ӨЗБЕК-КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫНДА ОК АТЫЛДЫ

9-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен такталып бүтө элек бөлүгүндө кайрадан чыр чыгып, ок атышуу орун алды. Маалым болгондой, төрт кыргыз жараны чек араны бойлой жайгашкан суу түтүктөрдү бузууга аракет кылышкан. Ал түтүктөрдөн аккан сууну Өзбекстан тарап да пайдаланган. Өзбек чек арачылары бузуу аракетин токтотууну буюрушуп, ок чыгарышкан. Натыйжада кыргыз жарандарынын биринин бутуна ок тийген. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Наманган облусунун шаардык ооруканасына жаткырылып, 11-январда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Ошол эле 9-январь күнү Ош облусунун Араван районундагы Кум-Бел аймагында 4 белгисиз адам кыргыз жарандарынын 332 кой-эчкисин уурдап, Өзбекстандын аймагына айдап өтүп кетишкен. Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлү Өзбекстандын Булак-Башы аймагынын чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада малдын көбү Өзбекстандын Көк-Бел аймагынан табылган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 10-январда өзбек чек арачылары 146 кой-эчкини кыргыз тарапка өткөрүп берди. Азыркы тапта эки өлкөнүн укук коргоо органдары мал уурулукка шектүү жарандарды издеп жатышат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nadir27
2016-01-18 11:41:34
Наманганга алып отуп кеткен баланы кайра кайтарып берип ал аз Жалал-абадда жатыптыр деп уктум эле.Мен ал жерди коргом ал жер озу кыргызстанга карайт,кантип ок чыгарып озбекстанга алып кирип кеткен билбейм.
+1
Bekish-kg
2016-01-18 13:21:07
жаааап саогыла чек араны,анклавтарды мажбурлап болсода кайра алгыла,иштегиле аткаминерлер иштегилечи
+1
Adiko.saitov
2016-01-18 16:58:04
Bekish-kg,аткаминерлердин арасында диплпмпт барбекен деги?качан токтой чек ара маслеси?
+1
Adiko.saitov
2016-01-18 16:54:31
чек ара чыры эгемен болгондон бери чечилбей кулет дипламатар бизде жокпуу?болсо эмне иш кылып жатат адамдар жабырка жапа чегип коркуп качан чечилет чегара масалеси?чек арасы бекем мамилекет качан болобуз?
+1
mts0001
2016-01-18 22:00:35
"кыргызстан онолот алтындарым"......
0
mts0001
2016-01-18 22:04:53
тынар айткандай уйум кыргызстанда туалет озбекстанда калып кетти дегендей азыр чек арада кырдал оор аябай оор 120сы азыр чек ара жонундо такыр ойлонода элек мына шайлоонун болгонуна 3 айдын жузу болтат мандат болуштуро албай жатышат
+2
mirlaane
2016-01-19 01:26:04
Sekin sekin jylyp gelip ele jatat a bizdikiler uktap jatat
0
Davlet1994
2016-01-22 02:32:56
бизге чыныгы патриот, кучтуу, акылман вор закон керек. умут ошолордон саясатчылардын пайдасы жок!
0
Davlet1994
2016-01-22 02:33:38
эмне болуп жатат
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан