КАМСЫЗДАНДЫРУУ ИШКЕ АШПАЙБЫ?

Автоунаа жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын артка кайтаруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирүүдө. Ал «азыркы учурда автоунааларды камсыздандырууда жеке менчик камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыктарын коргогон гана кадамдар жасалууда» деген пикирде. Буга катар ал камсыздандыруу тартиби кирген учурда да жарандарга аны колдонууга же колдонбой коюуга эркиндик бериш керек деген ойдо. «Мажбурлоо Конституцияга туура келбейт. Жарандар ансыз да каражатын айдан-айга араӊ жеткиришет»,- деди. Эл өкүлү Чолпон Жакупова болсо камсыздандыруу боюнча мыйзамдын аткарылышында бир катар түшүнбөстүктөр болорун билдирүүдө. Анын себеби катары депутат мыйзамда күчү 6 баллдан кем болбогон зилзала орун алса гана андагы доо кеткен үйлөр компенсация алат деп жазылгандыгын белгиледи.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sayragul
2016-01-25 14:16:03
Мен таптакыр караманча каршымын. Себеби, камсыздандыруу мамлекеттик болбосо, ким кепилдик берет ал жеке менчик мекемеге. Анан дагы милдеттуу турдо камсыздандыруу болбойт, ал адамдын оз ыктыяры болуусу зарыл. Болбогон нерсе, дагы эле болсо элдин устунон кайыш тилуу болуп калат. Суйлошо келсек, копчулук элдин ою, каршы экендерин айтышат.
+1
Talantbek80
2016-01-25 17:55:49
Камсыздандырууга каршымын элдин акчасын алат да качып же банкрот болдук деп жок болот кайра эч ким жооп бербейт камсыздандырганды коюп элдин турмушун ойлосо
+1
erlan110587
2016-01-25 22:04:51
Камсыздандыруу бул эн туура деп ойлойм. Себеби азыр бизде жол кырсыгына учурасан андай 2 минден канчалаган акчалар кетет. Эгер Россиянын законундай болу

п иштесе камсыздандыруу баарыбызга эле женилдик болот оздору айткандай 500минге чейинки чыгымды толоп беришсе.
-2
mts0001
2016-01-25 22:55:40
биз азыр Кыргызстандабыз бир тууганым .
+1
Niyazbek Torobekov
2016-01-26 01:03:23
Элге толук маалымат атайылап берилбей жатат азыр.Булардын ою эптеп бул мыйзамды кабыл алып жиберуу тез арада.
Мисалы:- Кырсык болгон жерде автоунаа канчалык жараксыз болуш керек ошол 150000 сом болунуш учун?
Адам коз жумса 200000 сом
Травма алса дагы 200000 сом болуп берет экен .Адамдын омурун ошончолук арзан баалаганы жакшы ой жаратпайт!
0
Niyazbek Torobekov
2016-01-26 01:11:51
Анан дагы жыл сайын кымбаттайт экен ОСАГО бирок болунуп берилчу компенсация ошол бойдон калат экен.
Кырсык болгон жердеги айыптуу тарап кийинки жылы алчу ОСАГО дагы бир топ кымбат болот экен.
Мен каршы эмесмин камсыздандырууга бирок бул мыйзам элге иштеп беришине козум жетпейт.Коррупция кучойт 100% дагы
-1
Zein
2016-01-26 22:20:26
Жарандардын деле пикирин угуп койгула да. Каалаганынарды эле кылып атасынар. Силерди эл шайлаган элди ойлогула да!!!
+1
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан