КУДАЙБЕРГЕН КУТУЕВ КАЙДА ЖҮРӨТ?

«Эсиӊдеби?», «Сүйүү балы», «Туулган күн» деген шаӊдуу ырларга отуруштарда агаларыбыз бийдин сазайын беришчү. Акыркы убакта бул чыгармаларды ийине жеткире аткарган Кудайберген Кутуевдин дайыны чыкпай кетти. «Ырчынын кайда, эмне кылып жүргөнүн билип бергилечи» деп суранган окурмандарыбыз арбын. Айрымдар аны «кургак учук менен ооруп жүргөн» деп айтып жүрүшөт. Ырчынын айылдаш инисинин айтымында, ал бир нече жыл мурун Бишкектеги кафелердин биринде ырдап жүргөн. Ал ырчынын жубайы менен ажырашып, эки баласын өзү жалгыз чоӊойтуп жатканын кошумчалады. Кудайберген Кутуев бизге акыркы жолу «көрө албагандар жашоомо кара так түшүрдү» деп маек курган эле. Дайынын билгизбей жүргөнүнө караганда ырчылыктан көӊүлү калып, чыгармачылыгын
токтоткон өӊдүү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
tomas.kg
2016-01-25 12:15:16
Таланттуу ырчы эле. Көрө албастар жөн турганда, дагы көптөгөн шаңдуу ырлардын автору болмок экен!
+1
aku
2016-01-25 13:15:43
Аны силер эмес туугандары да билбейт кайда экенин,аталаш тууган болуп кетебиз,жди меняга бериш керек.
+2
Pandora
2016-01-25 13:17:36
Мен окуучу кезде "Туулган кун"-ыры жанырат эле,ушул кунго чейин радиодон куттуктоолордун суранычы бойунча жанырып келет.Туулган тууралуу бир нече ырчылар ырдасада бул агайдыкы озгочо
+2
Gundula
2016-01-25 16:27:56
Бирок журналистер силерден ото сураныч ушундай талантуу инсандарды издеп естеп маек алыныздар кийин кеч болуп калат да негизи кыргыздар ушундайбыз да козу откондо естейбиз
0
zara-919
2016-01-25 16:34:07
урматтуу админ ошо "Туулган кун" - деген ырын жуктоп койгулачы сураныч... байкуш кайда кетти болду экен.
0
Chupakabra
2016-01-25 17:33:18
zara-919,
http://www.super.kg/media/useraudio/62164/
ушул ссылка менен кирсен ыры бар
0
tabyshmak
2016-01-25 17:11:26
Ооба, аябай жакшы ырдачу. "Айзада" деген ырынын обонуна салып, учурда бир кыз "Жаным балам" деп ырдап журот. Ошончолук мээнет менен ырдын созун жазгандан сон, ага жаны эле обон жаратса болмок. Ал эми Кутуев агабыз мурда берген бир маегинде адашпасам бир тууган кыздардын арасында жалгыз болгондуктан атын "Кудайберген" деп коюшканын айткан эле. Анда мен кичинекей болчумун. Бул ага азыр да кайра ырдап, сахнага чыкса куйормандары колдойт болуш керек деген ойдомун.
+2
altynaiB
2016-01-26 02:14:04
Кудайберген деп атын бекеринен койбогон экен да. Кудай берген кайталангыс талант ээси. Аман болсун кайда болсо да бир кун кайра кайтаар сахнага.
+1
jigit.paren
2016-01-27 16:43:12
Ошол Айзада деген ырын жүктөп койсоңуздар жакшы болмок. Негизиэле Кутуев ырдаган ырларлы медиа порталга тизмеге кошуп жүктөп койсоңуздар жакшы болмок. А так бир ыры менен эле чыккан ырчыларды тизмеге кошуп жүктөйсүңөр го.
0
kadam
2016-01-27 18:14:32
Өзүнөн көрсүн. Эки ыр ырдап,"жылдыз" ооруга чалдыгып,автору менмин деп көкүрөгүн өргө чапкан.Изденген табат-дейт. бул балада чыгармачылык жигер,изденүү жок. Ырчылык өмүрүндө, эки жолу талпынып кыйратам деп концерт берди. Репертуары баягы элеэски ырлары боюнча калган.Адам күн санап өсөт, публика өзу эле иргеп койду да.Катаны өзүнөн издесе болмок,ар кимди күнөөлөбөй.
0
jigit.paren
2016-01-27 19:03:13
Адамдык сапатын билбейт экенмин бирок алтын үндүү ырчы болчу эхх кандай гана талант эле
0
Kroxa
2016-01-28 22:30:54
Эсиндеби?деген ырын Бек борбиев да ырдайт го менимче ....
0
tursunbaev2004
2016-01-29 00:38:54
Kroxa,ал Бектин ыры
0
Jyrgal_msk
2016-01-29 17:54:35
Мен да"Айзада"деген ырын издеп журом.Тапкандар айтып койгулачы.
0
aichurok5
2016-01-30 01:01:10
Урматтуу админ Идирис Айтбаевден да бир кабар алгылачы ото сонун маек куруп берерине шегим жок. Кутуп к алам. ....
0
admin_superstan
2016-02-01 10:08:41
aichurok5,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
alina1983
2016-01-30 12:50:30
Убагында жаны ырдап чыкканда баарыбыз суйуп угуп, бийлечи элек
0
gulkar
2016-01-31 03:53:58
Убагында ырлары хит эле болчу.
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан