АЯНА КАСЫМОВА СЕЛИН ДИОНГО ЖОЛУКТУ

Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университети жаш ырчы Аяна Касымовага 5 жыл бекер окуу сертификатын берди. Бул тууралуу окуу жайдын Таанытуу борборунун директору Жыргалбек Аманкулов: «Университет Аяна Касымовага маданиятка кошкон салымы үчүн бул орунду берүүнү чечти. Мындай себеп менен окуу жай алгачкы жолу маданият өкүлдөрүнө орун берип жатат,- дейт.
Андан сырткары Аяна жакында Америкага барып сүйүктүү ырчысы Селин Диондун концертине күбө болуп келди. Балалык кыялын орундаткан ырчы: «5 жашымда «Титаник» тасмасын көргөндөн бери Селин Дионду өз көзүм менен көрүп, анын концертине барсам деп кыялданчумун. Жарым жыл мурун анын сахнага кайтканын билип, билетти брондоп койгом. Концерт башталганда намысты жыйыштырып коюп 10 катардан ашып өтүп, кумириме жетип сүрөткө түштүм»,- деп толкунданып интернет баракчасына билдирүү калтырган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
ZHaziko
2016-01-19 21:27:22
Азамат эми ошо Селин Дионду артка таштап ашып кетишинди каалайм
+1
jamal1993
2016-01-19 21:44:16
Жакшы мммм ошолда тилекпи,андан коро башка нерсе жокпу?
+1
Davlet1994
2016-01-20 00:49:01
абийирди эле кетириптир андан башка эч нерсе эмес
0
bekbolot1964
2016-01-20 13:09:21
ХХХ дегенден башка соз айьа албайм, уят пазооор!!!! периште болсо да не болуптур!
0
admin_superstan
2016-01-20 15:14:13
bekbolot1964,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
Azamat.A.A
2016-01-21 06:35:59
Сен азаматсын!! Ушундайындан жазба!! Ар бир койгон максатына жет!!!Селин Дион дуйнолук ырчы жанынан суротко эмес баскандан 20жылдан бери иштеген модельерлери толкунданышат экен...Селин жонундо худ.кинодо коргом.. сен азыркыдай темп мененозундун унун менен чогуу ырдап калуун да ыктымал...
+1
Azamat.A.A
2016-01-21 06:55:26
Жугуштуу болсун! Селин Диондой болуп Сен да без фонограмма дуйно жузуно концерт коюп элдин дунгуроткон ырчы бол!!! Селин дин фанаткасы Болсон билсен керек чон аренадагы концеттеринде анын кийим алмаштыруу жайы сахнанын алдында..) Акырында ошол жака барсан болмок...мумкун дагы жакын таанышат белен...Сен азыр кыргызда 1ырчылардансын...Селин Диондун жашында Кыргызстан ды дуйного таанылтасын Бир Гана тайманба..не слушай всяких базарных баб))
+2
Buratino
2016-01-21 09:17:21
Эн сонун! Азаматсын! Тилеген максаттарындын бироосу ишке ашыптыр. Мен деле ордуна болгондо ыйламакмын. 5 жашынан бери кыялданып келген нерсеси ишке ашыптыр анын эч уят, позор же абийир кетире турган жери жок. Ал жаман иш кылган жок анчалык уят дегидей. Же жыланач чечинип алыптырбы же кочого чыгып алыптырбы?
0
amanatym
2016-01-21 09:22:53
оло ыйлаган го....энесин коргондой коптон бери корбой
+2
Inna_91
2016-01-21 23:59:30
Ушул аяна касымова мага вобше жакпайт телевизордон чыкса эле аллергия чыгып кетет
+1
Inna_91
2016-01-22 00:04:06
Жакпайт
+2
NurSezim1214
2016-01-22 04:02:58
Ийгилик калаймын талантын оркундоп осо берсин Аяна сен акылдуу сулуу талантуу кызсын
-2
Aisanur_89kg
2016-01-22 19:43:03
Кыялына жетип суйунучтон ыйлап алыптыр,уну жакшы ырчы болсо болгудай бирок озу бешене тери менен ыр жазып,обон чыгарып ырдаса жакшы болмок,ар кимдин ырын ырдап озун звездамын деп журбой,звезда болуш учун кооп иштеш керек
0
Beku90
2016-01-22 20:08:56
Азаматсын Аяна.
0
begai93
2016-01-24 06:49:00
Мынча соонун! Меники Габриела Спаник ооллло жакшы корчум дааа иий )))))
0
Lyubimka
2016-01-27 12:36:54
Менин бир толкунданганым эсимде...Ырчы Ырыскелди Осмонкулов популярдуулугу туу чокуда болуп турган кез...Универден бир концертке кыйнап билет сатышты..кыздар бардык концертке филармонияга..."ээк эми барып королу, алгандан киин" деп...анан эле менин суйгон ырычым чыгып ырдап калса болобу!...ушундай бир кол чаап, кыйкырыптырмын..кыздар "ээ кой эй, кой" деп ордума отургузушкан...антпесе мен деле ыйлап, жанына жетип бармактырмын...бул эмоция айтып бергис эмоция!!! :-)
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан