ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кандайсыӊ, сулуу?
– Жакшы, Айбек, өзүӊ кандайсыӊ?
– Сен Москвада! Кубанычтамын!- ал кызды бекем кучактап алды. Бери жакта карап турган Элиза жылмайып койгону менен, Аруукеден Айбекти кызганып ачуусу келип жатты. Аздан соӊ алар тамактанып отурушканда Элиза менен кыз-жигит экенин унутуп койгондой эле Айбек баарынын көзүнчө Аруукеге карап:
– Сен менин биринчи сүйүүм болгонсуӊ,- деп балп эттирди.
– Оме-ей! Элиза менин чачымды жулбасын, абайласаӊчы,- Арууке тамашалады.
– Ал кез окуучу кез болчу да. Азыр Элизаны сүйөм. Ошондо Арууке мени таштап кеткенде аябай жаман болгом.
Айбек өзүн-өзү кубаттап каткырып койду. Арууке анын өөн учураган кылыктарын карап отуруп ичинен «Жанар, сен кандай жакшысыӊ! Кандай жакшысыӊ!» деп жатты.
Айбек бул күндөн тарта Арууке турган батирге күн алыс каттачу болду. Келгенде да Элизага көп көӊүл бурбай, Аруукеге тийише бермей адаты бар. Бир ирет кыз Айбек аны башкача, жапайы көз караш менен карап жатканын байкады. Коркуп кетти, бирок билдирген жок. Дилинде анын ага карата жаман ойлору бар экенин сезип турса да, ал ойлордон оолактап качып «койчу, кантип ошого барсын?» деп өзүн жооткотуп койду.

***

Жанар чындап эле түп тамырынан өзгөрмөкчү болду. Бул үчүн чындап аракет кылды. Заматта шуулдак, шок жигитке айланды. Жакшынакай кыз көрсө кыя өтпөйт, артынан калбай жүрүп таанышат. Жолугушууларга чакырат. Бирок бул анын сырткы гана көрүнүшү болчу. Жан дүйнөсү жанчылып, Аруукеге болгон сагынычы күчөп эси эки болуп жатканын эч ким билген жок. Жанардын жан дүйнөсүндө Аруукеге болгон сүйүү менен жек көрүү алышып жатты. Жигит жек көрүп калуу менен кызды унутса болот деген. Бирок жек көрүү ушунчалык оор болчу. Чынында, Аруукени канчалык жаман көрүп, андан көӊүлү калып турса да, жүрөгүнүн түпкүрүндө телефон чалып калбагай эле деп үмүттөнүп күтүп жүрчү. Көпчүлүктүн арасынан кыздын элесин издейт. Бир күнү Аруукеникине окшош көйнөк кийген кызды көрдү. Жүрөгү тез-тез согуп, тамагы кургап чыкты. Мындай болот деп күткөн эмес. Ал кыз жанынан өтө бергенде ойлору сапырылып, кусалыктан жүрөгү ооруп чыкты. Бул кылыгы үчүн кайра өзүн-өзү жемелеп, «эмне эле ошол чыккынчыны башыӊдан чыгара албай жатасыӊ? Чабал экенсиӊ» деп урушту. Бирок сезимдерди күчтөп башкаруу мүмкүн эмес эле. Жанардын кусалыгы күн санап күчөп баратты. Акыры ал сезимдерине жеӊилип берди.
Бир жума бою үйүнөн эч жакка чыккан жок. Бир чекитти тиктеген боюнча төшөгүндө жатты. Көөдөнүндөгү белгисиз боштук кетчүдөй эмес. Сакал-муруту өсүп жүдөп кетти. Бирок бир да жолу Арууке эмнеге ушундай кылды деп ой жүгүртө албады. «Айбек мененмин. Мага тоскоол болбочу» деген Аруукенин сөзү жан дүйнөсүн жанчып салыптыр. Аруукеге жолуккандан тарта ар бир күнү сезимге толуп турчу. Азырчы? Азыр бардык жерде боштук. Жадакалса бир нерсени ойлонууга да чамасы келбей турат. Капыстан үйүндө Аруукенин свитери калганын эстеп кетти. Кыз аны үйдөгү кийимдерине аралаштырып жыйнап жатканын көргөн. Шапа-шуп туруп барып кийимдеринин баарын туш келди чачып жатып акыры кызыл түстөгү свитерди таап алды. Жаактары титиреп, көзүнөн жаш кетти. Аяр кармап жыттагылай баштады. Анда Жанарга гана тааныш Аруукенин жыты бар эле. Ал ошону издей баштады. Көөдөнүндөгү боштук көкүрөгүн өйүтүп оорутуп жатты.

***

Арууке жумушунан келип эле үстүнө бир убакта өз свитерине алмашып алган Жанардын свитерин кийип алды. Жигитине болгон сагынычы күн санап күчөп баратат. Кийимде болсо Жанардын жыты бар. Аз да болсо жеӊилдей түшөт.
– Ушул свитерди кийбей эле койчу. Эркектердики экен, кирдеп да калгандай...- Айгерим курбусуна кайрылды.
– Муну аябай жакшы көрөм. Жанардыкы болчу,- Арууке муӊайым жылмайып койду.
– Жок дегенде жууп койчу.
– Муну жууганга болбойт. Анда Жанардын жыты бар.
– Сага түшүнбөйм. Жанарыӊды ошончо жакшы көрсөӊ, эмнеге андан качып бул жакка келдиӊ?
– Ал бактылуу болушу керек.
– Чогуу бактылуу болсоӊор болбойбу?
– Болбойт деди.
– Ким?
– Тагдыр, Кудай, жазмыш. Дагы эмнелер бар эле? Турмуш, кырдаал...
– Таптакыр түшүнгөн жокмун.
– Жанар менсиз бактылуу болушу керек. Кыскасы, ушул. Ары жагын айта баштасам ыйлайм. Соорото албай шайыӊ оойт,- көздөрү жашка толуп чыккан Арууке жылмайып койду. Ушул учурда сырттан Айбек менен Элиза кирип келишти.
– Бүгүн бир жакка барып келсек кантет?- деди Айбек кыздарга.– Бир жакка болгондо?- Айгерим суроолуу карады.
– Кафеге же клубга,- Аруукеден башкасынын баары колдоп кетишти. «Көӊүлүм жок» дегенине карабай аны да ой-боюна койбой ээрчитип жөнөштү.

***

– Балким, токтотосуӊ?- Элиза ачуусу менен Айбекке бир тийди. Алар кыздардан бир аз алысыраак отурушкан.
– Эмнени?
– Эртеден бери Аруукеден көзүӊдү албай отурасыӊ. Эмне, клубга ошону караш үчүн келдиӊ беле?
– Сенин жаныӊда отурам го.
– Көзүӊ Аруукеде болуп жатпайбы!
– Элиза, кыйкырбай сүйлөчү.
– Хе... Эгер кыйкырсамчы? Эмне кыла аласыӊ? Кетип каласыӊбы? Аруукегеби? Бар, жөнө! Жолдо калбайм!- Элиза ачуусун токтото албай калды. Айбек мындайга чыдап тура алган жок. Элизаны кучагына бекем кысып акырын шыбырады:
– Элиза, билесиӊ, мен эки жолу эскертпейм. Же эмне, бир нерсе каалап жатасыӊбы? Ушунча элдин көзүнчө уят болгуӊ келип жатабы? Айт! Каалооӊду аткарып коё алам. Оӊой эле...- Элиза жоошуй түштү. Айбек бир ирет аны көк ала кылып сабап койгон. Ошондон тарта анын ачуусуна тийгенден коркот. Эптеп өзүн кармап сумсайып отуруп калды. Айбек болсо көз көрүнөө Аруукени айланчыктай баштады. Аны колунан тартып ак бийге чакырды. Кыздын каршылыгына карабай бий аянтчасына жетелеп келди да, имере тартып кучактады.
– Арууке, жигиттин шагын сындырбачы. Билесиӊби, мектепте да экөөбүз ушинтип бийлегенде элдин баары бизге суктанып карачу.
– Эстей албай жатам.
– Кантип унуттуӊ? Менин эсимде. Сен мектептин сулуусу болчусуӊ. Мен да лидер элем. Кыскасы, сонун түгөй болчубуз.
– Менимче, Элиза экөөӊөр сонун түгөйсүӊөр.
– Сөздү бурбасаӊ. Сен чындап эле экөөбүз кыз-жигит болгон учурду унутуп койдуӊбу?
– Калп айтпасам, биз 1 же 2 ай гана кыз-жигит болсок керек.
– Демек, эсиӊде экен. А мен сени дагы деле ошол кездегидей жакшы көрөм.
– Айбек, чынында, мен сени ошондо да жакшы көргөн эмесмин. Азыр да жакшы көрбөйм. Сен менин классташымсыӊ. Болду. Азыркыларыӊды Элиза укса капа болот.
– Элиза? Ал олуттуу мамиле кылчу кыз эмес. Экөөбүз төшөктөн таанышканбыз. Демек, мамиле төшөктө гана болот. Андан жогорку нерсеге үмүт этпейт. Аны өзү да билет. А сен, сен менин жубайым боло турчу адамсыӊ. Сенде деле мага болгон сезим бар. Көзүӊдөн окуп жатам.
– Айбек, коё берчи,- кыз Айбектин кучагынан бошонуп кетти. Өӊү бозоруп Айгеримдин жанына барып отуруп калды.
– Ал...Ала бер! Мындай жигиттер толуп жатат,- Элиза шылдыӊ менен Аруукени карап күлүп койду. Мас болуп калгандай.
– Элиза, менин сүйгөн адамым бар. Эч жаман ойлобо, Айбек экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбойт,- Арууке өзүн күнөөлүү сезип актана баштады.
– Эч нерсе болбойт. Ала бер деп жатпаймынбы! Менин артымдан чуркап жетпей жүргөндөр канча? Акыркы эркек Айбек болсо да эмне болуптур?
– Элиза, токтотчу! Арууке Айбекке жабышып жатабы? Көрдүӊ го, ал өзү келбедиби,- Айгерим да сөзгө аралашты.
Бий аянтчада башка кыз менен берилип бийлемиш болуп жаткан Айбек көз кыры менен кыздар тарапты карап жатты. «Мени талашып жатышат» деп ойлоду. Өзү менен сыймыктанып койду.
Айбек эс алуучу жайдан чыкканча мас болуп калды. Күпүлдөп оозуна келгенди сүйлөп жатты.
– Мени кеӊ Москвага таштап койбой, батириӊерге ала кеткиле! Элиза, Элиза деп жатам! Жөнү жок таарынбачы! Чын, өзүмдүн да ачуум келип жатат. Айгерим, айтчы, Аруукенин Москвага келгени сонун болду, ээ? Эми...Эми ал меники болот! Мен баарыӊарды Москвада коргоп жүрөм, бирөө кыӊк деп көрсүн, мурдун былчыйтам! Аруукеге бирөө бирдеме десинчи! Энеӊди...
Чын эле кыздар Айбекти мас бойдон таштап кете алышкан жок. Батирине алып келип жаткырып коюшту. Баары чарчашкан экен, таттуу уйкуга кетишти. Түн бир оокумда Арууке кимдир бирөө аны өөп жибергенинен ойгонуп кетти. Айбек экен, бекем кучактап алган.
– Айбек, тур ары! Айбек!
– Кыйкырба эми. Акырын...
– Айбек деп жатам! Акмак! Коё бер! Айгери-им!- кыз кыйкырып жиберди. Айгерим жарыкты күйгүздү. Кыйкырыктан чочуп ойгонгон Элиза Аруукени жек көрүү менен карап алды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Ailo
2016-01-18 09:33:09
Айбек акмак..!!!
-1
UsenovaAizada
2016-01-18 09:34:08
Ушу Айбек дегени жаман оюн ишке ашырганы турат да.
+1
Saparbekova.....
2016-01-18 10:10:36
аябай аз гоо
+2
dajjal
2016-01-18 11:43:18
Aruuke m.n Aybek toshokto taanishkan beken kim bilet Aruuke kiz emes ekenbi oshondo a???
-6
belka
2016-01-18 14:13:01
dajjal,Элиза менен таанышкан,жакшылап окусан.
+6
medetbek
2016-01-18 14:40:50
dajjal,жакшылап окусан элиза мененайбек тошокто таанышкан
+5
Belek2070
2016-01-19 17:51:14
dajjal, Ооба мурда мектепте окуп жургондо Арууке менен тошокто жатып койгон окшойт, ошону эсте деп атат Айбек. Арууке ал кундорду эстегиси келбей жатат.
0
iasmin
2016-01-18 12:09:41
Арууке эмес,Элизаны айтып жата
т окурман
+7
Sm.nargiz00
2016-01-18 13:47:49
Тушунуп окусан боло Элизаны айтты
+5
D.Uezalieva
2016-01-18 15:38:21
Оомыый,жаман болуштунар го)))
+5
Shaa-82
2016-01-18 16:22:56
ии ошону каалап келдин беле анакей эми эч качан бироонун тагдыры суйуусу менен ойношпош керек болчу. кетип калса болбойбу тигилерге тоскоол болбой.уфф жиним келип кетти
+5
Muslima.aksy
2016-01-18 17:32:35
Эх, чиркин дуйно керемет! Кен кыргызстанга батпай бараткансып, кыздарга жалгыз Россияга эмне бар? Эх, Арууке!
+5
Svoboda83
2016-01-18 20:40:34
кызыктуу жашоо турмушка окшогон чыгарма экен
0
Gulya21
2016-01-18 21:31:19
Кызыгына келгенде бутуп калатда дагын 1жума
+1
Raya85
2016-01-19 00:22:55
Жанарга эле жаман болду...
+1
sai91kg
2016-01-19 00:42:34
Эми бир жума рекламабы
+2
Gulnaz.GS
2016-01-20 17:50:48
Ушинтип тымпыйып олумуш болгондор бузат баарынбаарын.арукеге окшогон
0
jamal1993
2016-01-23 22:05:44
Арууке неге эле Жанардан качып жатат тушунбойм
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан