2007-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ

ДҮЙНӨДӨ

Доңуз жылы Сатурн планетасынын таасири астында өтөт. Россиялык төлгөчүлөр Павел Глоба, Виктор Фирсов жана Борис Григорев 2007-жылы дүйнөдө төмөнкү окуялар орун алат деп болжолдошот.

САЯСАТТА...

  • Дүйнөлүк саясатта көп өзгө­рүүлөр болот. Жылдын экинчи жарымында дээрлик бардык өлкө­лөрдө куралдуу күчтөр жана ички иштер органдары боюнча жаңы реформалар кирет. Ошондой эле саясат, коом, финансы жаатындагы көптөгөн мыйзамдар жарык көрөт.
    Саясатта билим деңгээли жогору болгон аялзаттардын келиши күтүлүүдө. Алар кайсы өлкөдөн чыкпасын элдин колдоосуна ээ боло алышат.
  • Украинада граждандык согуштун башталып кетүү коркунучу келип чыгат. Куралдуу күчтөрдүн кагылышуусу болуп өтөт. Экономикалык абалы оордошот.
  • Грузияда бийликтин алмашышы жүрөт.
  • АКШга жаңы президент келет. Октябрда Жорж Бушка кол салуу болот. Аны атып кетүүлөрү мүм­күн.
  • АКШ менен Ирандын ортосунда согуштун чыгышы күтүлүүдө.
  • Сирия Израилге каршы согушка даярдануусу ыктымал.
  • Дүйнөлүк рынокто доллардын курсу төмөндөп, неф­тинин баасы кымбаттайт.

КЫРСЫКТАР, ТЕРАКТТАР...

  • АКШда, Батыш Европада 3 чоң теракттын болушу күтүлүүдө. Россияда да террористтердин курмандыктары болушу мүмкүн.
  • Түштүк Осетия менен Абхазиянын ортосундагы болуп өтө тур­ган бир нече жолку куралдуу ка­гылыш курмандыктарды алып келет.
  • Жаратылыш кырсыктарынын 12-июлда, 23-30-июлда, 3-августта, 12-сентябрда болушу күтү­лүү­дө. Суу каптоолордун болушу мүм­күн. Августта жер көчкүлөрдүн жүрүшү ыктымал. Сентябрдын башталышы жол кырсыктарына жакын. Ошондой эле сентябрда жердин сил­кинүүсү да мүмкүн. Жазында жана күздүн башында түрдүү себептерден улам жарылуулардын, өрт­төрдүн болушу күтүлүүдө.
  • Батыш Европада жай абдан ысык болуп, көптөгөн адамдардын өлүмүнө себепчи болот.

КЫРГЫЗСТАНДА

Доңуз жылында өлкөбүздө өкүм сүрүүчү окуялар тууралуу А.Мурзалиева менен М.Жетишикова төмөндөгү­лөрдү айтып беришти.

САЯСАТ

  • Саясий аренага өздөрүнүн артынан көптөгөн элди ээрчитип, максатына жетүүгө жөндөмдүү чыныгы лидерлер чыгат. Жазында жа­на күзүндө жаштардын кыймылы митингдерди уюштурушат.
  • Саясатта 5тен ашык көрү­нүк­түү адамдын өмүрүнө коркунуч туулат.
  • Ф. Куловдун артынан куугунтуктун болушу ыктымал.
  • Бийлик менен эл ортодогу митинг, чатактардан тажашып, бир пикирге келишет.

ДЕНСООЛУК

Бул жаатта башкы орунга жүрөк, кан тамыр системасынын, ичеги, сөөк жана омуртка оорулары жана уулануулар чыгат. Жазында жана жайдын акырында көз оорулары көп адамдарды өз кучагына тартат.

МЫНДАН ТЫШКАРЫ...

Билим жаатында өсүүлөрдүн болушу күтүлүүдө. Сергек жашоо образы популярдуулукка ээ болот. Искусство жаатында таланттар суурулуп чыгат. Нефть, темир кендери ачылат. Бир-эки завод ишке кириши мүмкүн.

АБА ЫРАЙЫ...

Кыш катуу болбой, жаз убагында келет. Жай кургакчылык тартуулабайт. Дыйкандардын мээнети акталат.

ТҮШҮМ

Дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болбойт. Буга аба-ырайы таасирин тийгизет. Себеби, ным, жаан-чачын көп болот. Бирок, чөп менен жер-жемиштер жакшы өсөт.

КЫРСЫКТАР, ЧЫР-ЧАТАКТАР...

  • Март, апрель, сентябрь, октябрь айларында түндүк тарапта майда жер титирөө­лөрдүн болуусу күтү­лүүдө.
  • Жаз жаанчыл болуп, түштүк жергесинде жана Нарында селдин жүрүшү күтү­лөт.
  • Диний уюмдар арасында июнда, августта майда чыр-чатактар чыгат.
  • Марттын аягы менен апрелдин башында, августтун аягы менен сентябрдын башталышында аскер тармагында чукул бурулуштардын болушу мүмкүн.
  • Чегара жаатындагы чырдуу маселелердин аягына доңуз жылында чекит коюлбаса, дагы 7 жылга созулуп кетет.

АЙДЫН ЖАНА КҮНДҮН ТУТУЛУУЛАРЫ

  • 4-мартта жана 28-мартта Ай тутулат.
  • 19-мартта жана 11-сентябрда Күн тутулат.
Аталган даталардын тегерегинде жер-жерлерде жер көчкүлөр, суу ташкындары болуп өтөт. Бирок, орчундуу болбойт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан