УУРУЛУК КҮЧ АЛДЫ, МҮЛКҮӉҮЗГӨ САК БОЛУӉУЗ!

Учурда уурулуктун түрү жана катталуу саны көп болуп жатат. 2015-жылы башка кылмыштарга салыштырмалуу уурулук басымдуулук кылган. Сиз да мүлкүӊүзгө сак болуп, шылуундардын кайырмагына илинип калбаӊыз.

«УУРУЛУКТУН ЗАМАНБАП ТҮРҮ» ДЕГЕН АТАЛЫШ ПАЙДА БОЛДУ»
Тема боюнча Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сардарбек Садыровго кайрылып, маалымат жана окурмандар үчүн кеӊеш алдык:
– Барган сайын уурулук жасоонун башкача, жаӊы жолдору чыгып, шылуундар укмуштуу нерселерди ойлоп чыгышууда. Ошого жараша биздин тилде дагы «уурулуктун заманбап түрү» деген аталыш пайда болду. Мисалы, 2015-жылдын ноябрь айында Жайыл районунун аймагында Чанкислян аттуу Грузиянын жараны Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын ичинен акча уурдаган. Кожоюну пульт менен алыстан туруп унаасын бекитип кете берген. Ууру атайын аппараттын жардамы менен пульттан унаага келген толкунду кармап калып, ошол аппарат менен унааны ачып, ичинен
10 миӊ доллар жана 150 миӊ сомду уурдап кеткен. Андай аппарат дасыккан ууруларда гана болот жана Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Шектүү колго түшүп, аппараты алынып, кылмышты моюнуна алды.
Айдап качууга ылайыктуу унаалар көбүнчө Ауди, Хонда жана Субару үлгүсүндөгүлөр. Ал эми баалуу унааларды айдай качуу фактысы дээрлик жокко эсе. Алардын эшиктерин ачуу оор жана унааны учтуу нерсенин жардамы менен от алдырууга мүмкүн эмес. Унааларды айдап качуу кылмышынан сырткары анын ичинен акча, магнитола, сумка, поликтер көп уурдалат. Сигнализациясы жок унаалардын терезелерин үн чыкпаш үчүн унаа тетиги болуп саналган свечалар менен талкалашат. Ошол себептен узак мөөнөткө кожоюндар унааларын кароосуз калтырбашы керек.

«УУРУЛАРДЫН КУРАГЫ ЖАШАРЫП БАРАТАТ»
– Уурулукка баргандар оӊой оокат менен тез аранын ичинде пайда табууну көздөгөн адамдар. Тилекке каршы, ууру кылган жарандардын жаш өзгөчөлүгү барган сайын жашарып баратат. Башкача айтканда, жаштар көп тартылууда. Анын башкы себептери – тартипсиздик, ата-энеден тарбия албагандык, жумушсуздук, ички миграция жана Орусиядан депортация болуп келген агымдын басымдуу толкуну. Анан албетте, мүлк ээлеринин кенебестиги да уурулардын ишмердүүлүгүнө жем болуп берүүдө. Уурулук кылган адам оор кылмышка барбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Майда-чүйдө тоноочулук, уурулук кылган адам кийин курал колдонуп каракчылык кылат. Коркутуп коём деген ой менен адам өмүрүнө зыян келтирип же аны өлтүрүп койгон фактылар да жок эмес.

Милициядан 10 кеӊеш

  • Үйдүн ачкычын каалганын айланасына (кыш, таш же бут сүрүүчү килемченин алдына) катпай, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири бирден жасатып алганы оӊ.
  • Ачкычтардын бири жоголуп кетсе, кулпуӊузду алмаштырыӊыз.
  • Баалуу буюмдарды шкафтардын үстүнө же суурмасына калтырбастан, байкалбай турган жайларга катыӊыз. Ал эми акчаӊыз көп суммада болсо, банктан өтөр «сакчы» жок.
  • Каалга тандоодо анын бекем жана калыӊдыгына көӊүл буруӊуз. Кашек менен каалганы бириктирип турган топсонун (шарнир) эки башы теӊ бек болгонун тандаӊыз. Бир жагы ачык болсо, каалганы лом менен көтөрүп, эшикти чыгарып алышы мүмкүн.
  • «Адашып калдым, бул кайсы дарек?», «Батир сатылбайт беле?» деген сыяктуу суроолор менен кайрылгандарды эшиктен гана узатканыӊыз оӊ. Мындай шылуундар маалымат топтоп жүрүшү мүмкүн.
  • Үйдө калчу жана мектептен эрте келген балдарыӊызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бейтааныш адамдарга эшик ачпоосун кулагына куюӊуз.
  • Коӊшулар менен достошуп, аларга короо жайыӊызды тапшырып коюӊуз. Мындан сырткары сак кулак, кабаанак итиӊиз болсун.
  • Аӊ-тери кийимдер, үй-тиричилик каражаттары, компьютер, баалуу зер буюмдар уурулардын көзүнө шак эле урунат. Эгер алыс кетип жатсаӊыз, аларды каалгасы бекем бир бөлмөгө киргизип бекитип кетиӊиз.
  • Эӊ жакшысы, сырткы жана ички видеокөзөмөлдөөчү жабдыктарыӊыз болгону оӊ. Шартыӊыз келсе үйүӊүздү сигнализация жабдыктары менен жабдыганыӊыз ишенимдүү болот.
  • Шаар жеринде менчик компаниялардын атайын күзөт кызматтары бар. Алар менен келишим түзүп, үйүӊүзгө сигнализация коюп койсоӊуз болот. Бир жакка кетерде күзөт бөлүмгө чалып эскертесиз. Эгер эшик ачылып же терезе сынса, бөлүмгө белги жетет дагы тез аранын ичинде тартип сакчылары келишет.

ИИМдин маалыматы боюнча 2015-жылдагы өлкөдө катталган кылмыштар:

  • Тоноо – 1212 факт катталган: бети ачылганы – 939, бети ачыла элек – 273; кармалган кылмыштуу топтор – 153.
  • Каракчылык – 427: бети ачылганы – 307, бети ачыла элек – 55; кармалган кылмыштуу топтор – 134.
  • Унаа каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу – 286 факт катталган: бети ачылганы – 258, бети ачыла элеги – 28.
  • Уурулук – 10 173: бети ачылганы – 6668, бети ачылбай калганы – 3505; кылмыштуу топ – 384.
    • Анын ичинде:
    • Үй уурулугу – 2828 катталган: бети ачылганы – 1867, бети ачыла элеги – 961; кармалган кылмыштуу топтор – 71.
    • Мал уурулук – 1020: бети ачылганы – 822, бети ачыла элек – 198; кармалган кылмыштуу топтор – 137.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Уурулардан сак болуңуз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
aku
2016-01-25 13:26:57
Мен баарынан коркконум уйдо биз болгондо да кирип калса деп,олтуруп эле салса керек,озун жокто кирсе го олуп кетсин. Бир эже балдары мн экинчи этажда уктап атса ал жака чыкпай биринчи этажындагы телевизорунан бери клторуп кетиптир тун ичинде.терезеден кириптир пластиктерди оной эле ачат экен да уурулар.
+3
zoichka
2016-01-25 18:41:20
Кудай сактасын.мен да аябай корком.деги эле шаар жеринде ото коркунучтуу.
0
maksat2016
2016-01-25 22:55:38
Оба букамды уурдап кетишкен
0
never-cry
2016-01-26 13:03:35
мага керектуу информация экен.биздин уйго эки жолу ууру кирди.биринде алтын акча уурдаттым ал эми эинчиде цейфти балта менен чагып ачыптыр.камераны сындырып запись болгон флешти чыгарып кетиптир.милиция издеп эле таппай атышат жардам бериниздер кандай кылсам таба алам.
0
Asyl.jazi
2016-01-26 23:06:52
never-cry, ошон үчүн көп байлык топтобош керек. Адамдарга түшүнүү кыйын, эмне кылат ушунча көп байлык топтоп? Эртен өлсө калат ошол нерселер бул дүйнөдө
-2
Komrad
2016-01-30 20:52:24
never-cry, Камера менен кошо эшике магнит ключ тагып, анан сирена иштетип койсо болот. Жесткий дискти башка болмого же интернеттен башка серверге сактай турган кылып
+1
bagira77
2016-01-26 14:17:56
Жашообуз кайда эле баратат?
0
Mystery
2016-01-26 23:44:10
Чаламандын чак тушундо уйго уурулар кириптир. Эч ким уйдо жок моментти заранее изилдешет экен да корсо. Уйго келсен бут чачык жаман экен. Бирок ошоууруларга раазы болгонум документтер ордунда, акча анан алтындарды апкетишиптир, ар ким ар кандай принцип менен уурдашат окшойт. Милиция в жизни таппайт
+1
s5kgbal
2016-01-28 02:44:51
Mystery,милицияларын кошо табакташ болуп атса таап бермек беле
+1
Shaa-82
2016-01-27 17:43:19
Уурдайм деген адам уктап атса устунон акырын аттап отуп телевизор анан дагы башка байлыктарын уурдап кетип ататго.
+1
meli12
2016-01-28 05:31:58
мен ушу ууруларды изилдегем ким ууру менен алектенгендер кийин шал болушат белдери же бойроктору катуу ооруп шал болуп калган адамдарды кордум айтышчу убагында акчага азгырылып ушундай ишке бардым эми ден соолугумдан айрылдым деп бул каргыш колу туткактык
+1
aika2015
2016-01-28 15:56:25
мен жаны конушта жашайм,мурун бизде забор жок болчу,атамдын эски велики короодо эле жатчу(бузук иштебейт эле)анан бир куну толтура запчас алып келип светти жанлырып алып тун жарымга чейин ондогон эле...эртен жумушка велик менен барам деп,эртен менен турса жок уже уурдап кетиптир...кийин дагы эки велик урдатты,бир куну туалетте отургам (жол жакта болчу) бир кыз анан эки бала кетип бараткан.Бир бала тигилерге "мен могу уйдон уч велик урдаганмын"деп мактанып айттып атат,кошунам экен(((((
+3
Aizat_1991
2016-01-28 23:10:35
Астагфираллах! Аллах бардыгына ыйман, ынсап, элибизге тынччылык берсин, амин.
+2
meka.selenator
2016-01-29 19:59:37
Биздин уйдон 400000 уурдап, ана кошунабызды уурдап, эми садиктин сейфин уурдап .. .Уурдалбаган жер калган жок
0
Ibragim.osh2016
2016-01-29 22:16:26
Аллах сактасын ар бир адамга ынсап берсин
+1
nur16
2016-01-30 18:47:58
мен дайыма телефонумду урдатам эми эн арзан кичинекей телефон которуп журом. ууруларды аябай каргагым келет. жолдошум жаны эле белекке алып берген телефонумду уурдап кетишти акмактар
0
Komrad
2016-01-30 20:49:52
Мен эшикте жайылган шымды уурдаттым, эми суу шымга ток улап коеюн деп атам.
+1
Asedullah1996
2016-08-13 03:40:51
уйго досуму алып кирип плазма телвизорду урдатып ийдим окуя декабрда болгон укук коргоо органына кайрылсак болобу откон иш каралабы
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан