Турдакун Ниязалиев: «ЖУБАЙЫМА» ДЕГЕН ЫРЫМ БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТАП КАЛДЫ»

Учурда «Чарчап келсем кубатым сен, Жылмайып тосконуӊ ай-күнгө теӊ. Очокту жандырган мээнеттериӊ, Мелтиреп чалкыган көлдөй тереӊ...» деген саптары бар «Жубайыма» аттуу ыр хит болуп жатат. Ушул ырдын автору жана аткаруучусу Турдакун Ниязалиев менен тааныштырабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 9-июнь
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Көк-Таш айылы
Билими – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетин бүтүргөн.
Учурда – Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы

– Турдакун, кепти чыгармачылыкка кантип келгениӊден баштасаӊ.
– Мен бала кезден эле мектепте баян ойноп, ырдап жүргөм. Чымыным бар окшойт, кийин обон жазып калдым. Эсимде, 10-класста окуп жүргөндө Ынак Осмоналиев ырдап жүргөн «Айлуу кеч» деген ырымды жазгам. Бирок ырчы болом деп деле аракет кылбаптырмын, анткени ырчы болуш өтө кыйын деп ойлочумун. Көрсө, талантыӊ болсо ырчы болуу оӊой эле экен. Болгону өзүм университетке тапшыргандан кийин чыгармачылыкты таптакыр таштап салдым, себеби араб тили аркылуу ислам дүйнөсүнө аралашып баштадым. Шариятта ырдоого тыюу салат эмеспи.
– Анан кайра эмнеге ырдайын деп чечтиӊ?
– Эгер ыр адамды адеп-ахлакка, Ата Мекенди сүйүүгө чакырса ырдаса болот дегенди уккандан кийин кайра чыгармачылыкка кириштим. «Жубайыма» деген ырды деле сүйүү жөнүндө ырдадыӊ» деп сындагандар болду. Бул ырда никедеги сүйүү жөнүндө айтылып жатат. Башкача айтканда, жубайлардын бири-бирин урматтоого, сыйлоого чакырык десем болот.
– Бул ыр менен түгөйлөрдү ынтымакка чакыра алдым деп айта аласыӊбы?
– Менин чыгармачылыктагы максатым – популярдуу болуп, анын артынан акча табуу эмес. Тарбия берүүдө музыканын таасири күчтүү, ошондуктан музыка аркылуу ыйманды жеткирсем дейм. Эӊ эле жөнөкөй маселе – азыр жаштар күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды билишпейт. Айрым мырзалар болсо келинчегин «кечке үйдө эмне кылып отурдуӊ» деп жемелешет. Мына ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдөн улам Кыргызстанда айына 800 үй-бүлө ажырашат экен. Дарыны койсоӊ жарага тийгендей эле, бул ыр элге алынып кетти. Ыр аркылуу жок дегенде бир үй-бүлөнү сактап кала алдым деп мактанып айта алам.
– Үй-бүлөнү сактап кала алдым деп жатасыӊ, толугураак токтоло кетсеӊ.
– Жылдын жыйынтыктоочу концерттеринин биринде сахнанын артына бир киши келип: «Бул ыр менин үй-бүлөмдү сактап калды, болбосо эки балам көчөдө калмак, рахмат»,- деп көзүн жашылдантып ыраазычылыгын билдирди. Ал киши телеканалдардын биринде оператор болуп иштеген, 40 жашты чамалап калган байке экен. Жубайы экөө кызганычтан улам уруша кетип, ажырашалы деген чечимге келип, аялы менен оокаттарын жүктөгөнү үйүнө бара жатышса машинадан «Жубайыма» жаӊырып калыптыр. Ырды угуп келинчеги кечирим сурап, экөө жарашыптыр. Азыр байке менен сүйлөшүп турам, телефонунун чакырыгына да, коӊгуроосуна да ушул ырды коюп алган.
– Обон жаратуу да оӊой эмес, сурайын дегеним, музыкалык билимиӊ барбы?
– Атайын музыкалык билимим жок, болгону туура ырдоо үчүн Улукмырза Полотовдон сабак алам. Чыгармачылык мен үчүн кесип эмес, жөн гана хобби. Көбүнчө обондор басып баратканда жаралат. Мисалы, «Жубайыма» ырымдын обонун деле мурун кыӊылдап баратып эле жаратып койгом. Сөзүн жазууда бир аз кыйналдык, бирок жыйынтыгы жаман болгон жок.
– Маегибиздин соӊунда үй-бүлөӊ жөнүндө айта кетсеӊ.
– Келинчегимдин аты Жибек, менден 6 жашка кичүү. Кесиби араб тилчи, учурда балдар менен үйдө. Ал эми уулум Хамза 3 жашта, кызым Ясмина 8 айлык болуп калды. Өзүм 4 бир туугандын улуусумун, 3 карындашым бар. Атамдын көзү өтүп кеткен, апам Нуржамал карындаштарым менен Таласта турат. Бишкекке үй салып жатам, бүтсөм апамды көчүрүп келсем деген оюм бар.
– Маегиӊе чоӊ рахмат, тилегиӊ орундалсын!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жубайыма" деген ырым эки баланын ата-энесин жараштырды" дейт Турдакун Ниязалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
xd_aizhan
2016-01-25 21:00:12
Ийгилик ыры аябай жакшы мындан да көп ырларды жарата берсин .
+2
misha_saku
2016-01-25 21:07:37
Бул ырды суйуп угуучулардын катарын биз дагы толуктайбыз, абдан сонун чыгарма уккандан тажабайм, бир аз конулум тушуп калса эле ушул ырды угам кадимкидей конулум ордуна келип калат.
+1
aylin.kg
2016-01-25 21:32:29
Ырыныз чындыгында ото таасирдуу. Ишинизге ийгилик.
0
aichurok.97
2016-01-26 00:03:22
Аллахым ыраазы болсун
0
altynaiB
2016-01-26 01:55:34
Аллах ыраазы болсун. Сиздей тушунуктуу эркектер кобойо берсин. Уй-булонузго ынтымак иштеринизге ийгилик каалайм. Кыргыздын улгулуу мырзаларынан болуп журунуз. Жаштарды жакшы жолго тарбиялоодо салымыныз чон болсун.
0
Aibek8992
2016-01-26 14:53:31
Абдан сонун ырдаптыр. Өзү да абдан жөнөкөй кичи пейил жигит. Менин тоюмда да ырдап берген эле Пайгамбарыбыз тууралуу ырларынан. Аллах ыраазы болсун
0
bagira77
2016-01-26 17:10:50
Кана ошо ырды мага дагы жонотуп койгулачы
0
sultan.kg
2016-01-26 19:40:41
Эээн мыкты чыгарма сизге дагы коптогон ийгиликтерди каалайбыз!
0
alida.09.29
2016-01-26 21:14:28
Мага да бул ыры абдан жаккан. Клиби да соонун да. Турдакун байке ыйман жолунда жургон жакшы мырзалардан экен.
0
Mile
2016-01-27 08:32:24
Менин жолдошума да анча мынча ырлар жага берчу эмес. Ушул ырды жакшы коруп угат. Даже кичинекей кыздарым да жакшы корушот.
0
batma5
2016-01-27 12:50:54
Омурун узун болсун!
0
jikitai
2016-01-27 18:46:51
Баракелде,сиздин клиптериниздин да тарбиялык мааниси кучтуу,ырларыныз абдан маанилуу.Дагы да жакшы ырларды кутобуз
0
airada
2016-01-28 03:17:56
Жонокой, ыймандуу экени корунуп турат. Жубайыма ыры да сонун чыккан.
0
nurik9090
2016-01-28 15:33:45
азамат.
0
dubai
2016-01-30 03:00:27
ушул ырдын казакчасын уктум эле бир жарым жыл мурун,ошондо какендер которуп алганбы же...бул ырдын чыкканына канча болду?негизи жакшы ыр.
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан