АКЧА БЕРЕМ, ОРГАНЫӉДЫ САТАСЫӉБЫ ЖЕ АЗЫРКЫ МЫЙЗАМДЫН КҮНГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

2015-жылдын 26-ноябрында Жогорку Кеӊеш туугандык трансплантациялоого жеке клиникаларга да уруксат берүү мыйзам долбоорун кабыл алып, президентке кароого жиберген. Бул коомчулукта «өлкөдө мыйзам жакшы иштебегендигинен пайдаланып, жеке клиникалар баюуну көздөп жатышат», «эми донорго адамдарды уурдоо башталат» деген пикирлерди жаратты. Ал эми президент 19-январда жогорудагы документти кайра ЖКга жөнөттү. Себеби эмнеде? Эмесе, айтылган маселелерге жоопторду издеп көрөлү.

МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КӨТӨРҮП ЧЫККАН ГУСАРОВ ЭМНЕ МАКСАТТЫ КӨЗДӨГӨН?
Аталган мыйзам долбоорун алгач 2012-жылы «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Игорь Гусаров көтөрүп чыккан. Себебин: «Бизде бөйрөк, боор, жүрөктү алмаштырууга көп адам муктаж. Алар чет өлкөлөргө барып кымбат операция жасатып келишүүдө. Өзүм АКШда бөйрөгүмдү алмаштырып, азыр ден соолугум жакшы. Жеке клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берилбесе, Кыргызстанда трансплантация тармагы өнүкпөйт»,- деп түшүндүргөн.

ПРЕЗИДЕНТ НЕГЕ МЫЙЗАМДЫ АРТКА КАЙТАРДЫ?
Өлкө башчы медициналык мекемелер адам органдарын алмаштырууга укук алуусу үчүн катаал критерийлер орнотулуп, донорлордун макулдугун аныктоо жана текшерүүдө айкын механизмдердин иштелип чыгуусу, реципиент менен донордун операция жүргүзүлгөндөн кийин дарылануусунун кепилдигин күчөтүү керектигин, жеке клиникалар менен мамлекеттик тийиштүү органдардын жоопкерчилиги такталып, аныкталышы керектигин белгилеген. Демек, кабыл алынган мыйзамдын керектүү беренелерине ЖК өзгөртүү, оӊдоолорду киргизүүсү керек.

«ЖЕКЕ МЕКЕМЕЛЕРДИ ЭСКЕРТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРИП БАРУУГА ЖЕТИШҮҮБҮЗ КЕРЕК»
Орчундуу суроолорго саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиевден жооп алдык:
– Учурда канча жеке клиника туугандык трансплантациялоого киришүүгө даяр? «Лицензия алуу-берүүдө коррупция өнүгөт» дегенге көз карашыӊыз?
– Азырынча бири да лицензия алууга арыз бере элек. Негизи жеке клиникалар өнүксө, мамлекеттик ооруканаларга атаандаштык жаралып, трансплантация жаатында өсүү болот. «Коррупция өнүгөт» дегенге келсек, өлкөбүз чакан, анын үстүнө органдарды алмаштыруу операциялары жана ага керектүү аппарат, аспаптардын баары кымбат. Андыктан орган алмаштыруучу жеке клиникалар жайнап кетпейт. Анын үстүнө алар операция кайсы күнү, кимдин органына, кайсы адистер тарабынан жасалгандыгы боюнча отчёт берип, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана укук коргоо органдары көзөмөлдөп турат. Ушулардан улам лицензия алуу-берүүдө коррупция өнүгөт, министрлик «доляга» отурат дегенге кошулбайм.
– Көзөмөл демекчи, өлкөдө атайын бир систем жок. Мисалы, Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке клиникаларды өз алдынча текшере албайт. Ал үчүн өкмөттөн 1 же 2 ай мурун уруксат алуусу кажет. Анан 2 апта мурун «биз текшерип баратабыз» деп алдын ала эскертилет. Ушундай текшерүүнү толук кандуу текшерүү деп айтууга болобу? Анын үстүнө азыр жумушсуз, үйсүз, банктан алган насыясын төлөй албагандар көп. Демек, акча үчүн донорго айлангандар болбой койбойт. Муну кантип көзөмөлдөйсүздөр?
– Ошол текшерүү жаатындагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин ЖКга сунуштаганы турабыз. Учурунда кээ бир чиновниктер өз кызыкчылыктарын ойлоп, ошондой өзгөртүүлөрдү киргиздирип алганы анык. Министрлик каалаган учурда айттырбай барып текшере алуусу керек. Ошондо жеке мекемелер кандай шартта, кандай ыкма менен операция жасап жаткандыгы аныкталып, кокус криминалдык операция жасалып жатса, анын да бети ачылып, чара көрүлүп турмак.
Органдарды алмаштыруу жаатында жалпы көзөмөл биздин министрликке жүктөлгөн. Мыйзамдын аткарылышын укук коргоо органдары көзөмөлдөйт. Тактап айтканда,
реципиент алып барган юридикалык документ боюнча ал донорго чыныгы тууган экендиги алардын паспорту, күбөлүктөрү аркылуу алгач хирургдар тарабынан текшерилет. Эгер туугандыгы тууралуу шек жаралса, алар укук коргоо органдарына текшерип берүү боюнча кайрылышат. Адистердин жасалма документ менен операция жасашкандыгы аныкталса, кылмышы үчүн жооп беришет. Донорго алдын ала операциядан кийин татаалдашуу болуп кетүүсү, берки бир бөйрөгү кийин иштен чыкса гемодиализ аппараты менен жашап, ал тургай донор издеп калуусу мүмкүн экендиги эскертилет.
Кокус операция кандайдыр бир кемчилик менен жасалса же адам кайтыш болсо, жакындары укук коргоо органдарына арыз жаза алышат. Алар кылмыш ишин козгоп, Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссия түзүлүп, текшерилет. Укук коргоо органдары адамдарды органдары үчүн уурдоо, сатуу сыяктуу иштердин болбошун көзөмөлдөйт. Андыктан хирургдар, донорлор да криминалдык жолго бара койбойт го дейм.
– Жеке клиникалар операциялардын бааларын асмандатып жиберип, «операцияны өзүбүздө жасасак арзан болот» деген тилек жокко чыкпайбы?
– Түркияда «операцияга, дары-дармекке баалар бул өлчөмдөн ашпашы керек» деп чек коюп, көзөмөлдөп турушат. Андыктан бизде да ошондой систем иштеши кажет. Бул маселе да көтөрүлөт деп турам.
– Кыргызстанда бөйрөктөн башка органдарды алмаштыруу качан жасала баштайт?
– Трансплантациялоо үчүн керектүү аппараттар жана аспаптар алынып келип, толукталганда башталат. Адистерибиз чет өлкөлөргө барып, тажрыйба алмашып келишүүдө.
ИИМ «ЧЁРНЫЙ РЫНОК ӨНҮКПӨЙБҮ?» ДЕГЕН СУРООГО ЭМНЕ ДЕП ЖООП УЗАТАТ?
Жогорку Кеӊеште 2015-жылы жеке клиникаларга органдарды алмаштырууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору кайрадан каралганда ИИМ долбоорду колдогон. Аталган министрликтин орун басары Курсан Асанов билдирүүсүндө: «Жеке клиникаларда органдарды алмаштыруу көзөмөлү Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү. Ал эми укук коргоо органдары мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт. КРнын Кылмыш жана жаза кодексиндеги органдарды сатууга жана трансплантация жаатындагы «чёрный рынокко» каршы 114-115-беренелер бар жана бул жаатта кылмыш кылгандар ошол беренелер боюнча жазаланат»,- деп белгилеген.
Акырында «ИИМ органдарды алууда мажбурлоо фактысы катталган иштерге аралашат» деп кошумчалган.

«ЖЕКЕ КЛИНИКАЛАР АКЧАГА ДОНОР ТААП, ДОКУМЕНТ ЖАСООЛОРУ МҮМКҮН»
«Жеке клиникаларга орган алмаштырууга уруксат берүүгө каршымын» деген Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, Бүткүл дүйнөлүк трансплантологдор уюмунун мүчөсү Калдарбек Абдрамановдун оюн уктук:
– Жеке клиникаларга уруксат берүүгө каршымын. Андан көрө өкмөт мамлекетке тиешелүү медициналык 2-3 мекемени керектүү аппарат, аспаптар менен камсыз кылып, операцияларды бекер жасатып, көзөмөлдөтүп турса болмок. Жеке клиникалар жабык түрдө иштейт. Алардын үстүнөн арыз түшмөйүнчө эч ким текшере албайт. Акчага бөйрөк берем дегендерди таап келип, документ жасап, операцияларды жүргүзбөйт деп эч ким айта албайт. Акча үчүн адамды уурдап, органын саткандар болбойт дегенге да кепилдик жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлдөйбүз дегени менен майнап чыкпайт. Чет элде органды донордон башка бир жерден алышса, реципиентке донор орган башка жерден салынат. Башкача айтканда, адистер бири-биринен көз карандысыз адамдар. Биздеги клиникалар операцияларды бир эле жерде жасоону көздөшөт. Демек, криминалдык операцияга жол ачууга мүмкүнчүлүк бар.

СТАТИСТИКА

  • Өлкө боюнча бөйрөгүн алмаштыргандардын саны – 170.
  • Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 22 адамга бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасалган.
  • Гемодиализди бюджеттик негизде алгандар – 587адам, акы төлөп алгандар (1 жолкуга 6 миӊ сом) 80ге жакын, гемодиализге муктаждар – 1000дин тегереги.
  • Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдө 1 бөйрөктү алмаштыруу операциясынын баасы 417 472 сом (5566 доллар) деп баалаган. Чет өлкөдө мындай операцияга 35 миӊ доллардан өйдө керектелет.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
anykids
2016-01-25 11:20:04
Ажалын келсе мин алмаштырсанда олосун,ошондуктан олумго баш ийуу керек,жашоосун узартам деген туура эмес деп уккам мусулманчылыкта,же мен жанылыштымбы
+2
Enjoy.kg
2016-01-26 11:38:06
anykids,Туура эч кимдин башына салбасын,козомодойбуз дегендерине ишенбейм, жоголгондор азыркыга чейин табылбай жургондору бар. Баягы эле жаш балдарды,мектеп окуучуларын уурдоо башталат((((
0
Eli75
2016-01-25 12:30:57
Биздин мамлекет ушул маселеге даяр эмес деп ойлойм. Бул ото жоопкерчиликтуу иш. Эки тараптуу жакшы да,жаман да жагы бар. Жакшысы адамдын омуруно омур кошсо, жаманы - ниети кара адамдар "адам уурдоо" жана башка кылмыш иштерге барышы мумкун.
+1
korsaromega
2016-01-25 13:24:10
Мамлекеттик орууканаларда жасаса каршы эмесмин.Качанкыга чейин биз даяр эмеспиз деп журо беребиз? 35000 долларга караганда 5566 доллар бир канча аз го.Бир гана катуу козомол болуш керек. Медицина да онугот.Жаны министр келгенде коп жакшы нерселер болот деп умуттонгонмун. Тилекке каршы ооруканаларда коррупция мурдагыдан да коп болуп жатат. Больницага барсан чонтогунду эле карап турат! Анысы аз келгенсип, медицина кызматкерлеринин билим денгээли да томон.Аман эле болгула "ак халатчандар"
+2
GULZAT.83
2016-01-26 23:42:42
Калдарбек Абдраманов туура айтат мамлекеттик ооруканалар гана орган алмаштыруу гана керек жеке менчик ооруканаларга руксат жоок
+2
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан