АК ИЛБИРСТИ АТКАН ЖАРАН 500 МИӉ СОМ МЕНЕН КУТУЛАТ

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүндө илбирсти аткан жаран колго түштү. Райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Аскарбек Каралаев аттуу жаран илбирсти атып өлтүрүп келе жатканда кармалган. «Атайын түзүлгөн үч мобилдик топтун бири 16-январда Сырт өрөөнүнөн кызыл түстөгү Ниваны токтотуп, ичинен атылган илбирсти жана аӊчылык куралды тапкан. Илбирсти аткан жаран жасаган ишин толугу менен моюнуна алып, ага карата кылмыш иши козголду»,- деди маалымат кызматынын өкүлү. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, ага 500 миӊ сом айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Аскарбек Каралаев 2010-жылдан бери Теплоключенко айылынын Жайыт колдонуучулар бирикмесинин башчысы болуп иштеп келген. Кыргызстанда соӊку маалыматтарга ылайык, 300-350дөй ак илбирс калган.
Ал арада Жогорку Кеӊештин депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев 2030-жылга чейин аӊчылык кылууга мораторий киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Бирок, карышкыр, чөө, түлкүлөрдү атууга болот.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
azema9
2016-01-30 14:02:03
ошол 500000 менен илбирсти тирилтсе болобу катуу чара колдонуш керек
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан