Кыргызстандан чет өлкөгө узак убакытка жылына 50 миӊден ашуун адам кетет.
Токтогул ГЭСинде декабрь айында иштен чыккан 2 агрегаттын бири иштеп баштады. Экинчисинин оӊдоо иштерине 2 айдай убакыт кетери айтылган.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, өлкөдө 3 миӊ адам химиотерапияга муктаж жана ал дарылоонун бир курсу миӊ доллар турат.
Бишкек мэриясы сыйымдуулугу 100-105 жүргүнчүдөн турган 50дөй жаӊы троллейбус сатып алат. Учурда борбордо 149 троллейбус каттайт.
АКШнын сенаты Кыргызстанды коркунучтуу өлкөлөрдүн катарына киргизүү сунушун четке какты.
Жаӊы түзүлгөн улуттук энергетикалык холдингге Айбек Калиев жетекчи болуп дайындалды. Ал буга чейин экономика министринин энергетика боюнча орун басары болуп иштеп келген.
2015-жылдын ичинде Бишкек шаарында катталган жол кырсыктарында 111 киши, анын ичинде 7 жаш бала көз жумган.
Аскар Бешимов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Тышкы иштер министринин орун басарлык кызматында иштеп келген.
Жогорку Кеӊештин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, KG сериясындагы бардык 121 унаа номерлери алынып, андан ары жок кылуу үчүн тиешелүү бөлүмгө өткөрүлүп берилди.
2015-жылы жол эрежесин бузган айдоочулар 405 миллион сом айып пул төлөшкөн.
Кыргызстанда 18 жаштан улуу адамдардын 6 миӊ 593ү жана 447 жаш бала ашыкча семирип кетүүдөн жабыркап келишет.
Баткен облусундагы 19 айылда телефон байланышы жок.
Кыргызстан Интерполго 160 миӊ евро карыз. Аталган уюмга мүчөлүк акы үчүн 15 миӊ евродон жылына төлөнүшү шарт. Кыргызстандын карызы 2002-жылдан бери чогулган.
Ошто «9 жаштагы баланы зордуктаган» деп айыпталган медресенин мугалими психикалык жактан жабыркабагандыгы аныкталып, 15 жылга эркинен ажыратылды.
«Ислам мамлекети» террордук тобунун лидерлеринин арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Кыргызстандын муфтияты жана башка компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан аттестациядан өткөн 2,5 миӊ имамдын 800ү гана өз кызматына туура келери белгилүү болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.