Айпери Кубик кызы: «БАЛАМДЫН ИДЕАЛ ТУТКАН КУМИРИ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Айпери Кубик кызы үй-бүлөлүк очогун түптөп алып чыгармачылыкка жаӊы дем менен киришип, «эми сексуалдуу образ менен чыгам» деп турат. Бизге маек куруп, жеӊилдеп калганын айткан ырчыны үй-бүлөлүк жашоо кыйла өзгөртүптүр. Мурда далдаӊдаган ачык-айрым кыз эми тилин тишине катканды, сабырдуу болгонду үйрөнгөнүн айтып отурду.

«СҮЙҮҮНҮ ЭМИ БАШЫМДАН ӨТКӨРҮП ЖАТАМ»

«Күйөөгө тийдим, төрөдүм, эне болдум» деп шалбыраган көйнөктөрдү кийип чоӊ аял болгум келбейт. Жашмын, эми сахнага сексуалдуу образ менен чыгам. Мурда эле ошондой болчумун деӊизчи. Бирок күйөөмдүн алдында гана сексуалдуу болушум керек деген принцип менен жашап, көп эркектин көзүнө түшкүм келчү эмес. Мындай образ менен чыгууну жолдошум сунуштап жатат. Себеби ал чыгармачылыгымды, сулуулугумду колдойт. «Өзүӊө ишен, артыкчылыгыӊды элден жашырбай көрсөт» дейт.
Эми репертуарымды сүйүү ырлары толуктайт. Буга чейин атам «сен азыр сүйө элексиӊ, жүрөгүӊдө сүйүү жок. Аны сезбегенден кийин ырды маӊызына жеткире ырдай албайсыӊ» дечү. Эми болсо сүйүү келип, башымдан өткөрүп жатам.
Фантазиям күчтүү, идеяга баймын. Бирок аларды ишке ашырууга бардык учурда шарт боло бербейт. Турмушка чыккандан баштап жоопкерчилик артты. Келиндик кызматты аткарууну, бала багууну эптештирип келе жатам, эми күйөрмандарымды сүйүнтөм деген план бар.
Азыр эптеп ырчы болоюн, бир ырым элге тараса той-топурга чакырат, акча табуу оӊой болот деп ойлоп ырчы болгондор көбөйдү. Ырчынын көп болгону деле жакшы. Анткени салыштырганга атаандаштык керек, иргелип отуруп мыктылары калат.

«ЭРКЕКТИН ЭРКЕКТЕЙ БОЛГОНУ ЖАКШЫ»
– «Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» деген макалга «эркектин эркектей болгону жакшы» деген сөздү кошот элем (күлүп). Азыр жигиттер кыздарды сыйлап, назик мамиле жасап сыпаа сүйлөсө, аны «подкаблучник», коркок, жагынайын деп жатат деп ойлошот. Бул пас эркектердин түшүнүгү. Көп эркектер жеӊил оокатты ойлошот. Максатына жетүү үчүн аракет кылышпайт, шашып, кылган иши дароо жыйынтык бербесе, орто жолго таштап коюшат.

«КӨРӨ АЛБАСТЫККА КӨП КАБЫЛДЫМ»
– Бизде көрө албастык аябай өнүккөн. Ага мен да кабылгам, кабылып келе жатам. Атактуулукка эрте жетишкендиктенби, көрө албастык мектептен эле башталган. Көп жерге киргизбей, кылган ишимди көрө албай, атаандаш болот дегенсип басып койгондор чыккан. Ошол көрө албаган адамдардын арасында мен жеткен ийгиликке 5-6 жылдан кийин жеткендери да бар. Сөз ээсин табат, айткандарымды окуп жаткандар ким экенин билишет, өздөрүн таанышат.

«МАМИЛЕНИН БЕКЕМДИГИ ЭРКЕКТЕН КӨЗ КАРАНДЫ»
– Наруландын чечкиндүүлүгү, сөзүндө туруп аткаргандыгы, кыскасы, чыныгы эркектик сапаттары жаккандыктан аны менен сүйлөшкөм. Кызганып, жиндилик кылбай, акылы менен башкарчу. Жадакалса анын мага жасаган сый мамилеси үчүн досторум менен сүйлөшкүм келбей калган.
Үй-бүлөдө мамилени сактоо үчүн ишенич, сый, бири-бирин түшүнүүчүлүк керек. Ал адамдын көӊүлүн карап, керектүү учурда колдоп турсаӊ, кыз-жигиттин мамилеси тойго жетет. Үй-бүлө кургандан кийин башка жашоо башталат. Кээ бирлер «биз азыр да кыз-жигиттейбиз» дешет. Алар алдап жатышат деп ойлойм. Мамиленин бекемдиги эркектен да көз каранды. Эгер ага баары жакпай, муздап калса, аны жибитүү кыйын.

«ЧЫДАСАӉ, ЖҮНҮӉ ЖАЛТЫРАК БОЛОТ»
– Турмушка чыккандан кийин жашоо шартка ыӊгайлашып жашаганга үйрөндүм. Атам айтмакчы, «чыда, кызым, жүнүӊ жалтырак» болот дегендей, чыдамкай болууга көндүм. Азыркы заманда баарынын тили узун, баары сүйлөп калгысы келет. Мурда атырылган, далдаӊдаган, ачык мүнөз, оюма келгенди сүйлөп салган кыз элем. Азыр керектүү жерде гана сүйлөп, көпчүлүк учурда тилимди тишиме катып акылдуураак болгонго аракет кылам.
Үй-бүлө жаатында балага ата-эне үлгү болушу керек. Анткени ал сени көрүп чоӊоёт. Өзүӊ жаман жолдо жүрүп, билимдүү болбой туруп балаӊа «мындай бол, тигиндей бол» деп жакшы тарбия бере албайсыӊ. Ошондуктан өзүм түз жашап, баламдын идеал туткан кумири болгум келет. Маегимди окугандар «көптү төрөгөн энедей сүйлөптүр, өзүн чоӊ аял сезип алыптыр» деши мүмкүн. Төрөгөнүм үчүн чоӊ аялдардай сүйлөбөй эле бул менин дээримде бар нерсе. Жашоом алмашкангабы, берилген суроого маани-маӊызы менен жооп бергенге аракет кылам.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (106)
bolotbai3
2016-01-28 18:16:05
Койногунун жакасына жетбей калыптыр кызыл материал.Государство толоп бермек жетбегенин.
+4
Asyl.jazi
2016-01-28 22:02:55
2014-жылы ХХХ берген маегинде "Төшү ачылган, же арты ачылган кийимдерди такыр
кийбейм" деген экен го. Азыр бул кийген кийими кандай болуп калат!?
+3
Svoboda83
2016-01-28 23:05:38
Asyl.jazi,ооба айткан менда уккам
+3
Svoboda83
2016-01-28 23:19:42
кетсин!
+6
nur007mir009kg
2016-01-28 23:33:39
Ииии мурункудай эле скромный болуп журсо болмок. Наоборот ак жоолук салынып алса
+4
Geran
2016-01-29 13:55:26
Мурун ушу кызды ыймандуу Сайкал,Айгеримдерге окшобойт деп сыйлайт элем. ХХХ ХХХ Ийгиликке жеттим деп тимле,кайсы ийгиликти айтып атат.Бир норм ыры жок.Уят!
+3
admin_superstan
2016-01-29 15:22:20
Geran,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынат!
3 күн БАНга!
0
nurgul
2016-01-29 23:43:48
Кайната кайненесин сыйлабаса жок дегенде оз атасын сыйлап койсо болмок уят куйосу кызык экен куйосу бош окшойт ээ
+1
jamal1993
2016-01-30 09:16:27
Айпери маладец дайыма алдыга жур мен сени жакшы кором,сен аябай таланттуусун.
-2
alina1983
2016-01-30 12:55:41
Айпери таланттуу, суйкумдуу кыз, кинодо ойногон рольдорун да мыкты аткарган, бирок азыркы суйлогон создору, кийген кийимдери кишини ирээнжитти.
+5
sevgilim
2016-01-30 14:50:04
Аллахым туура жолго салсын! Шайтандын жолуна тушуп алган корунот.
+3
Musulmanka.
2016-01-30 22:26:15
Аллахым ыйман берсин деген создон башка эч нерсе айта албайм
+1
gulkar
2016-01-31 03:51:04
Бул кызга башынын маани бербейм.
Мага лично ысык-суугу жок.
+1
gulzarali
2016-01-31 19:38:12
Чыда Айпери чыда жунун жалтырак болот)))
0
Aytur
2016-02-01 00:02:27
Айпери аябай эле аша чаап кетиптирсин мен сени атан менен гастолдо жургондо коруп аябай тан калгам сексуалдуулугунду коргозбой туруп кулинарияда озунду корсот! Боюнда болсо деле атана эркелеп жаттын эле тороп эле стресс болуп стрессин жазыла электе суйлоп салдынго дейм.
Атан экоондун насаат ырынар барго ошондогу образ менен жашасан жакшы болмок.
+2
aizirek...
2016-02-05 02:19:06
Айпери жаман тантыпсын чынын айтсам
0
boke88
2016-05-22 13:52:06
тооба кылдым эмне депле комм.жазат десе эле жаза берипсинерго,силерди биринчи окуп анан аны угайынчы десем жалан жамандоолор уят деп эле,озу билетда сексуальная болсо айтыптыр ошондоймун деп,озунор жудомуш болсонор анан коралбайтасынарбы,силерда ага жетип алгылачы жудобой!!!
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан