ДҮЙНӨ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

АННА СЕМЕНОВИЧ ТУРМУШКА ЧЫКТЫБЫ?
35 жаштагы «Блестящие» тобунун экс-солисти Анна Семенович турмушка чыкканын интернеттеги жеке баракчасына жазып чыкты. Ырчы айым учурда Таиландда сүйүктүүсү менен эс алып жүрөт. Күйөрмандарынын бири ага ушул жылы турмушка чыгуусун каалаганда Анна «мен турмушка чыккам» деп жооп кайтарган. Негизи ырчы айым жеке жашоосун сыр тутууну туура көрөт. «Ал менин сүйгөнүм. Эмнеге мен аны бирөөлөргө көрсөтүшүм керек?»- деп келет ырчы. Маалыматтарга караганда, Семеновичтин сүйүктүүсү Швейцарияда жашаган бизнесмен.

МЕРЬЕМ УЗЕРЛИНИН ЖАШООСУ ТАСМАДА
«Даӊазалуу кылым» сериалында Хүрремдин ролун аткарган түрк-немис актрисасы Мерьем Узерлинин күйөрмандарына жагымдуу жаӊылык. Жакында актрисанын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу документалдык тасма тартылып жатканы белгилүү болду. Анда күйөрмандары көптөн бери кызыгып жүргөн суроолорго жоопторду алышмакчы. Анткени тасмада Мерьем буга чейин айтпай келген кызыктуу маалыматтарды берген. Анан да 12-январь күнү Мерьем Узерли менен Мурат Йылдырым тартылган «Түн ханышасы» («Королева ночи») сериалы Түркиядагы телеканалдардан берилип баштады.

ЛЕО 3-ИРЕТ «АЛТЫН ГЛОБУСТУ» АЛДЫ
10-январь күнү Лос-Анжелесте 73-ирет «Алтын глобус» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда режиссёр Алехандро Гонсалес Иньярриту «Аман калган» («Выживший») тасмасы үчүн «Мыкты режиссёр» наамын алып, тасма болсо «Драма жаатындагы мыкты тасма» аталды. Ал эми «Драма жанрындагы мыкты актёр» наамына баш каармандын ролун жараткан Леонардо Ди Каприо татыды. Эске салсак, Лео буга чейин «Авиатор», «Уолл-Стриттеги бөрү» тасмасындагы кайталангыс мыкты ролдору үчүн «Алтын глобусту» алган.
Ошондой эле Кейт Уинслет, Сильвестр Сталлоне, Леди Гага да «Алтын глобусту» колго кармап кетишти.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
oki
2016-01-18 14:56:11
Лео эми оскарды ал татыктуусун
+1
Inna_91
2016-01-22 11:36:46
Мерьем узерли даназалуу доор сериялын аягына чыкпай башка тасмага отуп кетиптирда башын баштагандан кийин аягына чыгыш керек азыр мерьемдин ордунда кары аялды ойнотуп коюшкан мерьемди дуураган мимикалары жарашпайт кары кемпир экен мерьем озу ойнош керек эле
0
Merin
2016-01-25 13:10:48
Inna_91,карыган кезин аткарып жататда. кары аял...
0
Inna_91
2016-01-22 11:39:52
Анна Семенович кокурогуно операция жасатып былтыйган кокурок жарашпайт ал кокурок менен убактылуу эле жашаса керек
0
AZIK01
2016-01-22 15:06:41
Лео Оскарга жетпей койду го, буюрсун.
+1
Inna_91
2016-01-22 17:35:05
суппер жамааты отунуч Inna ырчы боюнча жазып коюнуздарчы кабарларын inna турмушка чыкканбы чыкпаганбы билгим келип жатат баласы барбы жокпу
0
admin_superstan
2016-01-22 17:45:34
Inna_91,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
begai93
2016-01-24 05:35:45
Оо молодец! Соонун чыккан киносу ыйлаап кордук (((
0
Inna_91
2016-01-24 13:57:43
Рахмат супер жамааты жыдамсыздык менен кутом inna жонундо жазыныздар
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан