НОКОТТУ АШКАНАДА КОЛДОНУУ МЕНЕН СӨӨГҮҢҮЗДҮ БЕКЕМДЕҢИЗ

НОКОТТУН МЕКЕНИ – ОРТО АЗИЯ
Нокот (нут)
– бир жылдык буурчак өсүмдүгү. Мекени болуп Орто Азия эсептелет. Бул өсүмдүк Борбордук Азияда, Чыгыш Африкада, Европанын чыгышында, Индияда, Жер Ортолук деӊизинин аймагындагы өлкөлөрдө, ал эми Кыргызстандын түштүгүндө көп өстүрүлөт.
Нокот биздин заманга чейин эле өстүрүлүп, азык катары колдонулуп келген. Изилдөөлөргө таянсак, Грецияда 7,5 миӊ жыл мурун, Иракта коло доорунда азык жана дары катары пайдаланылганы айтылат.

ПАЙДАСЫ
Нокот буурчак сыяктуу белокко жана углеводго бай. Өз ченеми менен колдонууда организмде холестерин азаят. Курамында иммунитетти көтөрүүчү калий менен магний, сөөк ткандарын бекемдөөчү кальций менен фосфор бар. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларында профилактика үчүн колдонулат. Кандын курамындагы канттын өлчөмүн бир калыпта кармайт. Мындан сырткары арыктоого, организмди тазалоого жана минерал, витаминдер менен байытууда эӊ керектүү азык.

ЗЫЯНЫ
Нокоттон жасалган тамакты көп жегенге болбойт. Балдарга жумасына 1-2, чоӊдорго 2-3 жолу жеген жетиштүү. Болбосо ичти көптүрөт, тамак сиӊүү кыйындап ашказанга оорчулук алып келет. Бул нокоттун курамында олигосахариддин (адамдын организми эритүүгө күчү жетпеген кант) болушу менен байланыштуу. Ошондуктан аталган данды сууда көпкө чылоо өтө маанилүү. Сууда көп болгондо, биринчиден, олигосахарид сууга чыгып кетет да, дан зыянсыздалат, экинчиден, тамак тез бышат. Эреже боюнча 12 саатка чейин сууга чылап, 1,5 саат бышырыш керек.

МОНЧОК САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:
Нокот – 100 грамм
Көк пияз – 1 боо
Болгар калемпири – 1 даана
Помидор – 1 даана
Сарымсак – 3 тишче
Зайтун майы – 30 грамм
Уксус – 0,5 чай кашык
Кумшекер – 1 чай кашык
Татымына жараша туз, татымал

Даярдоо ыкмасы:
Жашылчаларды жууп-тазалап төрт чарчы, көк пиязды майда туурайбыз да, идишке салабыз. Үстүнө сууга бышырылган нокотту салып туз, уксус, татымалдарды, кумшекер, зайтун майын кошуп аралаштырабыз. Салат даяр.

НОКОТ РАФАЭЛЛОСУ

Керектелүүчү азыктар:
Нокот
– 2 стакан
Өрүк как – 2 ууч
Мейиз – 2 ууч
Бадам – 100 грамм
Бал – 4-5 аш кашык
Лимон ширеси – 2 аш кашык
Коньяк – 1 аш кашык
Какао порошогу – 100 грамм
Күнжүт – 100 грамм
Кокостун кырындысы – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:
10-12 сааттай сууда чыланып анан бышырылган нокотту, бадамды блендер менен майдалайбыз. Өрүк как менен мейизди жууп-кургатып, блендердин жардамы менен майдалап аралашмага салабыз. Лимондун ширесин, бал, коньякты да кошуп жакшылап аралаштырабыз. Даяр болгон аралашманы алаканга салып тоголоктоп, какао порошогуна, күнжүткө, кокос кырындысына оонатабыз. Таттуулар даяр. 1-2 саат муздаткычка коюп, анан жей бериӊиз.

НОКОТ КОШУЛГАН КУУРДАК

Керектелүүчү азыктар:
Эт
– 500 грамм
Нокот – 200 грамм
Пияз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Болгар калемпири (кызыл, сары) – 3 даана
Сарымсак – 4 тишче
Чили калемпири – 1 даана
Соя соусу – 2 аш кашык
Томат ширеси – 100 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Алгач нокотту сууга 10-12 саат чылап, андан соӊ кайнатып бышырып алабыз. Этти кичине бөлүктөргө бөлүп, көмөч казанга май куюп 30 мүнөттөй куурабыз. Эт куурулгуча пиязды ичке, болгар калемпирин чоӊ-чоӊ, сарымсак менен чили калемпирин майда туурап казанга салабыз. 30 мүнөт демделген соӊ соя соусун, томат ширесин кошуп, татымына жараша туз кошуп, жай отто дагы 5 мүнөт кайнатабыз. Аягында нокотту кошуп 5 мүнөт демдейбиз. Бышкан тамакты тарелкага салып, ар түрдүү көк чөптөр менен кооздоп, коногуӊузга узатыӊыз.

Палоого да нокот кошсоӊуз даамдуу болот. Сууга бышырылган нокотту күрүчтү демдээрден мурун салыӊыз. 1 килограмм күрүчкө 200 грамм нокот кошуӊуз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Sultanim
2016-01-25 11:11:40
Mmm rahmaat!
+1
jama9210
2016-01-25 14:40:02
Аябай соонун кенеш экен рахмат. Нокот Рафаеллосун жазап корушум керек. Бадам деген эмне?
+1
bagira77
2016-01-26 15:58:19
jama9210,бадам деген бадам.
+7
tina-janka
2016-01-28 14:53:10
jama9210,балам деген миндаль
+1
zoichka
2016-01-25 18:05:57
Эхх апамдын нокоттон жасаган тамагы эч эле эсимден кетпейт.аябай даамдуу.ширин.сагындым ошол кезди.азыр апам да жок эми(((
+2
s5kgbal
2016-01-26 13:04:20
нокот не ал
-5
bagira77
2016-01-26 15:58:44
s5kgbal,нокот деген нокот
+2
GULZAT.83
2016-01-26 23:48:12
коментерийде бадам не ноокот не дегендери кызык экен тообаа... бадам деген бадам, ноокот деген ноокот,
+1
Zolushka89
2016-01-28 00:40:35
Чындыгында бизде Колдо нокотту билгендер аз.ошондуктан аны кайда сатат.килосу канча турат.айтып койгулачы
+2
Bakuuuu
2016-01-28 21:04:08
Жакшы кенеш
+1
Aizat_1991
2016-01-28 22:45:51
Нокот деген фасолбу админ айтып койгулачы менин да жасагым келип жатат, алдын ала рахмат.
+1
mersedes2013
2016-01-28 22:59:17
Aizat_1991,ой нокот деген нокот эле.базардан барып сурасан кай жерде нокот сатканын айтышат.Фасоль башка нерсе таптакыр нокот башка.
+2
anyaza
2016-01-29 11:55:10
Aizat_1991,бул горох орусчасы
0
kuzya-moskva
2016-02-01 03:36:08
горох эмес {нут} орусчасы
0
anyaza
2016-01-29 11:53:31
нокот бул горох
0
bolotbai3
2016-02-11 22:30:03
Нокот бул Токон деген нокот остургон кишинин аты.Илгери нокот биринчи осуп чыкканда аты жок эле,анан Токон ака ат таппай озунун атын тескери коюп атай салган экен.
+1
GulnazzZ
2018-01-22 17:01:23
нокоттун орусчасы нут
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан