ПРОФИЦИТКЕ КЕМТИК МЕНЕН ЖЕТҮҮ

Бюджеттин ашыктыгы – азырынча Кыргызстан бул боюнча кыялга гана бата алат. Эгер өлкөдө бюджеттик мекемелерди жана көптөгөн социалдык долбоорлорду колдоп келген ишкана жабылып кала турган болсо, анда бул кыял да кол жеткис бойдон калат.
Мамлекет башчысы тарабынан кол коюлган «2016-жылга карата республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга божомол тууралуу» мыйзамына ылайык, жаӊырган жылы жалпы киреше бөлүгү 124,4 миллиард, ал эми чыгаша 146,8 миллиард деген эсепте, бюджеттин тартыштыгы 22,4 миллиард сомду (ИДПга карата 4,5 пайыз) түзөт. Мурдагы жылдардагыдай эле республика бюджеттин профицитине чыга албай, улам тартыштыкка батып барат.
Борбордук Азиядагы эӊ ири алтын өндүрүүчү ишкананын тегерегинде түзүлгөн абал шартында андай максат кол жеткистей. Мындайда ашыктык кайдан болсун? «Кумтөр» артынып келаткан социалдык жүктү оодара турган эч ким жок. Бул аталган ишкананын олчойгон төлөмдөрү менен маяна алып жаткан врачтар, медиктер, пенсия алган пенсионерлер куру калат, ишкананын каржылык көмөгү менен ишке ашырылчу, жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга жана жаштарды колдоого багытталган социалдык долбоорлор: жол, мектеп, бала бакча, оорукана куруу жана жаӊыртуу токтойт дегендик. Булар кен ишинин токтотулушунан улам жаралчу жагдайлардын бир бөлүгү гана.
Мындай кооптонуулар негизсиз деген ойлордун өзү жаӊылыш. Бийик тоолуу кендин айланасындагы дайымкы териштирүүлөр жана болбогон ызы-чууларга карабастан эл да, бийлик ээлери да «Кумтөр» кайда качмак эле деп көнүп калышкан. Бирок 2026-жылдан кийин, алтын теги түгөнгөндө, бир катар жылдар бою өлкөнү багып келген канадалык инвестордун ордуна ким келерине ой жүгүртүүнүн маалы жетти. Буга жооп таба албаган соӊ «капсалаӊ күнгө» кор топтоо акылга сыярлык аракет болор эле. Сомдун кунун коргоо үчүн долларды чачып жаткан Улуттук Банктын алтын валюталык кору чексиз эмес...
Экинчи жагынан инвесторго жасалган тоскоолдуктардан улам «Кумтөрдүн» өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштешинен да кээде шек санайсыӊ. Көзгө көрүнөө нерселерди да биздин саясий каймактар көрмөксөнгө салат. Бул ишканасыз бюджетте алтын жип, алтын ийне менен да жамаачылай албаган жыртыктар жаралат. Ордун ээлей турганы жок. Мыйзам ченемдүү маселе туулат: ири алтын өндүрүүчүнүн тегерегиндеги кырдаал кандай максатта жасалма түрдө курчутулууда? Ал эми тезинен чечилүүгө тийиш маселе – ошол эле Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (бул документке киргизилчү өзгөртүүлөрсүз «Кумтөр» ишин токтотот) кайра-кайра жылдырылып келет? Бүтүндөй өлкөнүн тагдырын аздыр-көптүр чечүүгө энчиси бар бийликтегилер тоо-кен тармагынын алпы ишин бир саамга эле токтотсо, кандай кооптуулук жараларын көрө аларына ишенбей кетесиӊ.
Темир Сариев жетектеген өкмөттүн тапшырмасы менен бир нече ай бою бийик тоолуу кенде мөӊгүлөрдүн абалын изилдеген, алардын эмнеден улам эрип жатышына илимий түшүндүрмө берген эксперттик комиссиянын толук отчёту парламентке жана министрлер кабинетине келип түшкөнү белгилүү. Бул тапшырма да аткарылган. Парламенттин азыркы курамын окумуштуулардын бүтүмдөрү канааттандырабы, серепчилердин пикирине алар кулак салабы, бул аныкталар. Бирок качан аныкталары азыр белгисиз. Фракциядагы депутаттар жана өкмөт документ менен дагы да таанышууда. Алардын чечимин экинчи жыл күтүүдөбүз. Бир нече апта дагы күтө алабыз, эгер, албетте, күткөнүбүз акталса, парламентте дагы оюндар башталып, «жаӊы демилгелер» жаӊырып эле кетпесе...

Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marik10
2016-01-26 16:18:11
саясаттан алысыраак болсо маселе чечилмек да бюджетке чон жардамы дагы кобуроок болмок
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан