Ширин Сарыгулова, манасчы: «МАНАСТЫ» ТОЛУК АЙТСАМ, ООРУП ЖАТЫП КАЛАМБЫ ДЕП КОРКОМ»

Сөзгө чечен, «Сармерден» берүүсүндө жигиттер менен теӊме-теӊ айтышып тарсылдап сүйлөгөн Ширин Сарыгулова деген манасчы кызыбыз бар. Сүйлөсө тилинен чаӊ чыгып, чучукка жеткен куйкум сөздөрү менен далай мырзаларды чычалаткан тыӊ манасчы айым бизге кызыктуу маек куруп берди.

Туулган жери – Суусамыр өрөөнү, Кожомкул айылы
Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 5-октябрь
Билими – А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын бүтүрүүчүсү
Хоббиси – Лыжа тебүү
Кошумча өнөрлөрү – Манасчы, дастанчы, ырчы, комузда эркин ойнойт, кол өнөрчүлүк кылат.

– Куш келипсиз, Ширин! Сизди манасчы катары тааныйбыз, бул талант сизге кимден өткөн?
– Кандайсыӊар? Мендеги чыгармачылык чымындар тай жактан өтүптүр. Таенем чоӊ кошокчу, таякем комузчу, ал эми апам айылдагы кечелердин көркүн ачкан ырчы эле. Кичинемде сыналгыдан кайсы ырчыны көрбөйүн «бул мен, бул менмин» деп колум менен сыналгынын бетин кармалап кирдетип салчу экенмин. Үйдөгүлөр «Манас» айтчы» десе, кулагымды жапыра тебетейимди баса кийип «Манас» айтып кирчүмүн. Столго чыгып плойканы микрофон кылып алып ырчы болуп кыялданган күндөрүм болгон.
Бир жолу бейтапканага жатып калдым, ошондо медайымдардын баары мени жакшы көрүп калышкан. Алар «Ширин, азыр ырдабасаӊ, могу токту (укол) сага саябыз» десе, коркконумдан ырдачу элем.
Балалыгым Суусамырдын суук тоолорунда өттү, бирок тегим Жумгалдан. Жайлоодо кымыз ичип, ышкын терип, эркек балдар менен ат чабышып жарышкан тестиер кыз элем. Ошол убакта индия кинолорунан таасирленип, аларды туурайм деп тоого чыгып тоголонуп ырдап түшчүмүн. Тоонун чокусуна чыгып бакырып ырдасам, үнүм укмуш чыгып тоодон тоого жаӊырып, айтор, керемет балалыктын доорун сүрүптүрмүн. Үйдөгү мал-жанды өзүм карачумун, суу ташып, уй саап накта айылдын жашоосуна бышып өскөн тыӊ кыз болдум. Мендеги ашып-ташкан энергияга, 3-4 жумушка жетишип иштегениме көпчүлүк таӊ кала беришет.
– «3-4 жумушта иштейм» деп калдыӊыз, өзүӊүздүн кесибиӊиз ким?
– Кесибим боюнча актрисамын, 9 жыл Чүй облустук театрында актриса болуп иштедим, азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде мугалиммин. Мындан сырткары маданий иш-чараларга такай катышам, КТРКда, Маданият үйүндө кошумча жумуштарым бар.
– Сизди калыӊ элге тааныткан «Сармерден» берүүсү болду окшойт, бул долбоорго кантип келип калгансыз?
– Мен театрда иштеп жүргөндө Кыргызстандын театр чөйрөсүндө эмгектенген мырзалар менен айымдар айтышып «Сармерденге» катышып калышты. Ошондо мен дагы бар болчумун. Ошол берүүдөн кийин мендеги сөзмөрдүктү, чечендикти берүүнүн авторлору байкап, ири оюндарына такай чакырып жүрүшөт. «Сармердендин» автору Сагын эжеге (ред. Ниязалиева) да оозумдан түшүрбөй, «менин багымды сиздин берүүӊүз ачты» деп айтып келем. Манасчылык өнөр мага Кудайдан берилген талант болбосо да, аны актрисалык кесибимдин артынан таанып-билдим, тереӊдеттим. Актриса болгондон кийин манасчы да, ырчы да, кошокчу да болгонго туура келет экен. Бирок «Манаска» өтө сүӊгүп киргенден корком, анткени айымдар үчүн аны алып жүрүү оор. Манасчы айымдардан Сейдана апаны эле билет экенмин, ал да «Семетейди» айтчу. Мен «Манастын» аялдарга тиешелүү бөлүгүн гана айтам. Анткени элдер суктанат, көз артат, эфирден кийин үйгө келгенде башым ооруп жатып калган күндөрүм болот. «Манасты» толук айтсам, тура албай ооруп жатып каламбы деп корком.
– Берүүдөн сизди дайыма көрөм, мырзаларга оӊой менен жеӊилип бербейсиз. Ал эми жашоодо кандай адамсыз?
– Жашоодо оор басырыктуу элемин. Мүнөзүм кырдаалга жараша өзгөрүлүп турат. Сабак учурунда каардуу мугалиммин, каарыма көбүнчө студенттерим кабылышат. Аларды туздап, калемпирлеп туруп шоколаддан берип коём. Ошентип жүрүп бышат, 4 жылдан кийин зыӊкыйган актёр болуп чыга келип, мага рахмат айтышат. Театрда өзүнчө кейипкерге айланам, ал эми манасчылыкта баатыр болуп чыга келем. Ар жерде ар кандаймын.
– Сиздей тарсылдаган айымга кандай мырзалар жагат болду экен?
– Учурда бойдокмун. 27 жашымда турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз 1 жыл жашап ажырашып кеттик. Ажырашкандан кийин чыгармачылыкка баш отум менен кирип кеткем. Көбү «сен отуруп алып «Манас» айтсаӊ ким алат?» дей беришет. Алар менин көшөгөдө назданып отурганымды элестете алышпаса керек. Мырзаларга окшоп зоот темирден формаларды кийип жүрсөм, алар сүрүмдөн коркуп деле жаныма келип сөз айтуудан тартынышат го. Тойлордо «Жар-жар» айтам, көйнөк кийип алып ырдайм, бирок эч ким жолобойт. Анан жигиттер менен кантип таанышам, өзүм барып сөз айтмак белем? Негизи, өзүӊ күчтүү болсоӊ, жаныӊда сөлдүрөп жүргөн эркекти каалабайсыӊ, өзүӊдөн да күчтүү, эрктүү, тайманбаган мырзаларга ыктап калат экенсиӊ. Айланамда азырынча андай мырза жок.
– Берүү учурунда абдан албууттанып, ачуулуу сүйлөйсүз. Айтыш учурунда жиниӊизге тийген жигиттер менен сахна артында чырдашкан учурлар
болду беле?
– Өткөндө КТРКга кирип келе жатсам, Майрамбек байке (ред. Осмонов) туруптур. Жанына келип «Майрамбек байке, бүгүн жанчышпай эле коёлу, ээ?» десем, «Ширин, экөөбүз сахнада талкалашабыз, кырылышабыз, бирок сахна артында кадимки достордонбуз» деди. Ичимден бүгүн берүүдө дагы эмне балакетти баштайт болду экен деп коркуп турдум. Өзү биринчи «катын алсаӊ Жумгалдан, айырмаӊ жок дунгандан» деп баштады. А мен «тулук этти таяк өлтүрөт, токтогулдуктарды саяк өлтүрөт» деп жооп бердим. Айтышып отуруп чычалашып да кеттик, айтор, сөз менен бир топко жанчыштык. Анан Майрамбек байке тура калып ызырынып «Ширин, сен бир күнү ушинтип жүрүп өлөсүӊ» деп жатпайбы. Жиним келип туталанып, сөз таппай, макал-лакаптарды айтып башка нукка буруп салган элем. Ошондо ыӊгайлуу сөз таппай калганыма өкүнөм, азыр болсо «мен өлсөм сен көмөсүӊ, менин аркамдан сен да өлөсүӊ, кара жерге чөгөсүӊ, ошондо Ширин менен эмнеге айтыштым экен деп өзүӊдү өзүӊ сөгөсүӊ» десем болмок экен. Мына эми жообумду гезиттен окуп чычалап жатып калсынчы (күлүп). Анан дагы ал байке мени «тарсылдаган тозоку» дейт, мен жооп кылып «жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот, тозоку сиздей жигиттер, Майрамбек байке, мендей тажаалдарга туш болот» деп өчүргөм. Берүүнүн алкагында мындай айтышуу, тирешүү, чычалоолор көп болот. Бирок бул сахнада гана, жашоодо достордонбуз.
– Рулда жүрөт экенсиз, мындай шайыр мүнөзүӊүз менен МАИчилерди сөз менен эле ордуна коюп салсаӊыз керек?
– Бир жылдан бери унаа айдайм, МАИчилер менен бешмин, канча жолу кармалсам дагы бир да айып пул төлөбөптүрмүн. Токтоткондо эле «эмне болду, «Манас» айтып берейинби?» десем, «жок, кечээки жаӊылмачыӊыздан айтып бериӊизчи» дешет. Көчөдөн көргөндөр «ой, энеӊ, баягы манасчы кыз го» деп караганына деле көнүп калдым. Башкысы, элдин кызымын. Мени таӊ калып, суктанып карайбы, бул менин эмгегим, жетишкендигим. Кудай ушундай күндөрдөн көбүрөөк берсин.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат, максатыӊызга жетиӊиз!

"Сармерден" берүүсү багымды ачты".

"Супер-Инфо" уюштурган "Супер футбол" оюнунда актёрлордун командасына күйөрмандык кылгам".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aksy-13
2016-01-25 09:47:37
Админ сиздерден сураныч Шириндин Манас айтканын озунчо болуп толугу менен порталга киргизиниздерсчи анан да жыл жыйынтыгы болдубу суперлер тандалдыбы мен билбей калган окшойм!
+1
admin_superstan
2016-01-25 10:21:56
Aksy-13,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Быйыл жыл жыйынтыгы болгон жок.
0
amanatym
2016-01-25 13:54:59
жашынан чон корунот экен
0
akubeku
2016-01-25 20:47:40
шириндин талантын баалайм
азамат ийгилик сендей кыздар коп болсо жакшы болмок
бирок турмушту да ала кетиш керек карындашым
+4
asad345
2016-01-28 09:46:23
Мунозу жакшы бирок аялдык назиктик, аялдык табиатты калыптандыруу керек, бул несе аял затына керек
+1
Begimkyz
2016-01-28 15:44:49
Сөзгө чечендиги жагат. Аялдык бакытыңызды табышыңызды тилейм!
+1
bela77
2016-01-29 09:27:43
Эркеееек!!!
0
gulkar
2016-01-31 03:56:09
Бул Ширин кызыбызда таланттын баары бар экен да молодец.Бирок стили озун улуу коргозуп коёт экен.
0
sapargul
2016-02-08 06:06:59
Бугунку кол телефон, компьютерлердин жайнаган кунундо кыргыздын кылымдардан очрпой келе жаткан создору, суйлоо тартиби деги койчу баары ойду кырды буйдаланып ж.т. Ширин эжедей создун торкунун таап, жемелегенди салык-сыпаа каап, макал-лакаптардан далил кылып, уйкаштыра суйлогон эжелерибиздин саны арбысын, омуру узун болсун. (Урматту Супер-Инфо Кенже Кобокованын чыгармачылык жолун кенири тааныгыбыз келет. Качан маек курганы чакырасыщдар)
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан