Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Туризм департаментинин мурунку директору МАКСАТ ЧАКИЕВДИН иши каралды. Сот аны күчөтүлгөн режимде 6 жылга эркинен ажыратты. Ал 2015-жылдын 28-майында ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миӊ сом пара берип жаткан жеринен кармалган.
Өкмөт башчы Темир Сариевдин айтымында, ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ 15-январдан тарта бериле баштайт. Биринчи кезекте медиктер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алышат.
Кыргызстанда сыртта иштеп жүргөн МИГРАНТТАРДЫН 56 462 баласы чоӊ ата, чоӊ энелеринин колунда багылып жатат.
3-январда Ош-Бишкек жолуна жакын ойнотулган УЛАК ТАРТЫШ 10 чакырымга чукул созулган унаа тыгынын пайда кылган. Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаевге бул улак тартыш үчүн эскертүү берилди.
Кыргызстанда АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН 95 650 үй-бүлө бар. Мындай үй-бүлөлөрдүн эӊ көбү Жалал-Абадда катталып, 34 411 адамга жетет.
2015-жылы Кыргызстанда 143 адам АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН ажыратылган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
РУСЛАНБЕК ЖУМАНАЗАРОВ спорт жана жаштар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Жогорку Кеӊештин депутаттары «ПАРЛАМЕНТТИК ТАКСИ» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жарандарды аптасына бир жолу бекер ташыйт.
БУУнун миссиясындагы кыргыз контингентинин командири, полковник МЫРЗА АБАСКАНОВ офицерлер арасында өткөн сынакты жеӊип чыгып, Суданда БУУнун ротация башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
12-январдан баштап «ЭКИ СААТ ИЧИНДЕ ПАСПОРТ» жаӊы кызматы ишке кирди. Анын баасы ID-card үчүн 6500 сом, жалпы жарандык паспортко 6 миӊ сом.
Бишкек шаарында 5 миӊдей ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛУУ каттоого алынган. Анда биринчи орунда эмчек рагынан жабыркагандар турат.
2015-жылы ОШ-БИШКЕК ЖОЛУНДА жол кырсыктарынан 100 киши кайтыш болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.