Алтынай: “АТАМДЫ ТААП, БААРЛАШКЫМ КЕЛЕТ”

Издейм сени

“Саламатсыздарбы, “Супер-Инфонун” жамааты?! Сиздерге кат жазуумдун себеби, “Издейм сени” рубрикасы аркылуу өз атамды таап, ата-баладай баарлашкым келет...” деп жазылат редакциябызга келген каттардын биринде. Каттагы телефон аркылуу окурманыбыз Алтынай менен байланышып, сөзгө тарттык. Анда сөз учугу башынан болсун.

– Турмуш адам баласына кандай гана сыноолорду бербейт? Элибизде ата-эне баркын балалуу болгондо билесиң деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Алардын баркын минтип турмушка чыгып, балалуу болгондо билип отурам. Атам менен апам сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан экен. Экөө мен 10 айлык кезимде ажырашып кетишиптир. Алардын ажырашуусуна эмне себеп болгону жөнүндө эч кандай маалыматым жок.
Мен эс тартканда апам ооруп, эки жолу башынан оор операцияны өткөрдү. Кээде отуруп алып «бул жашоодон тапкан байлыгым жалгыз сенсиң. Көзүм тирүүсүндө өз атаң менен табыштырып койсом болот эле» деп калчу. Ошондо жаштык кылсам керек, «койчу апа, мени таштап кеткен атамды айтпачы» деп тултуюп калчумун.
Апам мага өзү ичпегенди ичирип, өзү кийбегенди кийинтип, «буюрса, ЖОЖдордун бирине окутам» деген тилеги бар эле. Бирок мен жаңыдан 9-классты аяктаганымда, сүйлөшүп жүргөн жигитим ала качып кетти. «Отурбайм, окуйм» десем, апам «кызым, минтип оорукчан болуп калдым. Көзүм тирүүсүндө очок-орун тапсаң жакшы болмок. Жок дегенде небере жытын жыттап өлсөм арманым болбос эле» деп жашып калды. Жаштыгыма карабай, апамдын сөзүн угуп отуруп калдым. Кийинчерээк кош бойлуу болгонумду айтканымда «менин туулган күнүмдө төрө. Мага чоң белек болсун» деп сүйүнгөн эле. Апамдын оозуна сала бергенби, айткандай эле туулган күнүндө неберелүү кылып сүйүнттүк. Бирок апамдын сүйүнүчү көпкө созулган жок. Уулум 2 айлык болгондо, өнөкөт оорусунун азабынан 2006-жылы биз менен коштошуп кете берди. Азыр ойлосом, апам ичер суусу түгөнүп баратканын алдын ала сезип жүргөн экен. Мына ошентип бул дүйнөдөгү эң кымбат адамымдан, таянар тоомдон, сырдашымдан айрылып мүңкүрөп кала бердим.
Бир жолу төркүнүмө барганымда альбомдон апам менен бир кишинин сүрөтүн көрүп калдым. Экөө аябай окшош экен. Таякеме көрсөтсөм, «бул сенин атаң. Сен 3 жашка чыкканыңда келген. Ыйлап такыр жолобой койгонсуң. Атаң түшүнүктүү, жакшы киши болчу. Сен чоң энеңе аябай окшошсуң» деди. Ошондон тарта менде «апам келбес жайга кетти. Атам тирүү да, аны таап катташып алсам» деген ой жаралды. Апам өлөрүндө курбусуна «Алтынайдын атасын сен тааныйсың, экөөнү табыштырып кой» деген экен. Бирок ал курбусу мени атам менен табыштырмак түгүл, өзү селсаяк болуп кетти.
Атамдын аты-жөнү Осмоналиев Алыбек Кыдырмаевич экен. Туулган жылын, айын билбейм. Апам экөө Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында ЗАГСка катталышыптыр. Мунун баарын туулгандыгым тууралуу күбөлүктөн окуп билдим. Таажеңем атамдын сүрөтүн көтөрүп аталган айылга барып сураштырса, «үйүн сатып көчүп кетишкен» дешиптир. Кийин атамдын ошол жалгыз сүрөтүн да жоготуп алдым. Дагы бир укканым, ал убагында Сокулуктагы паспорт столунда иштептир. Атам тууралуу билген маалыматым болгону ушул.
Учурда үч баламды тарбиялап үйдөмүн. Атамды таап, ата-баладай баарлашып отургум келет. Ата, эгер менин издеп жатканымды окуп же угуп калсаңыз, мени менен байланышыңыз. Сизден жакшы кабар күткөн кызыңыз Алтынай, күйөө балаңыз, жээндериңиз Нуртилек, Нуман, Рамазан.
т.: (0778) 70-52-00, (0778) 70-52-01, (0770) 52-22-34.


Кат куржун

“КЫЗЫМ, СЕНИ БИР ТУУГАНДАРЫҢ КҮТҮП ЖАТЫШАТ”
– 1986-жылы туулган кызым Касымбекова Гүлнараны издейм. Жашоо шартымдын начардыгынан улам студент кезимде 8 айлык кызымды чолпон-аталык Минагүл деген эже багып алган эле. Кийин Минагүл эже кызымдын аты-жөнүн Төлөмүшова Салтанат деп өзгөртүп салыптыр. Акыркы уккан маалыматым боюнча, кызым Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылына турмуш чыгыптыр. Гүлнара, кызым, баары бир бир тууган керек. Бир туугандарың менен байланышып, катташып ал. Сени бир туугандарың Майрамбек, Назгүл, Курманбек күтүп жатышат. Апаң Атыркүл.

“ТАЛАСТЫК АНАРКУЛ, КАБАРЫҢДЫ БИЛДИР”
– Мындан 20 жыл жыл мурун Токтогул районундагы Крупская атындагы орто мектепте чогуу иштеген кесиптешим таластык Турдукулов Анаркулдун үй-бүлөсүн издейм. Аялынын аты-жөнү Жийдебаева Бермет болчу. Турмуш шартка байланыштуу алар Таласка, биз Көлгө көчүп кеткенбиз. Ошондон бери ортобуздагы байланыш үзүлүп, катташпай калдык. Турдубек, эгер окуп калсаң, биз менен байланыш. Силерден кабар күткөн Ысык-Көлдөн Азамат, Миранын үй-бүлөсү. т.: (0778) 69-07-70, (0553) 11-26-89.

КЛАССТАШЫМДЫ ИЗДЕЙМ
Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну классташым Кудайберди кызы Нуржамалды издейм. Нуржамал экөөбүз 2009-жылдын сентябрь айынан бери байланыша элекпиз. Менимче, ал Бишкекте эле болсо керек. Байланышайын десем, телефону өчүк. Нуржамал, окуп калсаң, мага чал. Бурулай, (0770) 12-35-50.

“НАЗГҮЛ, САЛГАН УЯБЫЗДЫ БУЗБАЙЛЫ”
– Угушумча, “Супер-Инфо” гезити Орусияга да жетет экен. Ошондуктан сиздер аркылуу келинчегим Назгүл Садыралиеваны издөөнү чечтим.
Назгүл экөөбүз сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Бирок негедир апам, эжемдер анын кылган иштеринен кыйкым табышып, анча жактыра беришкен жок. Алардын мындай мамилелерине араң чыдап жүргөнүндө, мен да жөн жерден аны таарынтып алдым. Эртеси жумушка кетсем, кийимдерин алып эч кимге айтпай кетип калыптыр. Үйдөгүлөрдүн сөзүнө кирип мен да артынан барбай же телефон чалбай койдум. Бир жумадан кийин чыдабай үйүнө барсам, кайненем «байке-жеңесинин жанына, Екатеринбургга кетип калды» деп койду.
Назгүл, экөөбүз баарын жеңебиз дечү эмес белек. Кел, салган уябызды бузбайлы. Сенин телефон чалышыңды күткөн жолдошуң Марат.

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз,
анда Бишкек-48, а/я 1520 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Датка кыз
2010-02-01 17:53:05
Алтынай атасынын бир туугнадарын тааптыр. Тилекке каршы атасы каза болуп калыптыр.Бактылуу бол Алтынайка.
0
Joldoshbek
2010-02-03 14:56:15
Эх, чиркин. Элдин баары "Супер-Инфону" мен окугандай окуса, кудай буюрса 2011-жылдан баштап бири-бирин издеген адам калбас эле...
Ушундай шарт тузуп бергениниздер учун сиздерге мин мертебе "РАХМАТ!", урматтуу "Супер-Инфо" гезитинин жамааты...
0
Tokmok
2010-02-07 02:00:47
Altynai baktyluuu bol!
0
donna
2010-03-02 04:15:31
Алтынай сага бакыт каалайм. омурлуу бол.
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан