ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРДЫН ТАГДЫРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

2016 -жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда оӊ рулдуу унааларды коммерциялык негизде, башкача айтканда, эл ташып иштөөгө пайдаланууга тыюу салынган. Бирок аталган мыйзам бузулган учурда кандай айып салынары белгисиз болчу. 13-январь күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар оӊ рулдуу унаалар такси катарында пайдаланылса, анда акчалай айып салынышы керектигин биринчи окууда колдошту. Айрым депутаттар оӊ рулдуу унааны такси катары пайдаланууга тыюу салууну 2018-жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Мыйзамды демилгелеп жаткан эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу: «Оӊ рулдуу унааларды коммерциялык негизде пайдаланууга тыюу салуу мөөнөтүн 2018-жылга чейин узартуу боюнча мыйзам биздин элдин социалдык абалын эске алуу менен сунушталып жатат»,- деди. Жогорку Кеӊештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов да 6-январдагы комитет жыйынында: «Азыр оӊ рулдуу унаа айдагандардын көбү үй-бүлөсүн унаасы менен багып, насыяларын төлөп жатышат. Акча таап жаткан унаасын иштетүүгө тыюу салганыбыз туура эмес болуп калат»,- деген эле.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
joni_91
2016-01-18 10:03:09
Андай болсо маичилерге жакшы болот акчасыналып кетире беришет.
+2
Ku5any4bek
2016-01-19 04:33:13
Элдин кобу он рулду машина менен жан багып жатат, эрежени бузбаса, кылдаттык менен айдаса жакшы болот эле
+1
asad345
2016-01-19 10:25:27
Жарытылуу пайдалуу мыйзам ойлоп таппайбы, акча менен штраф деп койбой, мен ойлоп табуу пайдалуу нерсе кылбасам эчак арыз жазып кетмекмин
0
tabyshmak
2016-01-19 11:27:19
ОН рулдуу автоунааларды айдоого тыюу салуудан мурда мындай автоунааларды Кыргызстандын аймагына алып кирууго тыюу салбайт беленер акылдуулар. Аймакка киргизгенден кийин сатычуулар сатуусу керек, ал эми алуучулар айдоо керекопи же сактап коюу керекпи сувенир катары? Чейинкисин ойлобой эле кийинкисин ойлой берет экенсинер "Косоонун акылы туштон кийин..." болуп...
+1
aizbek
2016-01-19 12:37:38
Такси кылганга тыйуу салса болмок 2,3жыл мурунда да ушинтип моонотун узарткан эле,кудайым озу сактасын копчулук кырсыктар он рулдуу машиналардын айынан,авгон кылып жатканда болот копчулугу,
-2
kanatkayrat
2016-01-24 17:32:23
aizbek,копчулук он рулдан дегенин туура эмес болуп калат. себеби мен дагы он рулдуу машина 5 жыл айдагам,эч кандай кырсык болбой эле.(он же сол эч кандай айырмасы жок)болгону абайлап айдаш керек.ошондой эле сол рулду дагы абайлап айдаш керек.
0
jaskaaa
2016-01-19 15:51:49
Таксинин баары он рулду. Анан тыюу салсанар канча уй булоо жумушсуз калат. Мурда каякта журдунор. Башка мыйзам ойлогула.Андан коро Депутардын санын кыскартсанар сооптуурак болмок!
+1
InsanKg
2016-01-20 09:32:43
Кочодо жалан эле он рулду унаалар болсо, анан кырсык он рулду унаалар оросунда болот да. Сол рулду унаалар коп болсо анда солду рулду унаалар ортосунда болмок. Кеп унаада эмес. Аларда эмне куноо бурган жагына кете берет да. Кеп 1 кундун ичин праваны сатып ала койгон чала айдоочуларда, жол эрежелерин сактабагандыкта.
+2
InsanKg
2016-01-20 09:36:39
Биздин жолдорго ылайыкташтырбаса, анда эмнеге Кыргызстанга кирууго уруксат бердинер. Элдин коп кыйнай бербегиле, ар кандай мыйзамдарды чыгара берип. Откондо бироо айтып жатат, ошол депутаттар он рулдуу унаам менен тапкан акчамдай жумуш менен камсыз кылып берсе, машинемди эшигинин алдына алып барып токтотуп берем деп
+2
akul87
2016-01-20 13:23:04
элдин жашоосун ойлогон бир да пенде жок жогоруда,ал жакта олтуруп пайдасы жок закон жазышат аны эл кандай кабыл алат ойлобойт
0
Fekus
2016-01-21 22:15:58
Биздин ушул мамлекеттибиз 1ден он рулдуу унааларды,сол жакка которотурган шарт тузуп берип, анан ишти козгозо жакшы болмок экен.....2ден кырсык он руль жэ сол руль деп болбойт.... Боло турган кырсык уйдо ушул нерселерди жазып атып да боло берет.....
+2
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан