«БЕГАЛИ МОЙДУНОВДУ ТААНЫГАНДАР БАРБЫ?»
– Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Пүлгөн айылында 1967-жылы төрөлгөн Мойдунов Бегали Халиловичти издейбиз. Ал Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Ашан» дүкөнүнүн курулуш тармагында иштечү. 2009-жылы үй-бүлөсү менен байланышы үзүлүп, ошол боюнча дайынсыз. Келинчегинин айтымында, паспортунун жарактуу мөөнөтү бүткөн. Ал орус тилинде эркин сүйлөчү, аскер кызматын Орусияда өтөп, техникумду да Казань шаарында аяктаган. Үй-бүлөсү, бир туугандары күтүп жатат. Тааныган же көргөндөр болсо кабарлап коюӊуздар.
Гүлнур Абдикасым кызы.
Тел.: +79263303668, +79264014519
«АЛМАШ КУРБУМ, ОКУП КАЛСАӉ БАЙЛАНЫШ»
– 1987-1989-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы Финансы экономикалык техникумунун айыл чарбасындагы эсеп факультетинин «Б» тайпасында бирге окуган курбум Алмакан (Алмаш) Тараканованы издейм. Ал Ноокен районунан болот. Угушумча, Базар-Коргон районунун Акман айылына турмушка чыккан, ошол райондун салык кызматында иштейт. Алмаш, эгер окуп калсаӊ мага байланыш.
Курбуӊ Жылдыз.
Тел.: 0702 990 169
«ТОКТОГУЛДУК АЙЗАДА, КАЙДАСЫӉ?»
– Саламатсыздарбы? Мен 2007-2008-жылдары Бишкек шаарындагы Медициналык академияда лаборант болуп иштеп кеткен 1987-жылы туулган токтогулдук Айзада аттуу кызды издейм. Фамилиясын билбейм. Айзада, эгер мени эстесеӊ чал.
Жазгүл.
Тел.: 0777 344 684
«ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектепти бирге аяктаган досум Каныбек Байзаковду издейм. Биз мектепти 1987-жылы аяктаганбыз. Кийин ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде котормочу болуп иштеп жүрдү. Акыркы жолу 2005-жылы кабарлашканбыз, ошондон бери байланышыбыз жок. Жакында аны сыналгыдан көрүп калдым. Учурда кайсы жакта иштейт билбейм. Таанып-билгендер болсо же өзүӊ окуп калсаӊ байланыш.
Нурлан Мирзахматов.
Тел.: 0777 466 800
«ЗАМИР, МЕНИ ЭСТЕСЕӉ ЧАЛ»
– Баткен облусуна караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну, 1990-жылы 12-июлда туулган Замир аттуу жигитти издейм. Экөөбүз Бишкек шаарынан таанышып, сүйлөшүп жүрчүбүз. Анда ал «Ош базарында» иштечү. Эгер мени унутпасаӊ жолугалы.
Мээрим.
Тел.: +79232738923
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28