Президент Алмазбек Атамбаев 19-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды. Жолугушууда президентке мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү, сапатын жогорулатуу чаралары, калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоонун экинчи баскычынын негизги багыттары, жарандарды алдыӊкы маалымат технологиясын пайдалануу менен тейлөөнү уюштуруу боюнча мекеменин пландары тууралуу маалымат берилди. Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун уланышы, биометрикалык паспортторду киргизүү аракеттери жөнүндө айтып берди. Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун заманбап технологияларын киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылууга жана алар көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга, коррупцияны жоюуга жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш экенин белгиледи.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.