды кошуп, үстүнө жарым литр кайнак сууну куюӊуз. Бул суюктукту 7 мүнөт жай отко коюп кайнатыӊыз. Кийин сууну дакиден өткөрүп, аны менен башыӊызды жууган соӊ чачыӊызды чайкап алыӊыз. Бул чачты жалтырак, жибектей жумшак кылат.

ЖАШОО-ТИРИЧИЛИКТЕ

  • Мандариндин кургатылган кабыгы от жагууда мыкты тамызгы болуп берет.
  • Кургатылган кабыгын чүпүрөккө ороп, кийимдердин арасына коюп койсоӊуз күбөдөн сактайт.
  • Бөлмөдөгү жагымсыз жыттардан арылуу үчүн мандариндин кабыгын идишке салып текчеге коюп койгонуӊуз жетиштүү.
  • Бөлмө гүлдөрүнүн идишине кургатылган кабыкты майдалап сээп койсо, курт-кумурскалар жолобойт.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
cholponka91
2016-01-18 11:14:21
жакшы кенеш экен
0
aizada15
2016-01-18 12:13:20
Коп пайдасы бар экен да,
0
bagira77
2016-01-18 19:40:15
Супер инфо жангактын майынын пайдасы жонундо да жазгылачы
+1
admin_superstan
2016-01-19 10:10:12
bagira77,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
aidai88
2016-01-18 20:22:02
Негизи эле ар кайсыл адвмга ар кандай экен,бир эжем маска катары мандариндин кабыгын колдонуптур,бети жон элн укмуш болуп ишип кетиптир алергия болуп.
0
egemberdievagulbara
2016-01-19 01:35:36
рахмат соонун кенеш болду мен учун
0
uzgen5565
2016-01-19 17:07:14
Жакшы кенештер экен.Рахмат Супер инфо
0
apelsinka
2016-01-22 03:22:36
Супер инфо ушук алган денени айыктыруу жонундо кенен маалымат бергилечи сураныч эгер гезитке чыгарылбаса купуя кат кутом
0
NurSezim1214
2016-01-22 04:10:41
Рахмат супер инфо
соонун кенеш экен
0
Inna_91
2016-02-13 16:22:42
Мен мандаринди кундо жейм бирок жем челекке таштайм
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан