"БОЛЬШИЕ ЛЮДИ" ДОЛБООРУНДАГЫ БЕМА ЭМИ БИЙЧИ БОЛУП ТААНЫЛАБЫ?

«Тамашоудо» «Юристтер» командасында ойноп, кийинчерээк «Большие люди» долбоорунда Беманын ролун жараткан куудул кыз Жибек Нурманбетова эсиӊизде болсо керек? Бул бийкеч «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын супер күлкү жаратуучусу» наамына татыган Саламат Алиевге турмушка чыгып, АКШда жашап жатышкан эле. Жибек бир нече жыл мурун гезитибизге берген маегинде Голливудда жашап, тасмаларга тартылуу кыялы бар экенин айткан. «Жаштын тилегин берет» дегендей, анын бул кыялдары акырындап орундала баштагандай. Бийлегенди жактырган мекендешибиз учурда Америкадагы эл аралык бий академиялардын биринде бийчи болуп жүрөт. Ал интернеттеги жеке баракчасына байма-бай машыгуу учурун, америкалык Рэйвон аттуу ырчынын клибине тартылган видеосун, атактуу ырчылар менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөп келет. Сыягы, Жибек бийчи катары АКШны багындыра баштаган окшойт.

Жибектин бий академиясында машыгып жаткан учуру.


Жибек "Большие люди" долбоорундагы жеңил ойлуу кыз - Беманын ролу аркылуу көпчүлүккө таанылган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
aizada15
2016-01-18 14:44:09
Тамашоудо ойногондо жакчу,аракет кылып максатына жетсин
+2
asad345
2016-01-18 15:47:53
Куйоосу деги билеби жупжука койнок менен башка бироо менен ушинтип бийлеп жатканын
0
Gulnaz.GS
2016-01-19 04:18:12
Бул видео дон кийин эч Ким албайт деп ойлогом.бети вообще калын го
+2
sakulai
2016-01-21 01:28:01
Gulnaz.GS,кандай видео эле мага кызык болуп калды....кайдан корсо болот?
+2
sagy0106
2016-01-23 02:02:36
Gulnaz.GS,ал кандай видео болчу
0
jan0097
2016-01-19 08:51:20
азыркы кыздарда уят деген жок ....дагы сариев айтып койот кыргыз озунун салты менен жашаш керек деп ...азыр кыргыздын салты емес европанын салты мемен жашайбыз ....100%
-1
aman0296
2016-01-21 17:05:33
Бактылуу болсун
0
Patriot...kg
2016-01-21 22:10:48
Бай болгурлар эмне видео эле айтып койгулачы
+1
dubai
2016-01-22 00:13:30
ал видеону очуртуп салышыптыр,канча издеп таба албай койдум)
0
magic1721
2016-01-22 00:49:32
Видео алынып салган, бир эки ай журду бирок.
0
magic1721
2016-01-22 00:50:38
Айтмакчы! качан уйлонушту эле?
0
tabyshmak
2016-01-22 09:58:17
Ошол видео кандай видео болду экен? "Большие люди"син да коргон эмес экенмин. Жанагы "Пустой дом"догу кыздын ролун аткарган кыз деле турмушка чыккан го. Бул кыз андан да жаман ролду ойногонбу?
0
Top
2016-01-22 10:19:07
Ал видео Саламатга арналган го дейм анда
0
Sofiya98
2016-01-22 11:03:04
Ким бул.азыркылар алат кылып алды мактанганды
0
Shaa-82
2016-01-23 10:47:15
Неси болсо да бактылуу болушсун.
0
Arlenchik
2016-01-23 18:04:50
Жанылбас жаак,мудурулбос туяк болбойт откон нерсенин эмнесин козгоп атасынар баарынарле катасыз жургонсуп,жакшы жашап атышабы андай билдируулорду бул жерде калтырып кереги жок,эски жаратын козгоп,оздору окуса кандай маанайда калышат,жонле окуп коюп чыгып кеткиле.
+1
aza-murat
2017-11-17 15:36:41
Баарынар эле шумдук ыймандуу адептуу болуп кетесинер да. Андан коро ийгилик каалап максатына жет деп тилек айтпайсынарбы. Мисалы кыздар бирди торосонор эле курсагынар чыгып шалбырап озунорду карабай каласынар, озунор таза жургонсуп башканы ушактайсынар, ал эми балдар майга жетпей сасык деп кыйын болуп аны мазактайсынар. Чынында ичинер куйуп орттонуп атасынар ушуга жетсем кана деп .
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан