«АЗИЯ МИКС» ОРУСИЯНЫН КВНине КАТЫША АЛБАЙБЫ?

Кыргызстандын атын куудулдук өнөрү менен чет өлкөлөргө таанытып келе жаткан «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку Лигасынын келерки сезонуна каражаттын жоктугунан катышпай калышы мүмкүн. Аталган команданын директору Камила Абдилдин айтымында, алар буга чейинки оюндарга чет өлкөдөгү адамдардын колдоосу менен катышып келишкен.
«Командага Кыргызстандан кээде эле жардам көрсөтүлөт. Бирок балдар ар бир демөөрчүнүн иш-чараларына катышып же жарнамаларына тартылып жүрүшөт. Былтыркы Москва мэринин кубогунда команда капитаны Эльдияр Кененсаров демөөрчү таба албай, оюнга катышууга кеткен 10 миӊ доллар анын моюнунда калган. Андыктан олчойгон карыздан жана демөөрчүнүн жоктугунан жаӊы сезонго катышпай калуу маселеси жаралууда. Кийинки сезонго катышабызбы же жокпу жакында белгилүү болот»,- дейт команданын директору.
Эске салсак, аталган команда Орусиянын Светлогорск шаарында өткөн «Голосящий КиВин-2015» музыкалык фестивалында жеӊүүчү болгон. Ага удаа эле КВНдин Жогорку Лигасынын жарым финалына чейин жетишкен.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
ere
2016-01-18 09:48:59
колдоо болсо Кыргызстанга эле жакшы болмок бирок...
+6
kama_future_millioner
2016-01-18 10:12:23
Акчасын кайда чачарын билбеген атуу баштуулар кайда журот жардам берсе болотко, мамдекетт тарапттан да жардам корсотулуп калса жакшы болот эле
+13
asad345
2016-01-18 11:13:20
Тамашоуга эле катыша бербейби ошончо расход кылып алыска барбай эле,
-14
venchik
2016-01-18 11:27:59
asad345, Тамашоу бул Кыргызстан ичиндеги эле оюн. А Орусияныкы бул бир нече тепкич жогорку баскычта. Сауна, сулуу кыздарга чачкан депутаттар ушундай таланттарды котормолоп колдоо корсотуп коюшса го(((.
+12
PeRa
2016-01-18 12:35:51
Аттары деле таанылып, эл билип калды. Акча сурап отура бербей жакшы менеджер менен иштесе бул сумманы жаны жылда деле иштеп таап коюшмак.
-8
Altyn91k
2016-01-18 17:15:10
Азия микс, силерге чоон таазим ! Азаматсынар, Кененсаров тарыхта каласын !
+5
Altyn91k
2016-01-18 17:15:42
красавцы
+1
incognito1
2016-01-19 00:52:09
300 000 $ керек деп ызы-чуу кылып жатышпады беле? Элдин баарын дурболонго салып. Ал акчага мектеп куруп койсо болот деп элдер нараазы болуп жатышкан.
0
asad345
2016-01-19 09:32:15
Сариев 1000 000 берди элего
0
esimdesin
2016-01-19 23:30:16
деле бир ушу квн жагына кызыга албай койдум.
0
jama9210
2016-01-20 16:20:34
Мага жагат АзияМикс
0
omur_1
2016-01-20 21:23:50
силерди калтырбай кором барбасанар болбойт
0
begai93
2016-01-24 06:46:58
Молодецтер!
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан