ГЕМОРРАГИЯЛЫК ДИАТЕЗ – БУЛ КАН АГУУ МЕНЕН КОШТОЛГОН ООРУЛАР

Кан агуу менен коштолгон, айыктырууга кыйын оорулар бар. Алардын түрү, келип чыгуу себептери тууралуу Кыргыз гематология илимий борборунун директору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Абдухалим Раимжанов баяндайт.

Геморрагия – бул байыркы грек сөзү, бизче «кан агуу» дегенди түшүндүрөт. Диатез да байыркы грек сөзү, «жакын болуу» (аллергияга, сезгенүүгө) дегенди билдирет.
Геморрагиялык диатез – организмдин кан агууга жакындыгы. Муну кан тамырлардын, кандын жаралуу жана айлануусуна жооп берүүчү системдин (сөөк чучугу, кемиктер, лимфа бездери, көк боор жана башка) ооруларынын тобу жаратат.
Курамына тромбоцитопениялык пурпура, геморрагиялык тромбастения, васкулит, телеангиэкстазия, гемофилия, лейкоз сыяктуу ооруларды камтыйт. Булардын ичинен орчундууларын сөз кылабыз.

Статистика
Кыргыз гематология илимий борборуна орточо эсеп менен 1 жылда гемофилия менен 100 адам, тромбоцитопениялык пурпура менен 200-250, геморрагиялык васкулит менен 300дөй адам жатып дарыланат. Булардын 25-30 пайызына операция жасалып, көк боору алынат.

ТРОМБОЦИТОПЕНИЯЛЫК ПУРПУРА – ИММУНИТЕТТИН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ
Иммунитеттин иштешинин бузулушуна байланыштуу оору. Организмде, адатта көк боордо жана кемикте антителалар көбөйүп, алар тромбоциттерди бузуп-талкалай башташынан келип чыгат. Тромбоцит – бул сөөк чучугунда жаралып, кандын уюшуна жооп берип, кан агуунун алдын алуучу кан клеткалары.
Оорунун эӊ негизги белгиси – кан агуу. Айрымдардын мурдунан, айрымдардын ашказанынан, дагы бирөөлөрдүн ичегисинен, бөйрөгүнөн, жатынынан, бүйлөсүнөн кан кетет. Көздүн торчосунан кан агуу күтүлсө, көз убактылуу көрбөй калат. Ушундан улам темир жетишсиздиги анемиясы келип чыгат. Денеде бир нерсе тийсе, тийбесе деле канталаган чекиттер пайда боло берет.
Келип чыгуусуна эмнелер таасир этет? Көбүнчө бактериялык же вирустук оорулар (мунун ичинде сасык тумоо) менен ооругандан же операциядан кийин, организм
кыйынчылык менен көтөрүүчү дары-дармекти кабыл алгандан соӊ келип чыгат.
Дарылоо. Керектүү анализдер алынып, текшерилет. Анан ошого жараша гормондук дары-дармектер берилет. Ооруда калий организмден чыгып кетип, натрий жыйналып калгандыктан адам шишийт. Курамында калийи көп азыктарды, анын ичинде жаӊы бышкан жана кургатылган өрүк, өрүк кактан компот ичип, картошканы көбүрөөк жеш керек. Дарылоо жардам бербесе, анда көк боор алынып салынат.

ГЕМОФИЛИЯ ГЕНДИН МУТАЦИЯЛАНЫП КЕТИШИНЕН ЖАРАЛАТ
Гемофилия – кандын уюшунун бузулушуна алып келүүчү дарт. Оорунун генин аялдар алып жүргөнү менен, эркектер гана ооруй турган тукум куучу дарт. Кандын уюшу кыйын болгондуктан адам бир жерин кесип алса же бир нерсеге урунса, жыгылса, ошол жерден кан агуу күтүлөт. Мисалы, ичи менен жыгылса ички органдарынан кан агуу башталат. Тиш жулдурса да кан токтобойт. Канды токтотуучу дары убагында сайылбаса, кан жоготуудан адам көз жумат. Кан уюган жер кызарып, оорутуп, шишийт.
Эмнеден келип чыгат?
Дарт Х хромосомундагы (тукум куучу маалыматтарды алып жүрүүчү клетканын ядролорунун түзүлүшү) бир гендин мутацияланып кетишинен келип чыгат. Негизи, кандын уюшун 13 фактор шарттайт. Ошолордун ичинен 2 фактордун (VIII же IX) жетишсиздиги гемофилияны пайда кылат.
Дарылоо
VIII же IX фактордун жетишсиздиги менен ооруган 16 жашка чейинки балдарга упа түрүндөгү дарылар, ага кошуп сайылчу эритме, ийне бекер таратылат. Балдардын бир жеринен кан агып баштаганда дарыны венага сайса, кан агуу токтойт. 16 жаштан өйдөкүлөргө мамлекеттен дарыга акча бөлүнбөйт. Алар ооруган кезде кандын плазмасы жана криопреципитат куюлат. Дарттын оор учурунда операция жасалат. Мисалы, тизеге, чоӊ муундарга улам кан куюла берсе, анда кандын курамындагы кальций чөгүп, муун үстүнө чогулуп, муундар кыймылдабай калат. Мындай болгондо муундар алынып, ордуна жасалмасы салынат.
Гемофилия менен ооругандар жаракаттын алдын алып абайлап жүрүүлөрү жана ооруга чалдыкпоого аракет кылуулары зарыл. Спорт булар үчүн эмес.

ГЕМОРРАГИЯЛЫК ВАСКУЛИТ – КАН ТАМЫРЛАРДЫН КАПТАЛДАРЫНЫН СЕЗГЕНҮҮСҮ
Бул кан тамырлардын керегесинин (же капталдары – стенки) сезгенүүсү. Иммундук системдин иштөөсүнүн бузулушунан келип чыгат. Иммундук систем өзүнө тийгизген терс таасирлерден улам кан тамырлардын ткандарын чоочун ткандар катары кабыл алып, аларды жок кылууга өтүп, кан тамырларды асептикалык сезгенүүгө алып келет. Сезгенгенде кандын курамындагы тромбоциттер бири-бирине жабышып, кан уюуларды (тромб) жаратат. Уюган кан кан тамырды бүтөп калат да, кан бүтөлүп калган жердин ары-бери жагынан агууга аргасыз болот. Ошол жерлердин терисинде канталаган кызыл темгилдер жаралат.
Иммунитеттин жаӊылышуусуна эмдөөлөр, адамдын дайыма ысыкта же суукта жүрүшү, теринин күнгө күйүшү, уулуу газдын таасири, жугуштуу оорулар, кан тамырдын жаракатка кабылуусу, рак жана башкалар жеткирет. Сасык тумоодо кээ бирлер өз алдынча антибиотик ичишет. Антибиотик сасык тумоонун вирустарын өлтүрө албайт, бирок иммунитетти жабыркатат. Андыктан сасык тумоонун өзүнүн гана дарысын ичиӊиз.
Түрлөрү

  •  Жөнөкөй  түрү. Териде, көбүнчөсү ичтин, далынын, кол-буттун терисинде канталаган кызыл темгилдер (сыпь) жаралат. Майда уюган кандар бири-бирине жабышып, жара пайда болуусу мүмкүн. 
  •  Муунду жабыркаткан түрү.   Муундарда уюган кан тамырлар жарылып, оорутат, шишийт. Кыймылдоо кыйындайт.
  •  Ичегини жабыркаткан түрү. Ичегинин майда кан тамырларында кандар уюп, ич катуу оорутат.
  •  Бөйрөктү жабыркаткан түрү. Майда кан тамырларда уюган кандар жаралып, гломерулонефрит оорусу келип чыгат. Бөйрөк жакшы иштебей, кан басым көтөрүлөт. Акырында бөйрөк иштебей, гемодиализ аппаратын колдонууга туура келет.
  •  Курч кармаган эӊ оор түрү. Мээде уюган кан тамырлар мээнин иштешин бузат.

Бир эле адамдын бир эле учурда түрдүү органдарында ар кандай кан тамырлардын сезгенүүсү да мүмкүн.

Дарылоо
Оорунун бардык формасында төшөктө жатуу, диета сунушталат. Уюган кандарды эритип таратуучу, кандын уюшунун алдын алуучу дары-дармектер берилет. Ичегини жабыркаткан түрү менен ооругандар 3 күн эч нерсе жебейт. Кайнатылган суу гана ичет, клизма жасатат. Анан кургатылган нан, сууга бышкан күрүч аздан берилип, кийин башка тамактарга аздан аралашат. Муунду жабыркаткан түрү менен ооругандарга ибупрофен дарысы 5-6 күн берилет.
Дарылоодо дары-дармек жардам бербесе, анда адамга плазма (кандын сары суусу) куюлат. Ал да жардам бербесе, адамдын каны плазмоферез аркылуу тазаланат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jemile
2016-01-18 14:35:38
Сүрөттөгүлөрдүн бетин ары кылсын, кудай сактааа!
+1
good-girl
2016-03-02 14:12:14
Мен суроо берейин дегем менин мурдуман кундо 1,2 маал кан агат бул нерсе 7 жылдан бери уланып келуудо эмне кылсам болот?
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан