Чындыктын даамы ачуу
Кыргызда «кыз боозуп энесин коркутат» деген кеп бар. Акыркы күндөрү шоу-бизнесте болуп жаткан окуялар ушул макалды эске салат.
Аптанын башында Жанета Бобкова, КРнын Эл артисти Юрий Бобков жана өзүн “медиа-экспертмин” деп тааныштырган Назира Раимкулова аттуу айым журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү.
Сөздү баштаган Назира Раимкулова: “Музыкалык жактан билимдүү кызматкери жок болуп туруп “Супер-Инфо” гезити Жанетанын Испанияга барып, абройлуу эл аралык сынактан биринчи (!) орунду алып келгендигинен шектенүүгө, интернет маалымат булактары аркылуу текшерүүгө кантип дити барды? Бул шектенүү, биринчиден, менин аброюма шек келтирет. Анткени сынакка катышууну ырчыга мен сунуштап, уюштуруп, жөнөткөм. Экинчиден, а балким, эң негизгиси, бул күмөн президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин аброюна шек келтирет. Себеби ал өзү каржылаган!”- деп билдирди. Жанетанын эл аралык сынактан биринчи (!) орунду алып келгенин Юрий Бобков да баса белгилеп, Жанета айымга дипломду шаар башчысы бергендигин айтты. Бирок ушул учурда зал толо журналисттердин бири дагы “аныктама кагазды, дипломду колго алып көрсөк болобу?” деп сурашкан жок. Анткени алар маалымат жыйынын берип жаткандардын сөзүнө ишеништи.
Урматтуу окурман, биз ырчы айым жакшылап ойлонуп, таразалап көрөр деп бир топ убакыт күттүк. Маалымат жыйынын берет дегенде да “аа, элге ачыгын, чынын айтайын деп чечкен экен” дегенбиз. Тилекке каршы, биз күткөндөй болгон жок. Сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкү нерсеге бурабыз.
“Биринчи орунду алдым, мына дипломум” деп ырчы айым сентябрь айында бизге Испаниядан берилген сыйлыгын алып келип көрсөтүп кеткен. Биз Кыргызстанда бир нече жылдан бери котормочулук багытында ийгиликтүү иштеп келе жаткан “GMC” котормо борборуна кайрылганбыз. Алар диплом каталон тилинде жазылгандыгын билдирип, төмөнкүчө котормону колубузга беришти: “Ллорет де Мар. Ллорет туризм. Жанете Бобковой, Кыргызстан. В знак признания её деятельности в нашем городе. Ллорет де Мар, сентябрь 2009”.
Кайда ырчыбыздын биринчи орунду алгандыгын тастыктаган сөздөр? Ушул жерден “Бон Вояж” өзү эмне болгон сынак?” деген суроо туулат. “Бон Вояж” – таланттуу балдар жана өспүрүмдөрдүн эл аралык фестивалы. Сынак эмес, фестиваль. Анын Испанияда өткөрүлүп келе жаткандыгы чындык. Аны Испаниянын “VIAJES GARBI STAR” агенттиги, Литвадагы “BONA FAMILIA” үй-бүлөлүк эстетикалык тарбия борбору, Орусиядагы “Солнечный круг” фестивалдык борбору Ллорет де Мар шаарынын мэриясы жана Туризм боюнча кеңсеси биргеликте жыл сайын өткөрөт. Маалыматтарды тактоо үчүн биз фестивалдын уюштуруучуларынын бири, “Солнечный круг” фестивалдык борбордун башкы директору Милана Марковага байланышка чыктык. Бул айым 2009-жылы аталган фестивалга Кыргызстандын атынан бир ырчы конок катары катышкандыгын тастыктады. Ал ушул эле уюштуруучулар фестивалдан тышкары жаш таланттардын сынагын Ллорет де Мар шаарында өткөрүшөрүн, ал сынак жыл сайын июнь айында болорун айтып өттү. 2009-жылы Кыргызстандын атынан “Дизайн моды” моделдик агенттиги катышкандыгын да кошумчалады. “Сентябрь айында сынак эмес, фестиваль өткөрүлөт. Анда жеңүүчү, биринчи, экинчи орун дегендер болбойт”,- деп билдирди Милана айым.
Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе бар. “Бон Вояж” фестивалынын негизги шарттарынын бири – катышуучулардын жаш курагы. Аталган фестивалга 25 жашка чейинки таланттар катыша алышат. 25 жаштан өйдө курактагылар катышуучу эмес, конок катары кабыл алынат. Ошентип, биздин Жанета айым Испаниянын Ллорет де Мар шаарында 2009-жылы сентябрь айында өткөрүлгөн “Бон Вояж” эл аралык таланттуу балдар жана өспүрүмдөрдүн фестивалына конок катары катышып, диплом алып келген. Аны Жанета көрсөтүп жаткан дипломундагы жазуу да далилдеп турат.
Бир нерсени баса белгилеп өтүүгө аргасыз болуп турабыз. Жалгыз эле “Супер-Инфо” гезити эмес, Улуттук телерадиокомпаниясы баш, олуттуу деп саналган “АКИpress”, “Кабар” агенттиктери төш болуп, жалпы Кыргызстан эли алданып отургандыгыбыз. Анткени маалымат булактары ырчынын кебине ишенип, “Жанета Бобкова эл аралык сынактан 1-орунду алып келди” деген маалымат таратышкан эле.
Ушундан улам акыркы күндөрү шоу-бизнесте болуп жаткан окуялар тууралуу Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев менен баарлашканым эсиме түштү. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор, Москва жана Мюнхен Эл аралык чыгармачылык жана музыка академияларынын академиги болгон бул инсандан өтөр музыкалык жактан сабаттуу адамды азырынча сахна чөйрөсүнөн таппасак керек. Аталган окуяларды угуп отуруп, Муратбек агай: “Мен бир гана нерсени айта алам. Чыныгы талант эч качан мындай авантюрага барбайт”,- деди.
Мына окурман, жогоруда баяндалган окуядан улам мындай ойго келдик. Жалпы Кыргызстан элин алдаган иштерде өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин атын колдонууга моралдык укугубуз барбы?.. Калган жыйынтыкты өзүңүз чыгарарсыз.
ЧЫНЫГЫ БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОН
ЖАШ ТАЛАНТТАР
“Дизайн моды” моделдик агенттиги өткөн жылдын июнь айында Испаниянын Ллорет де Мар курорттук шаарында өткөн жаш таланттардын эл аралык сынагына катышып, Мода театры наамы боюнча биринчи орунду алып кайткан.
“Биздин балдар Франциядагы орус сезондорунун 100 жылдык долбооруна катышышкан эле. Ошол жерде аларды көргөн “Солнечный круг” фестивалдык борборунун өкүлдөрү июнь айында Испанияда өтүүчү жаш таланттардын сынагына катышууга чакыруу беришкен. Испаниядагы сынакка 7 жаштан 12 жашка чейинки 6 талантыбызды алып бардык. Алар модельер Татьяна Воротникованын кийимдер коллекциясын көрсөтүшүп 1-орунду алышты”,- деп билдирет моделдик агенттиктин менеджери Жылдыз Абыке кызы.
КАТАЛОН ТИЛИ
Каталон (валенсия) тили Испаниядагы 3 расмий тилдин (испан, аран, каталон) бири. Бул тилде Испанияда 11 миллион адам сүйлөйт. Болжолдорго караганда, азыркы Каталониянын ордунда байыркы гот жана алан уруулары жашап, ал аймак Гот-Алания, Готланд (кийин Каталония) деп аталган. Каталония тили дал ошол эки уруунун тилинен келип чыккан.
Айбек Нурадилов
star@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ӨЗҮҢҮЗДҮ ТААНЫТУУ ҮЧҮН АВАНТЮРАГА БАРАТ БЕЛЕҢИЗ?
Курмангазы Азыкбаев,
музыкант:
– Атымды чыгарайын деп эч качан аракет кылган эмесмин, кылбайм дагы. Музыкант болуу кичинемден берки тилегим болчу. Ошол тилегим көп жылдык кажыбас эмгегимдин аркасында ишке ашты.
Ырыскелди Осмонкулов,
ырчы:
– Музыка чөйрөсүнө көз карашым абдан терең. Аны экинчи турмушум десем болот. Анан кантип мен бул чөйрөдө авантюрага барам? Ал көбүнчө шоу-бизнесте болот. Элге таанылып калган таланттар авантюраны деле терең ойлонуп жасашы керек, менимче.
Алексей Филатов,
телеалпаруучу:
– М-мм, кандай десем? Авантюра деген бул тобокел кадам да, туурабы? Эгерде мага ушунчалык зарыл болсо, бармакмын. Мен дайыма жаңылык кылып турууну жактырам. Албетте, ал жаңылык мага пайда алып келеби, эч ким зыян тартпайбы, ал жагын дагы изилдеп чыгам.
Гулзинат Суранчиева,
ырчы:
– Андайга муктаж эмесмин. Анын үстүнө биздин өлкө кичинекей, авантюра менталитетибизге да туура келбейт. Эмнеге Кыргызстан кичинекей деп жатам? Анткени бүгүн андай кадамга барсаң, эртең эле билинип калышы мүмкүн. АКШдай чоң өлкө болсок бир жөн.
KG Элмурат,
ырчы:
– Анчалык шектүү кадамга бармак эмесмин. Андан көрө жамандыр-жакшыдыр өз эмгегиң менен атактуулукка жеткен жакшы эмеспи? “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, баары бир бетиң ачылып, элге уят болосуң. Андан көрө акырын өзүңдүн арабаңды өзүң тартып жүрө бер.
Бактыгүл Бадыева,
ырчы:
– Жок, мен андай кадамга барбайм. Таанылыш үчүн элди алдоо түшүмө да кирбейт. Авантюрага барган адам элди эмес, биринчиден, өзүн алдайт. Мен эмгекти сүйгөн адаммын. Атымды эмгектин негизинде эле таанытам. Иштей берсең эл деле эмгегиңди баалайт да, туурабы?
Добр,
ырчы:
– Мен авантюрага барган эмесмин жана барбайм дагы. Анткени калп айта албайм. Майда-чүйдө күнүмдүк иштер болот го, кээде ошондо тамашалап калп айтып алып деле кыжалат болуп, ичимден кыйнала берем. Мен Добр деген атымдын эмес, ырларымдын белгилүү болушун каалайм.