КАЙРАТ АЛЫП БАРУУЧУ БОЛОТ

2015-жылы Кайрат Примбердиевдин ити чөп жеп, ташы өргө кулагандай эле болду. Орусиянын Россия-1 телеканалындагы «Главная сцена» сынагына катышып, калыстардын жылуу сөзүн угуп, суперфиналга чейин жетти. Кайраттын талантына кызыккан калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык ырчы Елена Ваенга аны жеке концертине катышууга чакырганы маалым. Ырчы мырза 28-январда Санкт-Петербургда өтчү Ваенганын концертине барууга даярданып жатканын билдирди. Кечеде Кайрат ырчынын тамшанып уккан «Я любил одну милую» аттуу чыгарманы аткармакчы. «Ал жактан кайтып келгенден кийин телеканалдардын биринде алып баруучу болом» деген ырчы буларды кошумчалады. «Кайсы телеканал экенин айтпай турайын. Шоу берүүгө алып баруучу болуумду суранышууда. Бул берүүнүн өзгөчөлүгү – алып баруучу да болуп, өзүм дагы ырдай берет экенмин».

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Inna_91
2016-01-25 12:34:07
Ийгилик Кайрат
+2
Pandora
2016-01-25 13:19:07
Ийгили!!! Ак жол!!!
+3
feruza86
2016-01-25 15:53:12
Бечара буга чейин эчким бул инсанды баалабады эми ийгиликтерге жетишкенде адам катарына кошуп калышты адамдардын ушунчалык узу жок экен эми Кайрат иним сен да ак караны болуп мамиле кылсан жакшы болот эле.
+4
aikokul14
2016-01-25 18:08:27
feruza86,кыргызча жузу болот,узу эмес.Узу деген озбекче соз.
+2
kanykey125
2016-01-25 16:20:47
Ийгилик каалайм
+1
Aza.08.03.05
2016-01-25 16:50:13
Ийгилик каалайм!
+1
aikokul14
2016-01-25 18:07:11
Тагдыр ташын ойдолой берсин.
+3
Nurdaulet
2016-01-26 00:18:12
кайрат молодец!ийгилик бул 1% талант жана 99% эмгек дегендей ошол тырышып эмгек кылганын учун ушундай ийгилике жетип отурасын
+5
dreambig
2016-01-26 07:11:27
Азаматсыз Кайрат! Мындан ары да ийгиликтерди багынта бериниз!
P.S. Таланты жок, ырдай албайт дегендердин оозун жабып эле койдунуз! Ушунунуздан жазбаныз!
+2
Sagidko88
2016-01-26 08:43:42
Азамат
0
sultan.kg
2016-01-26 19:50:53
Жалан гана АЛГА Кайрат байке!!!!!
+1
kadam
2016-01-27 18:08:19
Кайрат репертуарындагы чыгыш жыттанган ырлардан оолак болуп, үнүнүн ажарын аччу ырларды таап изденсе болоор эле. Себеби, орус ырлары Кайраттын вокалдык дараметинин тембринин күчтүү, диапазонунун кенен экендигин көрсөттү. Ал ырдаган кыргызча ырлардан биз аны байкаган эмеспиз. Классикага айланган кыргызча ырларга кайрылып көрсөң деп сунуштайт элем.Жаңы жылдык кечелерде ырдаган ырын угуучуларды канааттандырган жок.Кыргыз жыттанган ыр сени ачат.
+2
nur007mir009kg
2016-01-28 23:45:03
Бул жигиттин "апам учун"-деген ыры жагат тажабай кайра кайра уга берем.
0
elisa86
2016-01-29 13:47:18
Kairat molodes talantyn tashkyndai bersin. Ayalyn dagy seni jakwy Koldoit eken azamat. Uibuloluk bakyt kaalaim silerge.
0
dubai
2016-01-30 03:23:35
админ,бул ырчы тууралуу маалымат барбы?
0
dubai
2016-02-01 00:17:08
ырчы тууралуу макала же маектин шилтемесин сурасам бербей койдунуз ээ админ)
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан