ТАҢКЫ ПАЙДАЛУУ 10 АДАТ

Дени сак, сергек жашоону кимдер гана каалабайт? Бирок ал үчүн аракет кылгандар аз. «Сөзсүз ушул дүйшөмбүдөн тартып диетага отурам, спорт менен алектенем, жок дегенде таӊ эрте чуркап арыктоону баштайм» дегендер канча? А бирок убактысы келгенде күнүмдүк турмуштун түйшүгүнө алаксып, пландалган бойдон кала берет. Урматтуу окурман, дүйшөмбүнү күтпөй эле бүгүнтөн баштап пайдалуу адаттарга өзүбүздү көндүрө баштайлы. Ал үчүн ушул макала жардамчы болсун.|

1) Эрте ойгонуӊуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.

2) Төшөктөн туруп эле терезеӊизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиӊиз. Бул сиздин уйкусурабай дароо жанданышыӊызга жардам берет.

3) Ачкарын бир стакан суу ичиӊиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаӊыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеӊиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таӊкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүӊүз.

4) Сөзсүз тамактаныӊыз. Кофе бул тамак эмес! Ойгонгон соӊ эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиӊиз керек. Тамак жасоого убакыт коротпой таӊдын камын кечинде көрүп, каалаган нерсеӊизди бышырып коюӊуз. Канчалык шашылып жатсаӊыз да 10 мүнөт тынч отуруп тамак жегенге көнүӊүз.
Эгер эч жакка барбасаӊыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып дасторконго отуруӊуз. Антпесе таӊ эрте өзүӊүздү жүдөмүш сезгениӊиз акырындан депрессияга жол таап берет.

5) Курамында белогу бар даамдарды тандоо керек. Мисалы, жумуртка, балык же йогурт.

6) Таӊкы медитация. Бул учурда өзүӊүз менен өзүӊүз сүйлөшпөй, жаман нерселерди ойлонбоӊуз.Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүӊүздү элестетип, башыӊыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеӊиз. Медитация учурундагы позитивдүү ойлор ашыкча салмактан арылууга да жардамчы экени эсиӊизде болсун.

7) Ашыкча салмактан арылууга көк чай жардамга келет. Ал организмдеги зат алмашууну тездетип, жыйынтыгында майлардын эришине себепкер болот.

8) Телефонуӊузга «мен сергек жашоону тандайм, зыяндуу адаттарга алданбайм» деген сыяктуу эскертүүчү коӊгуроону коюп коюӊуз. Бул айланадагы азгырыктарга алдырбоого жакшы өбөлгө болот.

9) 10 мүнөт тамашалуу видео көрүӊүз же анекдот окуӊуз. Өзүӊүздү кармабай каалаганча каткырып, эс алып алыӊыз.

10) Жогорудагы кеӊештерди аткарам десеӊиз, анда эрте уктоо керек. Себеби кеч жатып, эрте ойгоном деп уйкуӊуз канбай, өзүӊүзгө пайданын ордуна зыян тийгизип алышыӊыз ыктымал.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Birimdik5555
2016-01-20 03:07:12
Мм жакшы кенештер экен
0
karasuu
2016-01-20 15:21:08
ммм...кыскасы багымдатка турган бойдон уктабасанар ошондо эн сонун воооопще бардыка жетишесинер...
0
НУРИ
2016-01-21 02:45:40
Bereke 10 сонун жазыптырсын,мен дагы кошулам.Менин жашоомду жазып койгонбу деп да ойлонуп кеттим.:-)
0
stal.ks
2016-01-21 11:46:26
иши жоктор не кылат жата беребизда, туну бир маалга чейин тв коруп
+3
Nurrka
2016-01-21 17:44:25
Сулуу кыз екен, фигурасына соз жок жаактыы)))
-1
Inna_91
2016-01-21 19:42:52
Жакшы кеннештер аткарсак бизге пайда
0
Inna_91
2016-01-21 19:46:09
Мен дайыма тамактан алдын 1стакан суу ичем тамакты саат 6 дан кийин тамак жебейм ушул адатка уйронуп калдым
+1
tabyshmak
2016-01-22 10:19:54
Иии бул танкы 10 пайдалууну жасоого бойдоктор эле аракет кылбаса... мага окшогондордо таптакыр убакыт жок. Эрте менен баланын ойгонушу менен ойгоносун. Кечинде бала уктагандан кийин бир топ майда-барат иштерди жасайсын. Уйкуга киришкичен тун болот. Даже туш корууго жетишпей каласын. Анан эле балан ойгонот. Ал ойгонгондо уйкун канса, канбаса турушун керек. Чын эле, ойлоп корсом, коптон бери туш корбойт экенмин...
+1
dubai
2016-01-22 22:32:50
ушулардын ичинен бироон эле аткарат экенмин-бир стакан суу,всё.
0
rozka
2016-01-22 23:08:07
Бул кенеш мага эле жазылгандай балдарым чонойгон фигурага карап калгамын. Жакшы кенеш экен дагы кутобуз
0
mergen4i
2016-01-23 15:24:46
rozka,))))))))))))))))
Балдарыыы(баласы да эмес).Значить их несколько.А после нескольких родов какая фигура может быть я не знаю)))
-1
dinar-87
2016-01-23 22:08:24
Балдарым тынч отурганы ошо мага танкы маанай ,туну менен жок дегенде 4!5жолу ойгоносун балдарды караганы бул эрежелерди мен сактай албайт экенмин.
0
guzi9898
2016-01-24 02:16:28
Жакшы кенеш экен,сиздерге чон рахмат.
0
Mazia88
2016-01-24 04:35:46
Эртен менен туруп Намаз окугула, дуа кылгыла. Кечке чейин настроение 5+
0
inspektor.kg84
2016-03-12 21:52:58
ар бир кыргызстанда жашаган жарандардын айлык акысы ушундай адатка конууго жетет болду бекен
0
kanykei95
2016-03-18 00:28:03
1aida 1je 2 jolu ele dem alam ubakyt jok erte mn kozumdu achyp jumup jatyp jumushka kettem 1 stakan suunu ichkenge zoorgo jetishem
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан