ДИЛ БАЯНДАР СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ КЫШКЫ КАНИКУЛДА ЭКЗОТИКАЛЫК ӨЛКӨГӨ САЯКАТТАП КЕЛИШТИ

Мектеп окуучуларынын арасында өткөн «Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» деген аталыштагы жалпы республикалык дил баяндар сынагынын жеӊүүчүлөрү кышкы каникулда Малайзия өлкөсүнө барып эс алып кайтышты.
Балдар экваторго жакын жайгашкан бул өлкөнүн кереметтерге бай табияты, жан-жаныбарлары, тарыхый-маданий жайлары менен таанышышты. Жер планетасындагы белгилүү жаныбарлардын 20 пайызы кездешкен бул жерде Кыргызстандын булуӊ-бурчунан чогулган балдар маймылдар, таш бакалар, акула, скат, медуза баштаган деӊиз жандыктары жана өлкөнүн символу катары белгилүү болгон кызыл канаттуу бүркүттөрү менен таанышышты.
Иштей баштаганына 112 жыл болгон Ыйык Жонс мектебине барып билим берүү системи, мектеп окуучулары, агай-эжейлери менен таанышышты. Бул мектеп жүз жыл карыткан тарыхы жана атактуу бүтүрүүчүлөрү менен белгилүү. Алсак, Малайзиянын учурдагы премьер-министри Наджиб Тун Разак жана бир катар губернаторлор окуган. Окуучулардын жыйынында сынакта Чүй облусу боюнча жеӊүүчү деп табылган Мари Раимбекова сөз сүйлөп, Кыргызстан тууралуу тааныштырып, малайзиялык окуучуларды Кыргызстанга конокко чакырды. Ал сөзүнүн аягында Кыргызстандан барган топтун атынан даӊазалуу бул мектепке кыргыз жергесинин кооз табияты түшүрүлгөн эмгекти белек кылды. Кубандырганы – 9-класстын окуучусу тилмеч-котормочунун жардамысыз англис тилинде баарлашты.
Жалал-Абад облусу боюнча жеӊүүчү деп табылган 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова мектепке кыргыздын улуттук кийими менен барып, Кыргызстандан ала барган белектерин окуучуларга калтырып келди. Эки өлкөнүн мектеп окуучулары бат эле тил табышып, мурдагыдай кат жазышууга даректерин эмес, социалдык тармактардагы даректерин, электрондук почталарын алышып, интернеттен «кыргыз» деген сөздү, Кыргыз Республикасын издеп таап, маалымат алып жатышты. Интернеттеги социалдык тармактар жакшы ыӊгай түзүп, эки өлкөнүн бул окуучулары саякат бүткүчө байланышып, баарлашууга жетишишти.
21-январда таӊ эрте «Манас» эл аралык аэропортуна келип түшкөн окуучулар, өнөрпоздор жана журналисттерди кубанычтан көздөрү жайнаган ата-энелер, жакындары тосуп алышты.
Жеӊүүчүлөрдүн бири Мари Раимбекова бул иш-чаранын уюштуруучусу жөнүндө «биздин муунга кайдигер карабаган ушундай адамдардын бар экендиги кубандырат» дейт.
Мындай сынакты уюштуруу демилгесин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов көтөрүп чыгып, Кыргызстандагы ийгиликтүү ММКларынын колдоосу менен иш-чараны ишке ашырды. Ал балдардын кубанычын көрүп, чоӊдордун оюна келбей турган олуттуу суроолоруна жооп берип отуруп бул иштен ырахат алганын баса белгиледи.
Жеткинчектердин эсинде түбөлүккө сактала турган бул саякат тууралуу кенен маалыматты гезитибиздин келерки санынан табасыздар.

Шайиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maks1980bishkek
2016-01-25 15:45:33
Супер Инфо жамааты сиздерге менин сунушум башка элчилерда ушул сыяактуу уюштурушун суранып корбойсуздорбу?бул балдардын келечеги учун ото маанилуу.мисалы турция элчиси,индия,кытай,ж.б.у.с
+4
gitaris93
2016-01-25 23:51:18
Жакшы ийгилик
0
belka
2016-01-27 19:30:47
Азампттар!
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан