ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-январдан 31-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сүйүктүүсүн достору менен тааныштырам дегендер бир аз күтө туруулары керек. Себеби аны башкага тарттырып жиберүү коркунучу бар.Оюӊузду кесиптештериӊизге таӊуулап, мамилеӊизди бузуп алуудан кооптонуӊуз. Бул карьераӊызга терс таасирин тийгизет. Аптанын экинчи жарымында үй-бүлөӊүзгө көбүрөөк көӊүл бурууга туура келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үй-бүлөӊүз үчүн көнүмүш адаттарыӊыздан баш тартып, жаӊычылдыкты тандайсыз. Бейшемби акча каражаттарыӊызды иреттеп, киреше, чыгымдарыӊызды эсептөөгө ылайыктуу. Узак жолго чыгуу сунушталбайт, жол кырсыгына кабылуу коркунучу бар. Ишембиде үйүӊүздү оӊдоп-түзөө иштери менен алектенесиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Айрым маселелерде тажрыйбаӊыз жетишсиз экендигин сезишиӊиз мүмкүн. Бирок бул нерсенин жашооӊузга кесепети тийбейт. Сулуулук салондоруна баш багып, келбетиӊизге кам көрүү үчүн шарт түзүлөт. Башкаларга жагалданбай, өзүӊүз менен өзүӊүз болсоӊуз, айланаӊыздагы адамдардын урмат-сыйына татыйсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башкалардын кирешесин эсептегенден пайда таппайсыз, андан көрө өз капчыгыӊызды кампайтуунун жолун издеӊиз дешет жылдыздар. Шаршембиде соода тармагында иш баштоого сунуш түшүшү мүмкүн. Жүрөгүӊүз эмне десе ошол жолду тандаӊыз. Дем алыш күндөрү керектүү буюм сатып алып сүйүнөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта эмоцияга бай. Жакындарыӊыз менен мамилеӊизди бузуп албайын десеӊиз, бул аптада ачууга алдырбаӊыз. Өз оюӊузду башкаларга таӊуулоодо абайлаӊыз, чырга кабылууӊуз мүмкүн. Апта соӊунда эски досторуӊузга жолугуп, алар менен чер жазып, эсте каларлык көз ирмемдерди өткөрөсүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында көпчүлүктүн көӊүл чордонунда болуп, келечекте пайдасы тийчү инсандар менен таанышасыз. Апта ичи жаӊы таанышууларга бай болуп, досторду табышыӊыз ыктымал. Ден соолугуӊузга кам көрүӊүз, өнөкөт ооруларыӊыз козголушу мүмкүн. Темир тулпар сатып алууну каалагандар үчүн дагы ыӊгайлуу күндөр ушул
аптанын ичинде.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Достор менен көӊүл ачууга көп убакыт коротуп, жакындарыӊызды капа кылып алуудан абайлаӊыз. Досторду же сүйүктүүӊүздү тандоо керек болот, жакшылап ойлонуп бир чечимге келиӊиз.Бул чечимден келечегиӊиз көз каранды. Бейшембиде кошумча ийримге жазылып, билим деӊгээлиӊизди жогорулатууга шарт түзүлөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада энергияӊызды жумушка сарптоого туура келип, сизден чыдамкайлык, өжөрлүк талап кылынат. Жумуш ордуӊуздан көтөрүлүү күтүлүүдө. Ал үчүн жетекчиликтин көӊүлүнө жол табууга аракеттениӊиз. Апта аягында көксөгөн пландарыӊыз ишке ашып кубанасыз. Жакын адамыӊыз кайсы бир себептерден улам сизге болгон таарынычын
билдирет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өжөрлүгүмдүн жардамы менен максатыма жетем десеӊиз адашасыз. Андан көрө ден соолугуӊузга көӊүл буруӊуз. Сүйүктүүсү менен таарынышып жүргөндөргө элдешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Досторуӊуздун чыккынчылыгынан улам апта соӊунда айланаӊыздагы көп нерселерге көз карашыӊыз өзгөрөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сизге дайыма жардамга келчү адамдарга көнүп алганыӊызды сезип, өз алдынча, көз карандысыз жашоого умтулуп башка жумуш издөөӊүз ыктымал. Коомдук транспортто жүргөндө жеке буюмдарыӊызга абайлаӊыз, жоготуп же уурдатып жиберүү коркунучу бар. Апта аягында жаӊы таанышуулар орун алып, романтикалык кече менен аяктайт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта жан шеригиӊиздин көк беттигинен улам ортодо пикир келишпестиктер жаралат. Анын айрым кылыктарын көӊүлүӊүзгө жакын кабыл албоого аракеттениӊиз. Аптанын экинчи жарымында алыстан жагымдуу кабар угуп сүйүнөсүз. Айрым пландарыӊыз ишке ашпай маанайыӊыз чөгүшү мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумушуӊуздагы көйгөйлөрдөн улам стресске кабылышыӊыз мүмкүн. Андыктан жетекчиликтин тапшырмаларын так аткарууга болгон күчүӊүздү жумшайсыз. Чет өлкөгө командировкага чыгууга сунуш түшүшү күтүлүүдө. Өзүӊүздү шоппинг менен кубантууга абдан ылайыктуу апта. Эс алуу күндөрүӊүз үй жумуштарын жасоо менен өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан