КАЙБЕРЕНДЕРДИН КАРГЫШЫНА КАЛБАЙБЫЗБЫ?

Көк мелжиген тоолорубузду тоо теке, аркар-кулжалар мекендегендиктен Кыргызстан кайберендердин мекени деп чынында сыймыктансак болот. Бирок ансыз да азайып бараткан сейрек кездешүүчү бул жаныбарларды өзүбүз эле жырткычтарча кыруудабыз.

КООМЧУЛУКТА ТАЛКУУ ЖАРАТКАН МЕРГЕНЧИЛИК
Өткөн жылдын аягында Кадамжай районунун прокуратура, салык жана экологияны коргоо кызматкерлери бир нече тоо текени атып, өлтүрүлгөн жаныбарлар менен түшкөн сүрөттөрү интернетте тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууну жараткан. Анда «укук жана жаратылышты коргой турган кызматкерлер өзүлөрү ансыз да азайып бараткан жаныбарларды атканы туурабы?» деп коомчулук катуу сынга алган.
«Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы январь айынын башында чыгып калат» деп Башкы прокуратурадан маалымдашкан эле. Бирок азырынча иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек. Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери Искендер Жолдошовдун үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзгөн атайын комиссия аӊчылык мыйзамдуу болгонун аныктап чыккан.

«БИР ДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ МЕРГЕНЧИ 450 МИҢ СОМ ТӨЛӨП АРКАР АТКАН ФАКТ ЖОК»
Былтыр аркар-кулжа, тоо теке сыяктуу ача туяктуу жаныбарларга аӊчылык кылууга 2 жылга мораторий киргизилген. Бирок ошол эле учурда чет элдик аӊчылар бул кайберендерди атып кете беришет. Аларды атууга уруксат кагаздары Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти тарабынан берилет. Аталган департаменттин жетекчиси Алмаз Мусаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Аӊчылыкка лицензияны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги берчү, 2015-жылдын сентябрь айынан бери биздин департаментке өткөн. Мурда аӊчылык
фирмалары кардары жок болсо деле бир нече лицензия алышып, калбай калды деп ажиотаж кылып башкаларга кымбат сатып жүрүшчү. Эми болсо фирмалар чет элдик аӊчынын Кыргызстанга келүү үчүн алган билетинин көчүрмөсүн көрсөткөндө гана лицензия берип жатабыз. Жергиликтүү мергенчилерге деле лицензия бермекпиз, бирок бир да жергиликтүү мергенчи 450 миӊ сом төлөп аркар аткан факт жок.

«ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ҮЧҮН ПАРА АЛЫП КАРМАЛГАН»
«Кайберен атууга лицензия берүүнү бизнеске айландырып алышкан» деп да айтылып жүрөт. Буга мисал, 2014-жылдын октябрь айында милиция кызматкерлери тарабынан Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкери Өмүрбек Мусаканов лицензия берүү үчүн пара талап кылган деген шек менен кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Аӊчылыкка лицензия берүүчү комиссиянын төрагасынын орун басары Өмүрбек Мусаканов бир нече аркар-кулжа жана тоо эчкиге лицензия берүү үчүн Бишкек шаарынын тургунунан 15 400 доллар пара талап кылган. Ал пара катары 9500 долларды алган соӊ биздин кызматкерлер аны кармоого аракет кылышкан. Бирок ал үйүн ичинен кулпулап алып ачпай койгон. Кызматкерлер терезе аркылуу кирген учурда Өмүрбек Мусаканов пара катары алган акчаны өрттөп жаткан болгон. Текшерүү учурунда анын үйүнөн мындан башка да 39 миӊ доллар, 10 миӊ евро жана алдын ала даярдалган мыйзамсыз уруксат кагаздары табылган. Кийин бул ишти тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүп бергенбиз.

КАЙБЕРЕНДИ КИМДЕР КӨП АТЫШАТ?
«Аркар-кулжаны атууга таптакыр эле тыюу салуу керек» дегендер да көп. Бирок бул кагаз жүзүндө эле калып, браконьерликтин санын көбөйтүп жибербейби? Себеби өлкөбүздө мыйзамдуу түрдө лицензия алып, анда көрсөтүлгөн жаныбарларды чектен ашырбай аткандардан сырткары да лицензия деген эмне экендигин же аны «уруп» да койбогон мергенчилер көп. Ошондой эле «күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да мыйзамсыз аӊчылыкка көп чыгышат» деп айтылып келет.
Мисалга, 2015-жылдын 23-августунда Чоӊ-Алай районундагы «Карамык» чек ара заставасында кызмат өтөгөн Бексултан Бааридинов аттуу жоокер автоматы менен жоголуп кетип, эмдигиче табыла элек. Чек ара кызматы алгач аны «нарядга чыккан боюнча кайрылып келген эмес» деп жарыялаган. Бирок иликтөө иштеринин жыйынтыгында аскер прокуратурасы Бексултан Бааридинов менен кошо дагы 3 жоокер аӊчылыкка чыккандыгы аныкталганын билдирген.
Ал эми коомчулукка белгисиз мындай аӊчылыкка чыккандар канча экендигин бир Кудай билет. Акыркы кездерде аркар-кулжага аӊчылыкка чыгуу аттуу-баштуу адамдар арасында да модага айланган. Эӊ оболу ушундай мергенчилерди токтотсок, кайберендердин да саны өсөт беле?..


«Супердин» сурак бурчу
Сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды атууга тыюу салуу керекпи?
Батырбек Матешов, 40 жашта:
– Жакшы болмок. Бирок ошол эле мыйзамды чыгарган депутаттар ал жаныбарларды атпайт деп эч ким кепил боло албайт. Депутат менен чиновниктер өздөрү мыйзамсыз аӊчылык кылып жүрүшөт. Мисалы, 15 жыл мурун Эркинбек Матыев деген депутат аӊчылыкка тыюу салынган убакта тик учак менен Нарында аӊчылык кылып жүрүп каза болгон.

Турдубү Тууганбаева, 56 жашта:
– Туура эле. Кызыл китепке кирген бардык жаныбарларга аӊчылык кылгандын ордуна аларды сүрөткө тартуу сыяктуу экотуризмди өнүктүрүү керек деп ойлойм. Ошондо аркар, илбирс сыяктуу жаныбарларды көрүп, алар менен сүрөткө түшүү үчүн өлкөбүзгө келген туристтердин саны да өсөт беле?..

Фархат Козубек уулу, 31 жашта:
– Тыюу салса туура эле болот. Бирок мылтыгы каттоодон өтпөгөн аӊчылар деле толтура да. Алардан башка чабан, малчы, токойчулар деле тоо теке, кыргоол сыяктууларды атып жүрүшпөйбү? Алардын уруксат алып атып жүргөнүн укпаптырмын. Тыюу салынганда эле алар атпай калса жакшы го...

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
STAN_KG
2016-01-18 16:22:40
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү керек! Анткени жапайы жаныбарларды атууга тыйуу салуу керек! Кулжаны, тоо теке, элик, илбирсти мыйзамсыз аткандарга кеминде 1000 000 миллион айып салуу керек.
+2
bagira77
2016-01-18 20:41:08
Тынар айткандай 120кою бар атам бай дегендей...
0
elbor
2016-01-23 14:23:31
Аркар текелрди аткандон коро ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-01-26 11:12:26
elbor,
Эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!


0
Bolotov8686
2016-01-18 21:20:46
Чондор таксовайтеткендин ордуна, ушул проблеммаларды карашса болот эле. Бишкекте таксистер жетишпей жатса бир жон эле.
+1
mts0001
2016-01-18 21:27:12
мындай маселелрди караганга убактысы жок ал 120нын азыр оздорунон бошобой жатышат
+2
akubeku
2016-01-19 11:54:15
таптакыр тыйуу салса жакшы болмок
аллах берген олконун байлыгыда аны
башка мамлеттен келип атууну жок кылыш керек
+3
suymon
2016-01-19 19:06:55
Баткен областынын Лейлек ройонунда мергенчилик менен алектенген жашоочулар бар."Катыран" "Андиген"тоолорундагы тоо эчкилерин кырып жок кылып келет.айылга алып келип этин саткандар да бар
+1
gitaris93
2016-01-20 01:07:25
120 депутатты иштен алыш керек Кыргызстан кичинекей мамлекет 12 депутат бир бирине атаандашып жакшы иштеп койсо кыргызстан бат эле онолот
+2
azamatisrail1984kg
2016-01-20 20:50:03
ачка болуп атып кармаса мейли,жашоого мумкунчулук шарт болуп туруп анчы улоо кылыш бул ообужоктук
+3
Komrad
2016-01-21 16:32:05
Жалпы онугуу болгуча ушундай кылмыштар боло берет
0
nazgul90
2016-01-22 15:22:20
Ар нерсенин оз убалы бар .
+1
elbor
2016-01-23 14:21:21
Биздин чондорубуз аркы дуйнону ойлоп коюшса болмок, кантип жооп берём деп,,
+1
Sonyvaio
2016-01-23 18:51:47
Тоо текелер, кайберендер кыскасы тоодогу жанбарлардын баарынын эттери министрлер менен депутаттардын муздаткычтарында батпай жатат. Бети жоктор атайын тоодон тоо теке аттырып жешет биздин жупутаттар менен минебереттер.
+1
adilbars
2016-01-23 19:30:14
Каргыш тийсин кайберен аткандарга!
0
nur_zhoni
2016-01-24 02:14:53
Бул жаныбарларды кыргызстандын корку болгон 120 депутатыбыз оздору заказ берип атырып жешетго бизде окмот иштебейт окмот жесем жесем жана кидала кылсам ошону ойлойт
0
Temir.WwwKG86
2016-01-25 06:03:26
Мен ушу токой чарба министрлигини кантип жумушка кирсем болот.
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан