САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү президент Курманбек Бакиев элге кайрылуу жасап, “Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын өткөрүү” боюнча жарлыкка кол койду. Ынтымак Курултайы 2010-жылдын 23-мартына белгиленди.

Президент элге кайрылуусунда: “Ынтымак Курултайына эл-жер деп күйгөн жалын жүрөк азаматтарды, журтуна кадыры өткөн акылман карыларды шайласаңыздар деп өтүнөм. Курултай иш жүзүндө бүт кыргызстандыктарды, Кыргызстанды өзүнүн бирден-бир мекени деп эсептегендерди бириктирүүнүн ордосу болуп калууга тийиш. Биз биргеликте алдыбызга койгон максаттарга жетерибизге терең ишенем. Бар бололу, бир бололу, азиз мекендештерим”,- деген сөздөрүн айтты. Айта кетсек, Ынтымак Курултайы 2010-жылдын 23-мартына белгиленди. Курултай 750 делегаттан түзүлөт жана алар эки жылдык мөөнөткө шайланышат. Курултайдын делегатына тастыктоочу документ болуп эсептелген мандат берилет. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде КРнын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, соттун чечиминин негизинде иш-аракетке жөндөмсүз деп табылгандар, мурда соттолгондор, жашы жете электер Курултайдын делегаты боло алышпайт.


ИСМАИЛ ИСАКОВДУН 85 ЖАШТАГЫ АПАСЫ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

2010-жылдын 11-январь күнү генерал-лейтенанттык чининен ажыратылып, 8 жылга эркинен ажыраган Исмаил Исаковдун 85 жаштагы апасы ачкачылык жарыялады.

Буга чейин экс-министрдин жактоочулары, коргоочулары И.Исаковдун эркиндигин талап кылып, коргоо комитеттерин түзүшкөн. Ошону менен бирге Бишкекте жана кичи мекени Алай районунда ачкачылык жарыялашып, нааразычылык акцияларын улантып келишет.
26-январь күнү ачкачылык жарыялагандардын катарына Исмаил Исаковдун 85 жаштагы энеси Анипа апа кошулду. Исмаил мырзанын жубайы Дарийха Оморованын айтымында, баласынын эркиндигин талап кылып, апасынын ачкачылык жарыялаганын Исмаил Исаковго айтышкан жок.


АРДАГЕРЛЕР СТИПЕНДИЯ АЛЫШАТ

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою стипендия берүү боюнча жарлыкка кол коюлду.

Өлкө президенти Курманбек­ Бакиевдин 28-январдагы буйругу менен 2010-жылдын 1-апрелинен баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери ай сайын 3 000 сом өлчөмүндөгү стипендия ала башташат. Ансыз да катары суюлуп бараткан ардагер карыларыбызга мамлекеттин мындай көңүл бөлүүсү кубаныч тартуулаары бышык.


ДАЙЫР АСАНОВГО ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛАТ

Мамлекет башчысы К.Бакиев Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун мүрзөсүнө эстелик тургузуу үчүн каражат бөлүп берди.

Президент Курманбек Бакиевдин 27-январда кол койгон буйругуна ылайык, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун мүрзөсүнө эстелик тургузуу үчүн акча бөлүндү. КРнын Президентинин резервдик фондунан материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында анын жесирине 1 135 000 ­сом өлчөмүндө акча каражат берилмекчи. Кыргыздын сыймыктуу уулу, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов 1922-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жарык дүйнөгө келген. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Өткөн жылдын 18-сентябрында каза тапкан.


КЫРГЫЗДЫН АЛПЫ ҮЙЛҮҮ БОЛДУ

Кыргызстандын алпы аталган Жеңишбек Раимбаевдин кубанып турган кези. Жеңишбекти сүйүнтүп Бишкек мэри Нариман Түлеев 26-январь күнү бир бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырды.

Буга чейин Бишкек шаарында туруктуу жашаганга үйү жок болуп келген алп мырзабыз Жеңишбек Раимбаев Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен бир бөлмөлүү квартиранын ээси болуп калды. Оорусунан улам ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келген Жеңишбекке баш калаадан үйлүү болуу өзгөчө кубаныч тартуулады. Дарылануусуна деп шаар мэри Нариман мырза 20 миң сом акчаны үйдүн ачкычына кошуп тапшырды. Ала-Тоонун алпы үйдүн ачкычын алып жатып президентке, мэрге жана жалпы элге ыраазычылыгын билдирди. Эскерте кетсек, Жеңишбектин боюнун узундугу 2 метр 32 сантиметр, салмагы 150 килограмм жана бут кийиминин өлчөмү 52.


БАЙЛАНЫШТЫН БААСЫ КӨТӨРҮЛӨТ

Кыргызстандын бардык уюлдук байланыш операторлору уюлдук байланыштын баасын 60 тыйынга көтөрмөй болушту.

1-февралдан тартып Кыргызстандын бардык байланыш операторлорунун кызматынан колдонгон кардарлар эми ар бир уланууга 60 тыйын кымбат төлөшмөкчү. Байланыштын баасынын кымбатташын Жогорку Кеңештин “Социал-демократтар” фракциясынын өкүлдөрү «элди каратып туруп тоноо» деп мүнөздөштү. Партиянын жетекчиси Роза ОтунбаеваЭми мына уюлдук байланышка кезек келди. Ар бир чалууңар үчүн мурдакыдан 60 тыйынга кымбат төлөйсүңөр. Булардын алкымы тойбой жатат. Бир жагынан бюджетти жабыш керек. Экинчи жагынан жанагы бизнес топтору менен биздин өкмөт биригип алып, акчаны бөлүшүп аткандагысы...”- деп күйүндү.


«ОРУСИЯДА МАКСИМ БАКИЕВГЕ ТИЕШЕЛҮҮ
ИШКАНАЛАР ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ» ДЕЙБИ?..

“Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевге тиешеси бар Орусиядагы ишканалар текшерилүүдө”,- деп билдирди саясат таануучу А.Князев.

«Орусияда ажонун уулу Максим Бакиевге тиешелүү 18 ишкана текшерилүүдө. Айрымдарына кылмыш иши козголушу мүмкүн». Мындай билдирүүнү КМШ институтунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси, саясат таануучу Александр Князев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Максим Бакиевге тиешелүү экономикалык, каржылык объектилер жана белгилүү “Алтын” холдинг ишканаларынын ишмердүүлүгү токтотулуп, текшерүүгө алынууда. Бирок бул маалыматтарды жокко чыгарган Максим Бакиев “Алтын” холдингине тиешеси жок экендигин, саясат таануучу А.Князевдин айткан маалыматтары чындыкка туура келбесин билдирип: “Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү ишканалар жабылды деген маалымат мага карата жасалып жаткан саясий өнөктүк”,- деп кошумчалады.


ГАИТИДЕ БАЛДАРДЫ САТУУ БАШТАЛДЫБЫ?

2010-жылдын 12-январында Гаитиде күчү 7 жана 5,9 баллдык жер титирөөлөр болуп өткөн. Өлкөнүн бийлиги расмий түрдө 170 миңге жакын адамдын өлгөнүн билдирүүдө. Жабыр тарткандардын саны 3 миллиондон ашат. Эскерте кетсек, Гаити аралында жер титирөөгө чейин калктын саны 17 миллионду түзгөн.

Очогу Гаитинин борбору Порт-о-Пренстен 16 чакырым алыстыкта катталган катуу зилзала ордо шаарды жана анын айланасындагы шаарларды заматта урандыга айландырган. Кедейлердин кепелеринен тартып өкмөттүк имараттарга чейин ураган. Натыйжада жүз миңдеген адамдар уранды астында калса, миллиондогон адамдар үй-жайынан кол жууган. Ар өлкөлөрдөн врачтар, гуманитардык жардамдар барып, дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн барган куткаруучулар 10 күн бою тынымсыз иштешти. Куткаруу иштери 23-январда гана токтотулган. Эпидемия чыгып кетпөөсү үчүн адамдардын сөөктөрү шашылыш түрдө көмүлүүдө.
Бардык иш-аракеттерге карабастан, өлкөдө баш аламандыктар орун алууда. Мисалы, бузулган түрмөлөрдөн качкан кылмышкерлер, мародёрлор жана шаар тургундары Гаитиден кетүү үчүн билетке акча табуу максатында талкаланган борбор шаарды талап-тоношууда. “Алтургай жетим калган балдарды сатуу да башталды делет” айрым маалыматтарда. Жетим калган миңдеген балдардын документтери да, аларды коргой турган туугандары да жок. Учурда БУУнун атайын кызматкерлери жана дипломаттар жетим балдар мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгарылып кетпеши үчүн аларды каттоодон өткөрүүгө аракет кылышууда.
Өлкөнү калыпка келтирүүгө болжол менен 560 миллион доллар керектелет.

Тактоо: Гезиттин өткөн санындагы «Гаитиде зилзаладан 2 миллион адам набыт болду» деген маалыматты каза тапты эмес, жабыркады деп тактайбыз.

Амантур Султанкулов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tendik
2010-02-01 15:52:46
тактайбыз эмес, ондойбуз.
0
ylduska
2010-02-04 12:45:45
Бакиевди аябай сыйлачы элем президент боло электе-, ал эми азыр эн жаман коргон адамым. Кыргызстанда болуп жаткан кыйынчылыктардын баардыгы, Казахстан, Озбекистан, Россия ж.б. кыргыздарды аябай басытышат- мунунбаардыгы башчыбыздын жамандыгынан.
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан