«Таалай элеси» тобунун ырчысы ТОТОМИДИН ЖОЛДОШЕВ «Кыз куумай», ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ «Күн батканын койсочу» аттуу жаӊы ырларды жаздырышты.
МЭЭРИМ КАРЫПОВА «Бешик эне», КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА «Ош шаарым» деген ырларына клип тарттырышууда.
АЙПЕРИ КУЛБАЕВА «Сага гана» аттуу ыр жаздырып, жазында болчу концертине даярданууда.
Акын ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ экинчи даражадагы «Манас» ордени, ал эми режиссёр САДЫК ШЕР-НИЯЗ «Даӊк» медалы менен президент тарабынан сыйланышты.
Кыл кыякчы ЗАЛИНА КАСЫМОВА жеткинчектерге комуз, кыл кыяктан сабак бере баштады.
Актёр АДИЛЕТ УСУБАЛИЕВ карьерасын улантуу үчүн Кыргыз улуттук консерваториясындагы окуусун токтотуп, АРСЕН ӨМҮРАЛИЕВ атындагы Бишкек шаардык драма театрына жумушка орношту.
Актёр КАМЧЫ САРЫБАЕВ үй-бүлөсү менен Дубайга эс алууга барууга камынууда.
«ЭлFM» элдик радиосу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан «Элдик таланттарды» издейт. Сиз комузда, аккордеондо же гитарада мыкты ойноп, кубулжута ырдай аласызбы? Анда «ЭлFM» менен байланышыӊыз! Байланыш телефону: 03222 2 74 81
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Inna_91
2016-01-25 12:40:09
Адилет Усубалиев сени коргубуз келет телевизордон чык
+1
Makain
2016-01-25 15:56:22
Шайлообек байке сыйлыкыныз кут болсун
0
Svoboda83
2016-01-25 21:25:06
Азия Микс вперёд!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.