КРИСТИНА ТӨШҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТТЫБЫ?

Учурда АКШда жашап жаткан Кристина Орбакайте Москвада өткөн «Песня Года» концертине граждандык никедеги күйөөсү Михаил Земцов менен келген. Кристинанын төшүнүн эки эсе чоңоюп кеткени көпчүлүккө байкалып, «ырчы айым пластикалык операция жасатыптыр» деген сөздөр заматта «дуу» дей түшкөн. Анткени, акыркы жылдары ырчынын пластикалык операциянын жардамынан колдоно баштаганын билген эл дароо эле ушинтип болжолдогон. Эсиңиздерге сала кетсек, Кристина операция жолу менен буга чейин мурдун кичирейткен. Кээ бир маалыматтарга таянсак, Кристинанын төшүнө операцияны Алла Пугачёванын белгилүү хирург досу Артур Рыбакин жасаган. Бул тууралуу хирург журналисттерге комментарий бе­рүү­дөн баш тартып, өзүнө келген кардарлар боюнча маалыматтарды жашыруун сактаарын билдирген.

МАДОННА КИНО ТАРТУУГА КАМДАНУУДА
Сенсация жаратууну жакшы көргөн Мадонна бул сапар да көпчүлүктүн көңүлүн бурдура алды. Анткени, Голливуд жылдызы реалдуу окуялардын негизинде «Жүрөккө сайылган учтуу канжар» аттуу фильм тартууга камданууда. Фильм эки белгилүү кикбоксёр Эмил Грифит менен Бенни Пареттанын таймашуусу жөнүндө жана 1962-жылы чоң таймаштан кийин Пареттанын көз жумганы тууралуу болмокчу. Ырчы айымдын фильм тартуу идеясы көп­чүлүктү таңкалтырбай койгон жок. Фильм Мадоннанын өзүнүн студиясында тартылмакчы.

АШЕР БИЗНЕС ЖАСООГО КИРИШТИ
Музыка дүйнөсүн багындырып алгандан кийин ыр­чы Ашер бизнес жасоого киришти. Тагыраак айтканда, ырчы «Жүзүм» деген шарап чыгара баштап, аны рекламалап сатуу үчүн АКШнын Атланта шаарында атайын шарап-бар ачты. Анын ачылыш аземине ырчы көйнөк, пиджак кийип жасаган ишине то­лук канааттангандай болуп келген. Аренби жанрында ырдаган ырчынын пландарында чоң Нью-Йорк шаарына да жогоруда айтылгандай «Жүзүм» шарап-барын ачуу. Эгерде бул ою иш жүзүнө аша турган болсо, Ашер Лос-Анджелес жана Лас-Вегас шаарларында да шарап-барын ачат.

МАЙКЛ ЖЕКСОН ЯПОНИЯДАГЫ РОЖДЕСТВОГО КАТЫШАТ
Белгилүү дүйнө жылдызы Майкл Жексон Япониянын Рождество майрамында өтүүчү «Премиум кристмас пати» аттуу шоуга конок катары чакырылды. Майкл шоуга катышкан ырчылардын, бийчилердин даярдаган номерлерине күбө болмокчу. Өзү болсо сахнага чыкканы менен ырдабастан, кыскача каалоосун гана айтат. Шоу 1600 киши бата турган залда өтмөкчү. Шоунун бир билети 3 же 4 миң доллар турат. Ал эми Майкл Жексон катышкан шоунун бөлүгүн көрүүчүгө бир киши 1 миң 700 доллар төлөйт. Анткени, ошончо суммадагы акча төлөгөн көрүүчү ал жерден бекер каалаганын ичип, тамактанат, ошондой эле Майкл Жексон менен сүрөткө түшүп, автограф ала алат.

ДИМА ДАРЫЛАНУУДА
Көп деген съёмкалар, концерттер, гастролдор жаш ырчыга таасирин тийгизди көрүнөт. Анткени, Дима Биландын ушул жылы өзгөчө эмгектенгени баарына эле маалым болсо керек. Ушундан уламбы же ырчыга көз тийдиби, айтор, акыркы күндөрү ырчы денсоолугуна арызданып жүргөн. Жакында Максим Галкин уюштурган жаңы жылдык шоунун съёмкасына барганда да Дима өзүн жаман сезген. Бирок, сахнага чыкканда алаксып кетем деген ой менен элес алган эмес. Анткени, Дима сыркоолоп калганда сахнага чыкса ооруганын унутуп койчу. Бирок, съёмка таң атканга чейин созулгандыктан, ырчы кыйналып кеткен. Ошентсе да ал ооруп турганын эч кимге билдирген эмес. Эртеси гана акыбалы жаман экенине көзү жетип, өзү «тез жардам» чакырган. Доктур келгенде Диманын температурасы 40 градуска жеткен. Ырчыга доктор бир нече дарыларды жазып, бир аптадай үйдөн чыкпай жатуусун айтып, суук тийип өтүшүп кеткен деген диагноз койгон. Ушуга байланыштуу ырчы жакынкы съёмкаларын токтоткон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан