ЖЫЛГАЯК

Кыш келип, айлана ак шейшепке чулганган кез. Алма, өрүктүн бутактары ийилип, ак тон жамынып  алышкан. Кыштын келиши, кардын бурганактап жаашы Таалайбекке аябай жакты. Ал көптөн бери жылгаяк тебүүгө даярданып жүргөн эле. Кар жааса адырдан жылгаяк тебем деп чана да камдап койгон. Таалайбек ал күнү таӊдын атышын күтүп түнү менен уктаган жок.
Эртеси күн чайыттай ачылды. Жылгаяк тебебиз деп чана сүйрөгөн балдардын кубанычтуу үндөрү көчөнү жаӊыртып, кыштын шаӊын дагы бир ирет чыгаргандай болду. Таалайбек да балдардан калбай чокой, кол кабын кийип жылгаякка жөнөдү. Пахтадай жумшак карды чачышкан жеткинчектер жылгаяк тебүүнүн ырахатын сезип, жыргалга чөмүлүштү. Бири лыжада, экинчиси чанада, кээ бирлери эки-үчтөн кол кармашып алып дөбөдөн ылдый зуулдап түшүп жатышты.
Таалайбек да адырдын башына чыгууну ойлоп өргө карай басты. Чананы сүйрөп өргө чыгалбай кайра-кайра жыгылып, моюн-башына кар толуп, буттары үшүгөнүнө карабастан алдыга умтула берди. Балдардын зуулдап тээп жатканына кызыгып мен дагы ушинтип чана тебишим керек деп аракетин күчөттү. Кыйналып жатып дөбөнүн кырына да чыкты. Чоӊ иш кылгансып кубанып алган. Балдардын баары аны «азамат!» деп жаткандай туюлду. Ал гана эмес тээ алыста агарып жаткан мейкин талаа жылт-жулт этип көз кысып, дем берип тургансыды. Анткен сайын Таалайбектин жүрөгү элеп-желеп болуп көздөрү жайнап кетет. Анткени бул анын эс тартып, өз алдынча биринчи ирет жылгаяк тебиши, өз эмгеги менен мүдөөсүнө жеткен биринчи кубанычы болчу. Каректери оюн кумарына жык толгон бала чанага байланган жипти абайлай кармап, ыӊгайлуу отурду да, ийгиликке жеткендей кубанып, чананы ылдый көздөй коё берди. Зымырап алып учуп жөнөгөндө ал дүйнө кезип бараткансыды. Көксөп жүргөн кыялы орундалгансыды. Ага андан ашык бакыт, кубанычтын кереги да жок болчу.
Балдар, көрдүӊөрбү, аракет кылсаӊ анын акыбети сөзсүз кайтат. Эгер Таалайбек жалкоолонуп адырга чыкпай койсо чана тепкенди үйрөнө алмак эмес. Кичинесинен бери кыялданган максатына жетпей калмак. Силер дагы мейли билим берүү тармагында, же спорт, маданият тармагында болсун мээнет кылсаӊар, үзүрүн сөзсүз көрөсүӊөр.

Султан Төрөбеков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aizat_1991
2016-01-31 13:37:56
Жакшы ангеме экен, созсуз кыздарыма айтып берем.
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан