CАСЫК ТУМООДОН КОРГОНУУНУН АЛТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Дүйнөдө 1 жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп, анын 2 миллиону оорунун күчөп кетишинен каза болот. Андыктан мындай коркунучтуу дарттан өзүӊүздү жана үйдөгүлөрдү сактаӊыз.

  • Коомдук жайларда болушунча аз жүрүӊүз. Дүкөнгө, дарыканага же ишке жөнөгөндө бет кап кийиӊиз. Ал жок болсо, оозу-мурдуӊузду жүз аарчы менен жаап, үйгө барганда жууп, үтүктөӊүз.
  • Сасык тумоонун вирусун дүкөндөн себеттин, ошондой эле коомдук унаанын кармагычы, ал тургай акча аркылуу жугузуп алууга мүмкүн. Анткени аларда вирустар топтолуп калат. Аларды кармагандан кийин ооз, мурун, көзүӊүздү колуӊуз менен сыйпалабаӊыз. Үйгө барар замат колду жылуу суу менен 2 сыйра самындап жууп, мурунду туздуу суу менен чайкаӊыз.
  • Сасык тумоологон адам менен кол кармашып учурашууга, кучакташууга, өбүшүүгө болбойт!
  • Менюӊузду жашылча, жемиш менен байытыӊыз. Табигый витаминдерди – бал, лимон, өрүк как, жаӊгак жеп, аскорбин кычкылын жеӊиз.
  • Суусундукту көп ичүү зарыл. Шире, компот, ошондой эле ромашканын, ит мурундун кайнатмасына бал кошуп ичүү сунушталат.
  • Вирустар жылуу, кургак, желдетилбеген бөлмөдө, өзгөчө бөлмөнүн бурчтарында бат көбөйөт. Андыктан бөлмөнү шамалдатыӊыз, полду, эмеректерди, эшиктин кармагычтарын ным чүпүрөк менен сүртүп туруӊуз. Бөлмө температурасы 20 градустан ысык болбошу керек.
  • Бөлмөлөрдүн ар кайсы жерине аарчылган пияз, сарымсакты коюп коюӊуз. Тамак-ашка да аларды кошуӊуз. Кичине балдардын моюнуна сарымсакты жипке тизип өткөзүп, илип койсоӊуз да болот.
  • Физикалык жактан активдүү болуу менен ден соолугуӊузду чыӊдаӊыз. Мисалы, лыжа, коньки, чана, велосипед тебиӊиз, көнүгүүлөрдү жасаӊыз, жөө басыӊыз.
  • Ысыктан дароо суук жайга чыгууга болбойт жана шамалга туруудан сактаныӊыз.
  • Мезгилге жараша кийиниӊиз, бутуӊузду жылуу кармаӊыз.
  • Үйүӊүздү (өзгөчө бурчтарды) арча, адырашман менен 2-3 маал аластап туруӊуз. Алардын түтүнү менен дем алыӊыз.
  • Оорудан сактанам деп алдын ала сасык тумоонун дарысын ичүүгө болбойт! Анткени организм ал дарыга көнүп, чындап ооруганыӊызда ал дары таасир этпей калат.

Алдын ала чара көрсөӊүз да сасык тумоого чалдыксаӊыз, эч качан өз алдынча антибиотик ичпеӊиз. Алар сасык тумоонун вирусун өлтүрө албайт. Кагоцел, ремантадин, осельтамивир, арбидол, циклоферон сыяктуу вируска каршы дарылардын бирин ичиӊиз. Мурдуӊузга оксалин же лейкоферон дары майын сүйкөӊүз. Дене табын түшүрүүчү дарыны дароо ичпеӊиз. Дене табынын көтөрүлүшү организмдин вирус менен күрөшүп, ага карата берген реакциясы. Андыктан дене табы канчалык жогору болсо, сасык тумоо ошончолук бат айыгат. Чоӊдордун температурасы 38,5тен, кичинелердики 38ден ашпаса дары ичпеген оӊ. Андан жогору болсо парацетамол, ибупрофен ичиӊиз. Айыккыча жок дегенде 3 күн төшөктө жатыӊыз, бул ооруну башкаларга жуктурбоо үчүн керек. Малина кыямы менен чай ичиӊиз. Анын курамында салицил кычкылы болгондуктан дене табын түшүрүп, тердетүүчү касиетке ээ. Андыктан малина менен чай ичкенде аспирин (мунун курамында да салицил кычкылы бар) ичпеш керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Musabaeva
2016-01-25 11:47:23
Жакшы кенеш экен.Рахмаат супер инфо.Мен аракет кылып чарчадым 20кундон отуп кетти ((
0
Eli75
2016-01-25 11:59:24
Жакшы эн пайдалуу кенештер,эми ушул кенештерди иш жузундо колдонсок,ооруу-сыркоодон алыс болот элек. Баарыбызга чын ден-соолук каалайм.
+2
Karaeva
2016-01-25 22:47:51
Азыркы гриптин жотолу копко кетпей кыйнады,уколун деле алдым дарыларын баарын ичтим,жаман кыйнады ушу жотол,1айдан ашып кетти,тирилик жаткырып койбойт экен,темселеп кир жууй койосун эшикте кайра эле шырыктап баштайсын,баары эле дагы деле сенден грип кетпептир го деп калат,ии жазда кетет окшойт деп койом.
0
gitaris93
2016-01-25 23:58:52
Аллах Баарыбызга ден соолук берсин
0
insap
2016-01-26 10:30:56
Сасык тумоодон сактануунун ден соолукка карата пайдасы айтпаса да өтө зор. Андыктан, бул жазманы толугу менен түшүнүп болгучейин кайталап окуп, а түгүл толук есибизде калтыруубуз оң болгудай.
+1
Kroxa
2016-01-29 08:24:44
Узак грипп болду тамактан кычштырып баштайт экен чон киши мейлиго дары ичип пияз,чеснок жесе болот а балдага убал оорушпаса экен деп андымай...
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан