8-февралда 88-жолку «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи өтмөкчү. Бирок киноакадемия 14-январда талапкерлердин тизмесин жарыялаары менен чыр башталды. Режиссёр жана актёр Спайк Ли кара терилүү актёрлордун тизмеде жок экенине нааразычылыгын билдирип, «Оскар» сыйлыгына бойкот жарыялады. «Ушундай кантип болсун? Экинчи жыл катары менен 20 талапкердин баары ак терилүү актёрлор. Биз эмне, жакшы ойной албайбызбы?
Менден «Оскар» сыйлыгына кара терилүү актёрлор эмнеге талапкерликке коюлган жок?» деп сурашууда. Мен деле ошол суроону киноакадемиянын өкүлдөрүнө бергим келет»,- деп интернеттеги жеке баракчасына жазып чыккан. Актёрдон тышкары Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смит да аземге барбай турганын билдирген. Андан сырткары аземге алпаруучулукка дайындалган кара терилүү актёр Крис Рокту да бойкот жарыялагандар «Оскарга» каршы үндөп жатышат.
Эске салсак, акыркы жолу 2013-жылы Люпита Нионго «12 жыл кулчулукта» тасмасы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган. Ал эми кол чогултуп жаткан Спайк Ли 1989-жылы «Кандай керек болсо, ошондой кыл» («Делай как надо») тасмасына мыкты сценарий үчүн «Оскар» алганы маалым.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg