ОЛИГАРХТАР МАНДАТТАРДЫ ТАРТЫП АЛА БАШТАШТЫ

Бул аптада БШК менен Жогорку Кеӊеш кайрадан коомчулуктун оозун ачырды. Боршайком 4 депутатты мандатынан ажыратмакчы болду. Алардын үчөөсү «депутаттыктан кетпейбиз» деп чыгышса, бирөөсү маанилүү жеке иштери бардыгына шылтап депутаттык креслосун бошотуп берди. Ошондой эле сериалга айланып бараткан Жыргалбек Саматовдун окуясына да чекит коюлду.

ЖООМАРТ САПАРБАЕВ СЫЙЫ МЕНЕН КЕТТИ
«Ата Мекендин» көзгө басар жаштарынын бири, өзүн «Ата Мекендин» торпедасы» атаган Жоомарт Сапарбаев жеке жумуштарына шылтап мандатын тапшырып берди. Шайлоо тизмесинде Жоомарт мырза алдыӊкы ондукта болчу. Бул талапкер шайлоодо Бишкек шаары боюнча иштеген.
Фракция Сапарбаевдин кетиши боюнча билдирүүсүндө: «Ата Мекен» фракциясы Жоомарт Сапарбаевдин мындай чечими сыйга татыктуу деп эсептейт. Себеби ал өзүнүн жеке иштерин партиялык иштерге аралаштырган жок»,- деп билдирүү таратты. Текстте Сапарбаевдин 30 миӊ сомдук айлыгы ага жадакалса үй алууга мүмкүнчүлүк бербей
жатканы, андыктан ал ишкерлик менен алектенери айтылат.
Жоомарт мырзага кайрылып, учурда көпчүлүктүн тил учунда турган суроолорду узаттык.
– Жоомарт мырза, шайлоочулар алдында бир топ убадаларды бергенсиз. Парламентке келген соӊ бир жарым айга жетпей жеке иштерим менен алектенем деп кетип калганыӊызды кандай бааласа болот? Элдин ишеничин алып, анан өзүмдүн иштерим бар эле деп кетип калса болобу?
– Шайлоочулар Сапарбаев үчүн эмес, «Ата Мекен» партиясы үчүн добуш беришкен. Партия берилген убадаларына турат. А менин мандат тапшыруумду айтсак, жүйөлүү себептер болду. Жеке иштерге жана ден соолукка кам көрүү керек болуп жатат.
– Ошол эле Жоомарт Оторбаев үгүт иштеринде партиянын негизги жүздөрүнүн бир катары катышып, бирок депутат катары иштебеди. Парламентке келбеди. Бул көрүнүш парламентаризмди туу туткан «Ата Мекен» да капчыктуулардан көз каранды партиялардын бири болуп калдыбы деген ойго түртөт. Сиздин ордуӊузга да акчалуу адам
келери айтылып жатат...
– «Ата Мекен» принциптеринен тайбайт. Мен да партиянын катарынан кетпейм. Сапарбаевдин ордуна капчыктуу адам келет деген жана ушуга окшогон сөздөр жөн эле ушак. Тизмеде менден кийин ким турса капчыктуубу, капчыксызбы ошол келет, ал баш тартса, андан кийинкиси келет.
Маалымат үчүн: Жоомарт Сапарбаевдин ордуна тизме боюнча Абдимуктар Маматов келиши керек. Ал 65 жашта, 1974-жылдан 2010-жылга чейин түрдүү мекемелерде газ жана нефти боюнча тармакта иш алып барган.

«КЫРГЫЗСТАН» «РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТТУН» КЕЙПИН КИЙГЕНИ КАЛДЫ
Жоомарт Сапарбаев менен кошо 11-январь күнү БШК «Кыргызстан» фракциясынын 3 депутатын, Эльмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова жана Урмат Ишенбековду мандаттарынан ажыратмак болду. БШКнын жыйынына катышып, ал жерде мандатын тапшырууга өзү арыз жазбаганын айткан Урмат Ишенбековдун гана депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу маселеси кийинкиге жылдырылып, ал эми Эсенаманова жана Жумалиева мандаттарынан ажыратылышты. Жыйынга кечигип келген Эльмира Жумалиевага БШК мүчөлөрү анын маселеси каралып бүткөнүн айтышты. Чолпон Эсенаманова жана Эльмира Жумалиева мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазышпагандыгын, бул иш боюнча сотко кайрыларын айтышты. «Бандитизм жана акча баарын чечип калды. Мен БШКнын мүчөлөрү жөнүндө эмес, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү жөнүндө айтып жатам»,- деди ачууланган Эльмира Жумалиева. Маалым болгондой, депутат айымдар бул маселе боюнча Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, сот отуруму 15-январга белгиленди. БШКнын маалыматына ылайык, аталган 3 депутаттын арызын «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев берген. Ал: «Алардан арыз түшкөн. Биз БШКга жөнөткөнбүз. Эми арыз жазган эмеспиз деп мени шылуун көрсөтүп жатканына түшүнбөй жатам»,- деп билдирүүдө.
Мыйзамга ылайык, депутат өзү арыз бермейинче аны фракция лидери да, фракция да мандаттан ажырата албайт. Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышында Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахмановду «Ата Мекен» фракциясынан чыгарып салган. Бирок экөө депутаттык мөөнөтү аяктагыча иштешти. 5-чакырылыштагы буга окшогон окуялардан улам партиялардын лидерлери мыйзамды буйтап өтүүнүн амалын таап, шайлоо алдында талапкерлерден «жетиштүү добуш албасам, тизмеден өз эрким менен чыгам» таризиндеги тил кат жана партиянын тизмесинен чыгуу боюнча арыздарын жаздырып алышкан. Эльмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова жана Урмат Ишенбеков да шайлоо алдында жогорудагыдай арыздарды жазышканын, бирок жетиштүү добуш алгандыктан парламентке келишкенин, депутаттык кызматтан кетүү ойлору жоктугун айтышууда.
Боршайком Жумалиева менен Эсенаманованын ордуна Урматбек Самаев менен Алмазбек Токторовго депутаттык мандат берди. Алмазбек Токторовдун өмүр таржымалында жазылган маалыматка ылайык, анын көп жылдан берки ишмердүүлүгү дарыканаларды жетектөөгө байланыштуу болгон. Урматбек Самаев болсо бокс боюнча спорт чебери катары таанымал.

САМАТОВ АКЫРЫ АНТ БЕРДИ
Депутаттык мандатты алып, кайра тарттырып ийип БШК менен соттошуп, кубалашып жүргөн «Республика-Ата Журт» партиясынан ат салышкан Жыргалбек Саматов акыры Жогорку Кеӊеште ант берди. Ошол эле 13-январь күнү Жыргалбек Саматовду «Республика-Ата Журт» фракциядан чыгарды. Бул талапкердин депутат болуп келүүсүнө фракция башынан эле каршы болуп, аны мандаттан ажыратууга болгон аракетин кылды. Башында тизмеге эмнеге кошушканы түшүнүксүз. БШК Саматовду эки ирет мандатынан ажыратып, кайра эки ирет соттун кийлигишүүсү менен кайтарып берүүгө аргасыз болду. БШКнын тегерегинде болуп келе жаткан бул көрүнүштөрдөн улам шайлоо өткөрүү милдети жүктөлгөн мекемени экинчи ирет жетектеп жаткан Туйгунаалы Абдраимовдун дарегине түрдүү сындар жаап, жакынкы аралыкта анын кызматтан кол жууй турганы айтыла баштады.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Akabai
2016-01-18 12:09:58
Ушул Туйгунаалыдан башка адам жокбу БШКны жетектей турган тойбойт экен бул дагы
+4
Adiko.saitov
2016-01-18 16:07:30
саяасат деген кучтуу нерсе ага эчким эчкачан жетпейт
-1
balzak
2016-01-18 16:37:18
Adiko.saitov,"кучтуу" эмес, алсыз, акмактардын жумушу болуп калды"жетпейт" эмес, тойбойт (шермендечилик)!!!
+2
mts0001
2016-01-18 21:06:39
мышык чычкан.... башка соз жок
+1
adiletik
2016-01-18 21:41:42
Урмат Ишенбеков эн жаш алигархда. Ала-Тоо борбору ушунукуда
+1
jetinur90
2016-01-18 23:56:09
атамбаевди шайлоодо атамбаев кылган туйгуналы болот. Экоонун киндиги туташ.
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан