ОРУС ТЕЛЕКАНАЛДАРЫНА ӨЗГӨЧӨ МАКАМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООР ТАЛКУУДАН АЛЫНЫП САЛЫНДЫ

Өкмөттүн орусиялык «Первый канал. Всемирная сеть» жана «Россия планета» телеканалдарына өзгөчө макам берүү боюнча аракети коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, ачуу сындар менен коштолду. «Аталган долбоор колдоо таба турган болсо, Кыргызстандын мыйзамындагы чет элдик маалымат каражаттары боюнча чектөөлөр орусиялык аталган эки телеканалга карата колдонулбайт. Мындан тышкары орус тилин жана орус контентин колдонуу боюнча коюлган чек сакталбайт. Ошону менен катар аталган эки телеканалды өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын аймагында атайын шарттар түзүлөт» деп долбоордо жазылат. Бул долбоорду Орусия тарап сунуштап, коомдук талкууга Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алып чыккан. Жарандык коом кескин каршылыгын билдирген соӊ бул долбоор коомдук талкуудан алынып салынды. Өкмөт аны юристтердин катачылыгы катары түшүндүрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Назира Ахмедова: «Бул жөн гана макулдашуу болчу. Ал мыйзам долбоору болбогондон кийин коомдук талкууга коюлбайт. Биз макулдашууга макул же макул эместигибизди билдиребиз. Өкмөт эӊ ириде мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт. Бул маселеге коомдун пикири кандай экени көрүндү. Ал да сөзсүз эске алынат. Азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек, аталган макулдашуу жаӊы гана келип түштү. Кайсы бир чечимди кабыл аларда атайын адистер, эксперттер чакырылып, бардык тарабы каралган соӊ анан бирдиктүү чечим кабыл алынат»,- деп билдирди.
14-январда депутат Жанар Акаев Жогорку Кеӊеште аталган маселени көтөрүп, орусиялык телеканалдарга өзгөчө макам берүү мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч алып келе турганын белгиледи. Эл өкүлү: «Маалымат согушу күч алган учурда улуттук маалыматтык коопсуздукту күчөтпөй, тескерисинче, башка мамлекеттин телеканалдарын төргө өткөргөнүбүз чоӊ ката. Өкмөт бул жаатта сөзсүз Жогорку Кеӊеш менен макулдашсын»,- деген талап койду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zarema94
2016-01-18 13:12:41
Жанар Акаев-эркек!
+4
lale82
2016-01-18 16:02:17
туура кылган ,кереги жок,бул орусиянын орусташуу саясаты.караманча каршымын!!!
+2
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан