Айчүрөк Иманалиева: “МЫНДАЙ КОЛ САЛУУНУ ДУШМАНЫМА ДА КААЛАБАЙМ”

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө КРнын Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы атка конгон Айчүрөк Иманалиева менен жолдошу Таалайга бирөөлөр кол салышкан. Жүрөк үшүн алган бул окуядан соң “кыргыздын көрүнүктүү айымына, башкача айтканда, энеге кайсы эргул кол көтөрдү?” деп тынчсыздандык.

Алгач ырчыга байланышып, ден соолугун сурап «жан дүйнөңүздө болуп жаткан көйгөйдү кыргыз эли менен бөлүшүңүз. Эл эмне болгонун өз оозуңуздан уккусу келет» дедик. Трубканы көңүлү чөгүңкү алган ырчы “жок, мен азыр эч нерсе айткым келген жок” деп кыйылганына карабай үйүнө барып маектештик.
– Айчүрөк эже, жакшы болуп калды­ңызбы? Сиздин абалыңызды билип, тынчсызданган күйөрмандарыңызга жооп алып берели деп турабыз.
– Мен үчүн, менин үй-бүлөм үчүн тынчсыз­данганыңарга рахмат. Мен бул окуяны эч бир маалымат каражаттарына чыгаргым келген эмес. Бир аз өзүмө келип, кол салгандар табылган соң билдирем дегиче болбой эле силер жазып жибердиңер. Гезиттен окуган айылдагы тууган-уруктардын баары телефон чалышып, сарсанаа болуп жатышты. Анын үстүнө “сабап кетти” дегенди укканда, төбө чачтары тик турду окшойт. Эмнеси болсо да менин турмушумда ушундай бир жаман окуя болду. Мындай нерсени мен душманыма да каалабайм. Миң уктасам да мындай окуя түшүмө кирбес эле. Мен бир ишкер же министр, депутат болбосом. Же бирөөгө жамандык кылып криминалдык чөйрөгө аралашпасам. Өмүр бою ыр менен жашап, үй-бүлөмдү багып келе жаткан карапайым ырчымын го. Билбейм, мен анчалык кимди капа кылганымды. Эгер чындап капа кылган болсом, адамча келип “сен туура эмес кылып жатасың” деп айтпайбы. Мен деле адаммын, түшүнөм го. Анан айбандарча кол салуу, коркутуу бул эмне деген шумдук... деп сүйлөп отуруп ырчынын көзү жашылданып кетти.
– Балким, ал адамдар сиздин бир тамчы көз жашыңызга татыбайт чыгар. Кол салууга чейин машинаңызды талкалап кетишкен турбайбы?
– Декабрда өткөн гезитимдин бет ачар аземинде КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын беришкен. Ошол күнү кечинде болгон концертте сыртта эч ким калбаганынан пайдаланып машинабызды талкалап кетишиптир. Машинаны ургулаганда катуу үн угулуп, чуркап чыксак биздин машинаны болушунча талкалашыптыр. Кесиптештерим «президент эмгегиңди баалап, көптөн күткөн наам берип жатса кой эми, бардык жамандык ушуну менен чыгып кетсин. Башы-көзүңдөн садага, алтын башың аман болсо мындай машинанын далайын аласың» деп көңүл айтып калышты. Эртеси уюлдук телефонума бейтааныш эркек чалып, “сен бир адамды таарынткансың. Жөн жүр, балдарың жетим калат уктуңбу! Сени менен дагы жолугушабыз. Биз бандиттербиз...” деп коркутуп өчүрүп койду. 2-январь күнү “Хаят” мейманканасына ырдаганы жолдошум Таалай экөөбүз үйдөн чыгып бара жатсак, кире бериштен бейтааныш үч жигит кол салды. Алардын өңүн караңгыда жакшы тааный албай калдык. Менин чаңырган үнүмдү уккан Арген терезеден көрүп, кошуналар менен чуркап экинчи кабаттан түшүп келгичекти качып кетишти. Анан дароо эле ИИМге кабарладык. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
– Өзүңүз кимден шектенип жатасыз?
– Билбейм, колум менен кармап албагандан кийин... Негизинен, баары мыйзам чегинде чечилсе деп тилимди тишиме катып турам. ИИМдин кызматкерлери баш болуп “ушундай кыздарыбызга кол салдырып коюп эмне карап отурабыз?” деп колдорунан келишинче кылмышкерлерди издеп жатышат. Эгер чындык, адилет бар болсо, табылып калар. Кудайдан тилегеним эле ошол болуп жатат. Азыр бир Кудайдан башка эч кимге ишенбей калдым. Мындай адамдарды Кудай өзү жазалайт. Мен бир спортчу болсом кол салса бир жөн. Энесиндей болгон аялга кол көтөрүүгө ошол балдардын кантип дити барды экен? Ушул мага кол көтөргөндүгү үчүн канча акча алышты экен? Мен ошончолук катуу таарынтсам, гезитке эле айтып койсо мындан өткөн жаза жок болот эле да. Мен үчүн уят өлүмдөн катуу. Демек, ошол кол салдырган адамдардын өзүнүн чоң күнөөлөрү бар көрүнөт. Кыргызда эр сайышта деле бетме-бет чыгып найзасы түшүп кетсе, алганча күтүп туруу эрежеси бар эмеспи. Качан эле артынан келип найза сайчу эле. Өзүм курактуулардан мындай нерсени күтпөйм.
– Эл арасында «муну Анжелика жасады» деген жоромолдор айтылып жатат го?
– Мен ал жөнүндө эч нерсе айта албайм.
– Келиңиз, Айчүрөк эже, сөз нугун жакшылыгыңыз тарапка буралы, 12-январь туулган күнүңүз эмес беле?
– Ооба, Уулум Арлен кызым Аэлита үчөөбүздүн туулган күнүбүз бир. Бул күнү гезитимдин ачылышын, наамымды жууп жакындарым, кесиптештерим менен тосом деп бир ай мурда ресторанга алдын ала акча төлөп койгом. Орто жолдон мындай окуялар болуп кетип, бул планым 27-январга жылып кетти.
– Туулган күнүңүз кандай өттү, жүрүшү жөнүндө айтып бербейсизби?
– Маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раев, Жогорку кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов, Казат Акматов, Асан Жакшылыков, Зейнеп Шакеева, Гүлшайыр Садыбакасова, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова өңдүү инсандарыбыз келишти. Кыскасын айтканда, ресторанга батпай калышты. Мен күткөндөн коноктор эки эсе көп келгендиктен официанттар стол ташып жеткизе албай, мен бир топ ыңгайсыз болдум. Ибрагим байке сөзгө чыгып “жакшы адамдын коногу көп келет, жаман адам конок чакырып алып столдору бош калат, мына ушундан эле сенин кадыр-баркыңды билсек болот” деп көңүлүмдү көтөрдү. Ал эми Султан Акимович “мен Айчүрөктүн ыры менен чоңойгом” деп элди күлдүрсө, коррупцияга каршы мамлекеттик агенттик жетекчилери “биздин патриот кызыбыз” деп Мекенчил медалын тагышты.
– Рахмат, маегиңизге, эже. Туулган күнүңүз менен биз дагы куттуктайбыз!

Айчүрөк айым чыгармачылыктын түйшүгүн, жемишин да татып 23 жылдан бери сахнадан түшпөй келатат. Үй-бүлө очогун өчүрбөй, жолдошунун сүйүктүү жары болуу менен катар үч баланы тарбиялоодо. Бул айымды майтарабыз дегендер жаңылышат. Анткени ырчынын артында өтөгөн эмгеги, күйөрмандары турат.


Жылмайып коюңуз!

Айчүрөк айым телефон аркылуу бир чоң кызматтагы чиновник менен сүйлөшүп жатат. Үнүн жасап, тамагын оңдоп:
– Агай, угуп жатам, түшүнүктүү,- деп жатса мышыгы колбасасын көтөрө качат.
Телефондогу чиновникти унутуп калып:
– Таалай, колбаса!.. деп чаңырган экен.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Simpotka
2010-02-02 11:35:31
Men munu Anjelika kildi dep ishenbeim, bolushu mumkun emes.
0
inessa
2010-02-02 16:00:55
и причем здесь Анжелика??? бред какой
0
лоло пепе
2010-02-03 14:23:24
Айчурок эже сиз кепка кийбей эле койсонуз жакшы болот эле!!
0
LawyeR
2010-02-03 14:25:37
Мен да Анжелика жасады деп эсептебейм, достор. Эгер ал жасаган болсо, анын да шермендеси чыгат да ээ, Жанета Бобковадай болуп..

Бирок, Айчурок да жон журбогон адам окшойт, деп ойлоп калдым. Кантип эле мирный болуп жашап жатса, ага кол салсын?
0
Майрам эже
2010-02-05 16:01:00
Айчурок озунун учениктерин капа кылат,достору жонундо жакшы соз айтканын коргон эмесмин. Москва.
0
золотишка
2010-02-06 09:26:34
Мындан аркы турмушуна ийгилик каалайм.
0
mairam
2010-02-06 21:38:19
Анжелика болушу мумкун.
0
Aziatka
2010-02-07 18:40:14
bilbegenden kiyin aitpash kerek
0
jasi bala
2010-03-29 11:46:31
Анжелика жасабайт.себеби аны ушул даражага которгон сиз болосуз муну элдин баары билет
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан